18+
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан

Бесплатный фрагмент - Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан

Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Объем: 516 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

1-Бөлүк.
Мамлекеттигибизди кайра жараткандар

Күтүлбөгөн улуу шанс

Ретрореспективалык саресеп

Мында темага киришүүдөн мурда элибиздин көөнө тарыхына бир аз чегинүү жасап, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүүсүнүн алдын­да­гы аймактагы геосаясый, социалдык жана демографиялык жагдайларга саре­сеп сала кетүү керек деп ойлойбуз. Андан кабардар болмоюнча 1921-1925-жылдардагы саясый абалды, моралдык, психологиялык кыр­даал­ды түшү­нүү кыйын.

Кыргыздар өзүнүн 30 кылымга жакын көөнө тарыхында бир нече ирет өз алдынча мамлекет түзүп, толук көз карандысыздыкка ээ болушса, көбүнчө башка мамлекеттик түзүмдөрдүн курамында болуп келишкен. Акыркы убак­тарда Кытайдын архивдеринен кыргыздар жөнүндө Сыма Сяндын жаз­ма­ларынан 7—8 кылым мур­дагы материалдар табылганы жөнүндө маа­лым­далууда, бирок алар жарыяланып, элдин энчисине айланып, коомдук аң сези­ми­бизге кире элек. Мында колдогуларга гана таянып айтсак, кыргыз­дар ба­йыркы мезгилдерден Улуу Октябрь революциясына чейин төрт жолу мам­ле­кеттигин, анын ичинде 840-924-жылдарда Улуу кыргыз державасын тү­зүшкөн. Көкүм бий менен Эшим хан (ХV11 кылым­дын башында), Сибир­де­ги кыргыздардан Көчүбей бек (ХV11 кылымдын 30-жылдарынын аягы), Эре­нек Ишей уулу (ХV11 кылымдын 60-80-жылдары), Ала-Тоолук кыргыз­дар­дан Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка (1:46—64 бб.) ж. б. дагы бир катар бийлер, баатырлар, даткалар башкарган аймактарда да мамле­кеттиктин айрым белгилери болгон менен аларды классикалык формадагы мамлекет катары эсептегенге болбойт. Калган мезгилдерде кыргыздар Даван, Усун, Жужань, Караханид, Монгол, Чагатай, Хайду, Моголистан, Кокон ж. б. мамлекеттеринин курамында болушкан.

Гунндар, усундар түрк тилдүүлөрдөн болгону тарыхта такталган. Чын­гыз хандын жоокерлеринин басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүүлөр түзгөн, демек, алардын арасында кыргыздар да болгон. Караханид, Чагатай, Хай­ду, Моголистан мамлекеттеринин калктарынын сезилерлик бөлүгүн кыргыз­дар түзгөн. Захреддин Бабурдун жекече турмушунда, аскердик иштеринде кыргыздар чоң роль ойногонун ал өзүнүн негизги китебинде бир нече жолу белгилеген (2:86, 91, 131 ж. б.). Ал Ош, Аксыкенти шаарларын, алардын айланасындагы жаратылыш байлыктарын, өзүнө чоң жардам берген Ибраим Саруу, Акмат Кушчу, азыркы Кербендеги Кадырберди, Камбаралы, Сейит Жусуп улакчы деген кыргыздарды, комузду жылуу маанайда эскерген.

Бирок, саясый, укуктук жана территориялык, мурастык түз байланыш болбогондуктан алардын баары биз үчүн практикалык маанисин жоготуп, абстракцияланган түшүнүккө айланып, үзүлмө-кесилме тарыхтын энчисинде калды. Биздин азыркы мамлекеттигибиздин башаты, идеялары биздин заман­­га чейинки мезгилдерде башталган менен анын жаңыча тарыхый шарттарда жаңы формага ээ болуп, жаңы мазмунда өнүгө баштоосуна Улуу Октябрь социалисттик революциясы жол ачты. Советтик мезгилде Улуу Октябрь революциясы, анын жол башчысы Ленин аткан таңга, күнгө, нурга ж. б. теңелип айтылып, ырдалып, жазылып, тартылып, сыпатталып келди. Бул жагынан бири-биринен озуп, баркталып даңкталуу үчүн акындар, жазуу­чулар, жалпы эле жазмакерлер, тартмакерлер, айтмакерлер, саясат­чылар, илим­поздор ж. б. кандай гана жарышпады! Биз үчүн азыр алар тарых­ка айланган менен андай сыпаттап сүрөттөөлөр кеңири алкактан жана тарыхый ретрореспективадан, ошол мезгилдин тутумунан алганда көп жагынан чын­дык­ка жакын болгонун моюнга алуу керек.

Биринчиден, кыргыздар 1916-жылдагы геноцидден кийин 25—30 пайыз­га азайса, экинчи жагынан алганда, ал убакта падышалык Россиянын ассими­ляциялык саяса­тынан улам этнос катары жок болуп кетүү стадиясына жакындап бараткан. Кыргыздар аймактык-административдик, маданий, тил­дик жактан бирик­пей, бири-бирине баш ийбеген, башка этностордун өкүл­дөрү сандык, мада­ний жактан үстөмдүк кылган облустарда кала берсе, сөз­сүз кыпчак, төөлөс, коңурат, найман сыяктуу ж. б. элдерге окшоп, ассими­ляцияланып жок болмок.

Тарыхый булактардан кыргыздардын Х1Х кылымдын аягынан тартып (ага чейин статмаалыматтар болгон эмес) азая баштаганы байкалат. Алсак, ХХ кылымдын башталышындагы айрым булак­тарда кыргыздардын саны 1, 4 миллионго жакын деп айтылса, 1913-жылы 900 миңдей деп көрсөтүлөт. Ал эми Октябрь револю­ция­сынын алгачкы жылдарында Түркстан АССРинде 809524 кара кыргыз жашаганы, ал аймактын жалпы калкынын 13, 5 пайызын түз­гөнү келтирилет. Бирок, жогоруда айтылгандай, алардын мамлекеттиги түгүл бирдиктүү вертикалдык саясый админи­стративдик жана маданий түзү­мү болгон эмес. Кыргыздар ком­пактуу жашаган Кожент уездине кирген айыл-кыштактар- Самарканд облусуна, Ташкент уездиндегилер — Сыр-Дарыя облу­суна, Ош, Анжиан, Кокон, Наманган, Фергана уезддериндеги жана Памир районундагы кыргыздар- Фергана облусуна, Пишпек, Каракол, Нарын уездиндегилер — Жети-Суу облусуна караган (3:119). Ар кандай аймактарда жашаган кыргыздардын ортосунда туруктуу горизонталдык да байланыш болбогондуктан тилдеринде, маданиятында, каада-салттарында жана ырым жырымдарында ажырымдар тереңдеп, башка этностордон киргендер, оош­кон­­дор, ошол эле мезгилде кошуна өзбектерге, тажиктерге, казактарга сиңиш­­кендер барган сайын көбөйүп, кыргыз этносундагылар бири-биринен алыс­тап, азайып баратышкан. Ал тилдик жактан кыргыз этносуна сези­лерлик терс таасирин тийгизбеген менен (диалектилер баардык этностордун тилдеринде бар) менталитеттик, каада салттык жактан жикте­нүүлөрдү жара­тып, ал барган сайын тереңдей берген. Тарыхчы Ж. Жунуша­лиев туура бел­ги­легендей, ошондон улам Кыргызстандын түштүгүнүн айрым аймактарындагы кыргыздар «чала сарт», түндүгүнүн айрым айылда­рындагылар «чала казак» деп атала баштаган (24:350). Ага бир мисал, советтик мезгилде Наманган облусунун Жаңы-Коргон райо­нунун Аксы району менен чектешкен Нанай айылдык кеңешинде Чала-Сарт деген айыл бар болчу. Ал жердеги кыргыздардын баары өзбекче чалып сүйлөшкөндуктөн ошен­тип атала турган.

Кайра куруу башталганга чейин Ош, Баткен облустарынын чектеш айылдарында жашагандардын айрым эркектери өзбек топу, чепкен кийишсе, аялдарынын кийимдери Анжиан менен Ферганада жашагандардан айры­маланбай тургандыгын көрүп эле жүрдүк. Азыр Өзбекстанда жашаган кыргыз­дардын менталитети жана каада-салттары Кыргызстанда жашагандарга салыштырганда кескин өзгөчөлөнүп турат. Бир республикада жашап жатка­ныбызга бир кылым болгон менен андай менталдык айрымачылыктар респуб­ли­кабыздын түштүгү менен түндүгүнүн ортосунда гана эмес, Баткен, Ош облустарында жашагандар менен Жалал-Абад облусунун тоолуу район­дорунун, Таластыктар менен Ысык-Көлдүктөрдүн ортолорунда азыр деле бар. Ал республикабыздын ар аймактарында жаша­ган­дардын өз ара түшүнүшүнө, куда-сөөктүк, жоро-жол­доштук мамилелерине, карым катнаштарына белги­лүү деңгээлде азыр деле терс тийгизип, психологиялык, саясый, маданий жана каада-салттык жактардан дискомфорттук кыр­даалдарды жарата коюп жатканы эч кимге жашыруун эмес.

Жаңы түзүлгөн же көп кылымдардан кийин мамлекеттиги кайра калыбына келтирилген элдердин баардыгында эле алгач андай көрүнүштөр болот, адатта аны узакка созулган ички миграциялык, интеграциялык процес­стер, мамлекеттин маданий, тилдик күчтүү саясаты гана биротоло бир калып­ка салат. Биз үчүн андай бириндеп, ар элге сиңип бараткан кыр­гыздарды бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирип, иденттүү­лүгүн ошол мезгилдеги шартка жараша бекемдеп, жаңы саясый, маданий реалийлердин тутумунда өнүгүүсүнө жол ачкан Улуу Октябрь революциясы, андан кийин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү болгону талашсыз. Падыша­лык Россиянын жетекчилеринде Түркстанды эко­номи­калык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүп, элине заманбап билим берүү планы болгон эмес. Аны Түркстандын акыркы генерал-губернатору А. Н. Куропаткин: «50 лет мы держали туземцев в стороне от развития, в стороне от школы и русской жизни» (13:162) деп мойнуна алган.

В. И. Ленин падышалык Россиянын аймагында, анын ичинде Борбор­дук Азияда кандай элдер жашаганын толук билгенин ырастаган ынанымдуу фактылар жок. Бирок, ал Улуу Октябрь Революциясы ишке ашары менен пады­шалык Россиянын аймагында жашаган этностордун баарын велико­росстук шовинизмдин чеңгелинен чыгарып, өз алдынчалыкка ээ кылып, өз тил­­дерин, маданияттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү максат кылга­нын фактылар ырастайт. Анын максаты: чоң этносторго-республикаларды, андан чакандарына-автономияларды, сандык жактан өтө эле аздарына- коммуналарды түзүүгө мүмкүндүк берүү болгон. Ал географиялык шарттары бар республикаларга, авто­номияларга Союздан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгып кетүү укугуна чейин берүүнү чын дилинен жактаса, анын айрым шакирттери (Каменев) бөлүнүп чыгып кетүү укугу формалдуу түрдө гана болушу керек, республика, автономия деген түшүнүктөрдү саясый жактан эмес, маданий, тилдик өңүттөрдөн гана кароо керек деген позиция­ны тутунушкан. Убагында РКП (б) БКнын Генералдык катчысы, совет Өкмөтүнүн улуттардын иштери боюнча эл комиссары И. Сталин майда этнос­тордун өз алдынчалыктары боюнча «маданий-улуттук автономия» деген түшүнүктү сунуш кылган, бирок В. И. Лениндин каршылыгынан улам андан баш тартууга аргасыз болгон. Буларга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында В. И. Лениндин СССРди түзүү алдындагы улуттук маселелер боюнча принцип­те­рине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Анын биринчи принциби: жаңыдан түзүлгөн республикалардын Союздан биротоло бөлүнүп чыгып кетүүгө чейин реалдуу укугу болушу керек. Экинчиси, башка элдерди великоросстук шовинизмден коргоо зарыл. «При таких условиях очень естественно, что „сво­бода выхода из союза“, которой мы оправдываем себя, окажется пустою бумажкой, неспособной защитить российских инородцев от нашествия того истинно русского человека, великоросского-шовиниста, в сущности, подле­ца и насильника, каким является типичный русский бюрократ-деген ал СССРди түзүүнүн алдындагы запискасында. … приняли ли мы с достаточной заботливостью меры, чтобы действительно защитит инородцев от истинно русского держиморды? Я думаю, что мы этих мер не приняли, хотя могли и должны были принять» (4:374). Ал эми экинчи запискасында улутчулдукка келгенде: башкаларды эзген чоң улуттардын улутчулдугу менен эзилген майда элдердин улутчулдугун ажырата билүүнү, экинчисине караганда биринчиси зыяндуу экенин белгилеп, майда элдердин улутчулдугуна этияттыкта түшүнүү менен мамиле жасоону талап кылган. «… в данном случае лучше пересолить в сторону уступчивости и мягкости к национальным меньшинствам, чем недосолить» (4:376—377). Майда элдердин тилдерин өз аймактарында колдонуусун камсыз кылууга келгенде анын талабы жогорудагыдан да катуу категориялуу түрдө болгон. «Надо ввести строжайшие правила относительно употребления национального языка в инонациональных республиках, вхо­дящих в наш союз, и проверить эти правила особенно тщательно. Нет сомне­ния, что под предлогом единства железнодорожной службы, под пред­логом фис­кального и и. т. п. у нас, при современном нашем аппарате, будет масса злоупотреблений истинно русского свойства» (4:378).

И. Сталин да улуттук маселелер боюнча сөздөрүндө, макалаларында эгерде этностун өз тилинде мектептери, соту, мамлекеттик органдары ж. б. инс­ти­туттары болбосо, советтик автономия жөнүндө сөз кылуунун да кажети жогун, анда ал эч кимге керексиз таштанды экенин белгилеген (5:117). Ал эми «Россиядагы элдердин укуктарынын Декларациясында» ага тоскоол болуп жаткан велиросстук шовинизм экенин көрсөткөн (5:47). Анын РКП (б) нын ХII сьездине даярдап, БК жактырган тезистеринде армян, осетин, аджар­ларга ка­ра­та- грузин шовинизми, түркмөндөргө, кыргыздарга карата өзбек- шови­низми, армяндарга багытталган- азербайжан шовинизми бар экени айты­лат (5:178).Аны азайтуу үчүн мамлекеттик жана партиялык органдардын аппараттарында, мекеме, ишканалардын административдик курам­дарында жер­ги­ликтүү калктын өкүлдөрүн көбөйтүү керек деген жыйынтыкка келген. Кадрларды «жергиликтештирүү» (коренизация) саясаты ошондон келип чыккан. Советтик мезгилдин алгачкы жылдарында андай талап­тар жетек­чиликке алынган менен, тилекке каршы, кийин ал эстен чыга баштаган.

Буларга басым жасаганыбыздын себеби, Түркстанда гана эмес, жалпы Союз­дун аймагында этносторду сандарына, географиялык шарттарына жара­ша автономияларга, республикаларга, эң аздарын округдарга (алгачкы план коммуналарга) бөлүү саясаты мына ушундай жакшы максаттарды көздөгөн. «Политика царизма, политика помещиков и буржуазии по отно­шению к этим народам состояла в том, чтобы убить среди них зачатки всякой госу­дарственности, калечить их культуру, стеснять язык, держать их в неве­жестве и, наконец, по возможности руссифировать их, -деп айтылат РКП (б) нын Х сьездинин партиянын улуттук маселелердеги кезектеги милдеттери жөнүндө резолюциясында, …остается около 6 миллионов киргизов, башкир, чеченцев, южная часть Туркестана, осетин, ингушей, земли которых служили до последного времени обьектом колонизации со стороны русских переселенцев, успевших уже перехватить у них лучшие пахотные участки и систематически вытеснящих их в бесплодные пустыни» (19:33, 35).

Советтер менен большевиктердиин тирешүүсү

Бизде негедир, Октябрь десек-Ленинди, Ленин десек-Октябрды түшү­нөбүз дегендей, большевиктер менен советтер дайыма максаттары бир болуп, эгиздей ээрчишип жүрүшкөн дегендей түшүнүк калыптанган. Чындыгында андай болгон эмес. Улуу Октябрь Социалисттик революция­сынын негизги ураан­дары: жерлер- дыйкандарга, завод, фабрикалар- жумушчуларга, баардык бийлик- советтерге болгонун жакшы билебиз. Эсер­лердин максаттары, ураандары деле мындан айрымаланган эмес. Бирок, 1917-жыл­дын февраль революциясынан кийин жаандан кийинки козу карындардай түзүлө баштаган советтер бир кылдуу, бир максаттуу болбогон, алардын көпчүлүгү эсерлерди (социал революционерлер) жакташкан, кадет­терге (кон­сти­туциялык демократтар) ыктагандары да жетишерлик бол­гон. Ошондуктан советтердин сезилерлик бөлүгү Октябрь Революциясын тааны­ган да эмес, мыйзамсыз төңкөрүш катары эсептеген.

Ошол убакта Казакстандын түндүгүндөгү окуяларга аралашып жүргөн революционер, жарандык согуштун автивдүү катышуучусу, акын жана жа­зуу­чу, драматург Сакен Сайфуллин ал мезгилди төмөндөгүдөй сүрөттө­гөн: «Характерной чертой этого периода было множество разных собраний и митингов. Словопрения вспыхивали ежедневно, чуть ли не через день пере­из­бирались какие-нибудь комитеты и бюро.

Появились доморощенные ораторы, вожди-краснобаи, вылезающие на трибуну по любому поводу. Прежде ничем не отличающиеся незаметные люди яростно бросались в ораторские сражения, старались сказать свое слово кстати и некстати.

Бывшие приказчики, бакалейшики, спекулянты, учителя, техни­ческие работники, писаря, переводчики, мелкие чиновники, ветеринарные фельдшеры, врачи и прочие-все включились в борьбу, все спешили высту­пить в роли вождей от имени народа. Горожане Акмолинска разделились на группы. Русское казачество, мещане, мусульмане (татары и казахи), учите­ля, солдаты гарнизона и трудовой люд-каждая группа устраивала свои собра­ния обособленно. Выступавшие говорили много, сбивчиво, неопределенно, все плавали вокруг да около. Политического опыта не было, каждый толко­вал по-своему, поэтому спорили до бесконечности… ” (23:90—91).

Андай ар максаттарды, багыттарды карманган партиялардан, топ­тор­дон түзүлгөн советтердин жыйындарынын көпчүлүгү тирешүүлөр, жаң­жалдар менен аяктоосу көндүм көрүнүштөргө айланган. Советтерде реалдуу бийлик болгон эмес, күч кимде болсо, чындык ошол тарапта дегендей, реал­дуу бийлик солдаттарда, куралдуу жумушчуларда болгон. Алар өздөрүнө жак­паган советтерди курал жарактар менен опузалап, өз кызыкчылыктарына ылайык келген чечимдерди кабыл алдыртып, ага көнбөгөндөрүн күч менен кууп таркатып, алардын ордуна өздөрүн колдогон советтерди түзүп туруш­кан. Алсак, 1917-жылы 3-декабрда Ош горнизонунун солдаттары эсерлердин Оштогу советин күч менен таркатышып, бирок кайра эле ошолор шайла­ныш­­кандыктан 1918-жылы январда дагы таркатышып, акыры больше­виктердин советине айландырышкан (6:65).

Советтер Россияда 1917-жылы ноябрдын башталышында бийликке келген менен анын эң алыскы бурчтарынын бири болгон азыркы Кыргыз­стандын аймагында бир нече айга чейин реалдуу сезилген деле эмес. Бизде совет бийлиги 1918-1919-жылдарда киргизилген.1918-жылы Пишпек советинин жыйыны өткөрүлүп, анда биринчи жолу большевик Г. И. Швец-Базарный төрага болуп шайланат. Ага чейин Пишпектеги Советти эсерлердин өкүлү жетектеген. Ошол эле жылы февраль-мартта Пишпекте советтердин уезддик курултайы өткөрүлүп, анда башкаруу толугу менен жаңы бийликке өткөнү жарыяланган. Ага удаалаш апрель-сентябрда Нарында, Пржевальс­кийде, Токмокто советтерге жаңы шайлоолор өткөрүлгөн. 1918-жылдын күзү­нө карата Кыргызстандын түндүгүндөгү уезддерде болуштук (волостный) 41, станицалык 4, кыштактык 119, айылдык 59 совет түзүлгөн. Ал мезгилди- түн­дүк Кыргызстандын социалисттик өзгөрүүлөргө багыт алган мезгили десе болот (16:8—9).

Ал эми большевиктик партиялык уюмдарды түзүү Кыргызстандын түштүгүнөн башталган. Алгач Сүлүктүдө 20 мүчөсү, 30 жактоочусу бар больше­виктик уюм түзүлгөн. Андан кийин Кызыл-Кыяда, 1918-жылы феврал­да Пишпекте, мартта Ошто, июлда Токмокто, Пржевальскийде больше­виктик уюмдар пайда болгон. Жыл аягына карата Пржевальскийдеги большевиктердин саны-560ка, Кызыл-Кыяда-456га, Ошто 100гө, ал эми Кыр­гыз­стандын түндүгүндөгү болуштук жана айылдык партуюмдардын саны 130га жеткен. 1920-жылдын аягына карата Кыргызстандын аймагындагы боль­­ше­­виктик партиялык уюмдардагы коммунисттердин саны 7662ни түзгөн (16:14).


Ревкомдук башкаруунун киргизилүүсү

Ошол эле мезгилде контрреволюциялык күчтөргө, басмачыларга кар­шы күрөшүп, Октябрь төңкөрүшүн коргоо, совет бийлигин чыңдап, чар­ба­лык, маданий агартуу иштерин колго алуу үчүн оперативдүү чукул иштер­ди жүргүзө турган органды түзүү зарылчылыгы жаралган. Ал максатта жер жер­лерде абсолюттук бийлик ээлери болгон ревкомдор түзүлгөн. Алсак, 1919-жыл­дын мартында- Ош уезддик ревкому, июнда-Фергана облревкому, декабрда-Жети-Суу облревкому, Пишпек, Пржевальский, Токмок уезддик ревкомдору түзүлүп, ал иштер жылдын акырына карата Кыргызстандын айма­гындагы баардык уезддерде, болуштуктарда, көпчүлүк кыштактарда жана айылдарда аяктаган. Алсак,1920-жылы Пржевальский уездинде- болуш­­тук 8, айылдык 71, Нарын уездинде-айылдык 17,Ошто-болуштук 15, айылдык 70 ревком болгон. Ошол жылдын аягында ревкомдордун фун­кциялары аткаруу комитеттерине өткөрүлүп бериле баштаган. Ал максатта 1921-жылдын февралында Кыргызстандын аймагында советтерге шайлоолор башталган (16:12).

Түркстан аймагынын советтеринин 1918-жылы 30-апрелдеги сьездинде «Түркстан Советтик Социалисттик республикасы жөнүндө Жобо» кабыл алынып, анын аймагына жалпы Түркстан, Хива менен Бухара кирери, эң жогор­ку башкаруучу орган- советтердин сьезди, мыйзам чыгаруучу орган катары ал шайлаган- БАК (Борбордук Аткаруу Комитети), ал эми аткаруу бийлиги- Эл Комиссарлар Кеңеши болору аныкталган (7:49). Ал жободо автономия жөнүндө айтылбайт. Мындан совет бийлигинин башында турган­дар алгач ТССРди түзүүнү гана көздөшкөнү, бирок кийинки саясый, этни­калык процесстерден, өзгөчө географиялык, адам ресурстары жагынан өтө эле чоң болуп кетсе, ал кошумча маселелерди жаратпайбы деген коопто­нуу­дан улам автономия деген түшүнүккө кайрылышканы көрүнүп турат. Ал И. Ста­линдин 1919-жылы 12-февралдагы Түркстандагы партиялык уюмдарга жана совдептерге жөнөткөн циркулярдык катында «Освобождение народов Средней Азии и образование Түркстанской автономной советской социа­листической республики» (7:129) деп биринчи ирет айтылат.

Негизинен Түркстандын аймагында жашаган элдер совет бийлигин расмий түрдө 1917-жылы ноябрда тааныган десе болот. Ташкентте 15-22-ноя­б­рда советтердин Бүткүлтүркстандык 3-сьезди өткөрүлүп, анда көптөгөн тал­куулардан кийин жаңы бийликти таануу боюнча чечим кабыл алынып, курамына 8 солчул эсер, 7 большевик кирген Түркстандын биринчи совет­тик өкмөтү түзүлгөн. Бирок, ага бир да мусулман кирбегендиктен эл арасын­да аябагандай чоң нааразылыкты жаратып, ага жооп катары бир айдан кийин мусулмандардын кезексиз IV курултайы өткөрүлүп, анда башында татар улу­тундагы Мустафа Чокаев турган Кокон Республикасы түзүлгөн. Алар өз алдын­ча бөлүнүп чыгып кетүүнү максат кылышкан эмес, жаңы мамлекеттердин конфедерациясынын бир мүчөсү болууну гана көздөшкөн. Бирок, аны кийинки жылы февралдын аягында кызыл аскерлер, Ташкент, Кызыл-Кыядан, Скобелевден (Фергана) барган жумушчулардын отряддары, армяндар талкалап жок кылышкан (6:119).

Андан кийинки эки жыл Түркстан аймагы үчүн саясый баш аламан­дыктардын, жарандык согуштун мезгили болгон. Басмачылык кыймыл күчө­гөн, аны азыр айрымдар элдик көз карандысыздык кыймылына теңеп жүрү­шөт, анда да чындыктын үлүшү бар, бирок аны жарандык согуштун бир фор­масы катары сыпаттаган туура болот деп ойлойбуз. Анткени, алардын иш аракеттеринде басып алып тартып алуулар, алгачкы мугалимдерди, паранжысын ыргыткан, мектепке барган кыз-келиндерди, коммунисттерди жана комсомолдорду өлтүрүү, ишканаларды кыйратып, элди талап тоноо сыяк­туу ж. б. азыркы эмес, ошол убактагы да адеп-ахлактык сын-ченемдерге сыйышпаган көрүнүштөр көп болгон.

Басмачылардын борборлоштурулган жетекчилиги, саясый максаты, идео­логиясы түгүл жөнөкөй эле тартип да болбогондуктан аймактык бир­диктүү күчкө айлана албаган, айрым корбашылар утурумдук локалдык кол­доо­­лорго ээ болуп, аскерлеринин сандары 3—3, 5 миңге чейин жеткен учур­ларда (Көр Шермат, Эргеш, Калкожо) бийлик, байлык талашуулардан улам ички тирешүүлөр, жаңжалдар көбөйүп, кайра бөлүнүп жарылып, а тү­гүл бири-бири менен касташып согушуп турушкан. Түркстан фронтунун командачысы М. В. Фрунзе, анын чалгындоо кызматтары, жергиликтүү жа­ңы бийликти колдогондор, партиялык жана комсомолдук активисттер да аларды бири-бирине кайраштырып, бириндетип талкалоо, алдоо саясатын жүргүзүшкөн.

ВЦИКтин Түркстан комиссиясынын ролу

В. Лениндин түздөн көрсөтмөсү, ВЦИКтин чечими менен 1919-жылы 8-октябрда совет бийлигинин улуттук саясатын жүргүзүү жана федералдык байланышты камсыз кылуу, аймактагы чарбалык иштерди жөнгө салуу үчүн Түркстан иштери боюнча өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу комиссия түзүлгөн (7:138—139). Курамына М. Фрунзе, В. Куйбышев, Я. Рудзутак, Ф. Голощекин, Г. И. Бокия кирген ал комиссияны В. И. Ленин менен И. Сталиндин жакын шакирттеринин бири, грузин Шалва Элиава жетектеген. Түркстан аймагынан бир да адам анын курамына кирген эмес. Буга ал убакта Орто Азияда толук саясый анархия өкүм сүрүп турганы себеп болгонбу же аймактан төбөсү көрүнгөн ылайыктуу саясый же мамлекеттик ишмер табылбаганбы, ал өзүнчө маселе. Биздин оюбузча, коммунисттердин фор­мал­дуулукту бекер карманышканын эске алганда, эгерде алар аз да болсо та­тык­туу деп эсептеген бирөө болсо, «тойдун генералындай» кылып да болсо комиссияга кошушмак.

Ошол убакта Орто Азияда 18 саясый партия иш жүргүзгөн, алар конс­труктивдүү идеяларды коомчулукка сунуштап, аларды аткарууга аракеттенге караганда убактыларынын көбү бири-бири менен кармашып, жаатташып тирешүүдө өткөн. Мында биз аздыр-көптүр кат-сабаты жоюл­гандыгына байланыштуу саясый, башкаруу иштерине аралашкандар жөнүн­дө гана айтып жатабыз. Элдин басымдуу көпчүлүгүнүн саясый партия­лар жөнүндө түшүнүктөрү деле болгон эмес. Ошондон улам бир адамдын эки партияга катар мүчө болуп жүргөнү же бир партияга киргенине ай айлана электе андан чыгып, башка партияга өтүп кеткени адаттагы көрүнүштөрдөн болгон. Ал убактагы андай көрүнүштөрдү элдин 90 пайыздан ашыгынын сабатсыздыгы, жалаң хандыктарда букара болуп келгендердин саясатка кызыгышпагандыгы менен түшүндүрөлү дейли. Бирок, ыгы келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт дегендей, элибиздин 99, 9 пайызы газета, китеп окуп, ар көчөдө бирден уни­верситет болуп турганда, ошол саясий анархиялык көрүнүштөр көз карандысыздыктан кийин андан бир нече эсе чоң масштабда толугу менен кайталанбадыбы! Каттоодон өткөн саясый партиялардын саны 200дөн ашты. Элдин бир бөлүгү үчүн партияларга кирип-чыгуу кафеге барып, андан ары ажатканага кайрыла кеткендей эле иш болуп калды. Тарых үйрөтөт, сабак берет дешет, бирок тарых деле аны жетиштүү билип, өздөштүрүп үйрөнүп, аны жаңы шарттарга жараша колдонууга аракет­тен­дерге гана сабак берет, билбегенденби же менталитетибиз ошондойбу, айтор, кыргыздарга тарых­тын сабагы деле жукпайт окшойт.

Бул маселеге кийинки макалаларыбыздын биринде кеңирирээк токтолобуз, кайрадан өз темабызды улантсак, Өзгөчө Комиссиянын мамле­кет­­тик жана партиялык уюмдардын иштерин текшерип-тескеп, жогорку органдардын токтомдорун, чечимдерин көзөмөлдөөгө, чукул конферен­ция­ларды жана сьезддерди чакырууга, зарыл учурларда аларды таркатып жибе­рүүгө укугу болгон (13:158). Анын эң таасирдүү мүчөсү, Түркстан фрон­тунун кол башчысы, жердешибиз М. В. Фрунзе болгон. Анын актарга, басма­чыларга каршы күрөштө гана эмес, Түркстандагы элдерди ажырым­даштырып, өздөрүнүн мамлекеттигинин алгачкы формаларына ээ кылуу­дагы эмгеги да чоң. Андагыдай чукул кырдаалдарда кайсыл аймакта болбосун фронттун командачысынын позициясы чечүүчү аргумент болгону талашсыз. Мында кошумчалай кетчү нерсе, аны биз ушул эмгегибиздеги М. Фрунзеге арнал­ган макалада ачып бергенге аракет­тенебиз.

«С приездом Түркстанской комиссии ВЦИК совершенно по-новому пош­ла работа, -деп жазат ошол убактагы партиялык жана мамлекеттик ишмер, Өзбек ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешин 13 жыл жетектеген (1924—1937) Файзулла Ходжаев, -Түрккомиссия уделила специальное внимание исправлению тех ошибок, которые были допущены в национальном вопросе. Борьба за правильное осуществление ленинской национальной политики, усиленное внимание к вопросам хозяйственного строительства сразу же дали прекрасные результаты; широкие массы трудящихся Туркестана сразу почувствовали всю разницу старого и нового руководства. Можно сказать пря­мо, что именно приезду Турккомиссии, результатом её деятельности мы обязаны тем, что все больше и больше трудящиеся массы коренных национальностей Средней Азии начали вовлекаться в советское государст­венное строительство. Было положено начало широкой коренизации всего советского и хозяйственного аппарата Советского Туркестана» (12:160). Андай жергиликтүү кадрлардын көпчү­лү­гү билимдери, даярдыктары жетиш­пегенден улам «той­догу генерал­дардын» милдеттерин аткарышканы да чындык.

Орто Азияда коммунисттик идеологиянын классикалык вариан­тын­дагыдай күчтүү жумушчулар табы, аларды ырайымсыз эксплуа­тациялаган капиталисттер табы болгон эмес. Отурукташкандар социалдык абалдарына кара­бастан патриархалдык бирикме, маалелер формасында, ал эми көчмөн­дөр уруулук жана уруктук системада жашап, саясаттан, идея идеоло­гиялардан топтук, уруулук-уруктук байланыштарын жогору койгондуктан жаңы идеяларды киргизүү аябагандай чоң кыйынчылыктарды жарат­кан. Башка партияларга, бирикмелерге кайрылбай эле, ­больше­виктердин өздө­рүнүн ичиндеги башаламандыктарды эле алсак, ошол убакта Түркстанда бири-бирине баш ийбеген, өздөрүн толук кандуу саясий субьект катары эсептеген: 1.РКП (б) нын Крайлык комитети, 2.Мусулман коммунист­тердин уюмдарынын Крайлык бюросу, 3.Мурдагы аскер туткундарынын коммунисттеринин Крайлык комитети деген үч коммунисттик партия болгон (13:163). Мына ушундан эле элдин гана эмес, аны башкарып, жол көрсөт­күлөрү келген­дердин саясий деңгээлдери кандай болгону ачык көрүнүп турат.

Лениндин тапшырмасына ылайык, Өзгөчө комиссиянын биринчи милдети- жергиликтүү калктан аскердик отряддарды, жер-жерлерде мили­циялардын топторун түзүп, аларды басмачыларга каршы күрөшкө моби­ли­зациялоо, тартиптин сакталышын камсыз кылуу, экинчиси, коммунисттик партияларды бириктирип, көз караштары жакын эсерлерди, кадеттерди өздө­рүнө тартуу болгон. Аймакта нефти-газ кендерин чалгындап, табуу иштери үчүн барган атайын экспедицияга жардамдашуу, пахта, дан эгиндери сыяктуу стратегиялык мааниси бар продукцияларды өндүрүү, аскерлерди зарыл нерселер менен камсыз кылуу да комиссияга жүктөлгөн. Ал убакта больше­виктерге караганда эл арасында кадеттердин, эсерлердин таасирлери күчтүү болгонун дагы бир жолу эске сала кеткибиз келет.

Бул милдеттерди Өзгөчө комиссия ийгиликтүү аткарган. М. Фрунзе Орто Азияга үч дивизия менен гана келсе, ал аны тез эле чоң армияга айлан­дырган. Анын демилгеси менен ыктыярдуулардын А. Осмонбеков, К. Камчыбеков, Т. Эгембердиев, Ж. Саадаев, М. Масанчин, С. Күчүков, И. Токбаев жетектеген отряддары, дивизиондору түзүлүп, жергиликтүү элдер­ден кызыл армияга тартылгандардын саны 30 миңге жеткен. Басма­чылыкка кар­шы күрөшкөндөрдүн мыктылары кийин Врангелдин аскерлерин талкалоого да катышкан. М. Фрунзенин кол башчылык, уюштургуч таланты гана эмес, дипломаттык жөндөмү да аябагандай чоң болгону ак аскерлер ээлеп алган жерлерде партизандардын отряддарын түзүп, Жети-Суудагы совет бийлигине каршы чыккан орус казактарды, Фергана өрөөнүндөгү бас­ма­чылардын башкы командачысы Мадамин бекти, Анжиандык корбашы Ахунжанды тынчтык жолу менен эпке келтиргенинен көрүнүп турат.

Комиссиянын жетекчилиги менен 1920-жылы 12-18-январда Ташкентте коммунисттердин интернационалдык конференциясы өткөрүлүп, анда комиссиянын мүчөлөрү аткарган иштери, аймактагы жалпы абал, жаңы бий­­ликтин экономикалык, аскердик саясаттары жөнүндө баяндамаларды жасашкан. Конференцияда үч партияны бириктирип, бир коммунисттик пар­тия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган (13:173—174).

Комиссия Орто Азиядагы элдерди сандарына, географиялык шарттарына жараша ажырымдатып, бөлүү боюнча алгачкы документтерди даяр­доону да жетектеген. Алардын канчасы ишке ашкан, канчасы кийин сая­сый процесстерге жараша өзгөрүүлөргө учураган, алар түгүл алиге чейин ал Комиссиянын ишинин позитивдүү иштери жана кемчиликтери изилденип, иликтенип талдана элек. Биздин оюбузча, жалпысынан Комиссиянын ишине оң баа берсе болот. Ал жергиликтүү айрым жетекчилердин Орто Азиядагы элдердин баарын бириктирип биротоло бирдиктүү Түрк Республикасын түзүү жөнүндө демилгесин токтоткон (14:406). Эгерде Т. Рыскулов, Ф. Ходжаев, Бех-Иванов сыяктуулардын сунуштары өтүп, туруктуу Түрк Республикасы түзүлсө кыргыз, тажик, кара калпак сыяктуу майда элдер өз алдыларынча тилин, маданиятын сактап калат беле же кыпчак, найман, коңурат сыяктуу этностордой чоң элдерге сиңишип жок болуп кетет беле, ал тууралуу азыр так айтуу кыйын. Сакталып калган күндө деле элибиз, аймагыбыз азыркыдай болмок эмес.

ВЦИКтин Түркстан боюнча Өзгөчө комиссиясы РКП (б) БКнын Түркстан боюнча боюнча Бюросу түзүлгөнгө чейин же 1920-жылдын авгус­туна чейин иштеп, анан ыйгарымдарын легитимдүү партиялык, мамлекеттик органдарга өткөрүп берген. Бюро түзүлгөндөн кийин РКП (б) БКнын анын ишин координациялоочу туруктуу орган түзүү зарылдыгы жаралган. Бул тууралуу В. Ленин борбордук органдардын директиваларынын, декрет­те­ри­нин, токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөчү туруктуу комиссия түзүү­нү сунуш кылган. «Небходимо наличие в Түркстане постоянного органа- предс­тавительство ВЦИК, Совнаркома и ЦК РКП, на которых должно быть возложено… ” (7:124).

Өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу Комиссиянын тажрыйбасы кийин элдерди ажырымдаштырып, ревкомдорду түзүүдө пайдаланылган.

Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1921-жылы 11-апрелде Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана, Самарканд облустарынын, РСФСРдин Закас­пий, Аму-Дарыя облустарынын базасында РСФСРдин курамында авто­номиялык макамда Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүү жөнүндө Декретин жарыялаган. Ошол эле күнү ВЦИКтин Түркстан иштери боюн­ча убактылуу комиссиясы да түзүлгөн (7:138—139).

Мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун

башталышы

Лев Толстой жогору баалаган, АКШнын улуу ойчулу Ральф Эмерсон «Тарых» жөнүндө эссесинде: «Любому факту или явлению всегда предшествует мысль; все факты живут сначала в разуме…, — дейт… Каждая революция сначала зарождается как идея в сознании одного человека; но когда та же идея приходит в голову другому человеку, целая эпоха вступает в решающий период своего развития. Каждая реформа- поначалу лишь идея в сознании одного, когда же она становится идеей в сознании другого, еще одна извечная проблема находит свое разрешение» (8:109—110).

Элибиздин жаңы тарыхындагы мамлекеттигин негиздөөчүлөрүнүн кимисинин аң сезиминде алгач Кыргыз Автономдуу облусун түзүү жөнүндө идея жаралганын азыр так айтуу кыйын, бирок кошуна элдердин лидер­ле­рин­дей эле, андай ойлор, идеялар кыргыздын алгачкы жетекчи­леринде да аймактагы ошол мезгилдеги саясый, социалдык жана психо­логиялык жаг­дайларга жараша акырындап калыптанган деп ойлойбуз. Ага ВЦИКтин Декрети менен 1920 -жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү түрткү бергени талашсыз. Декретте жаңы түзүлгөн АССРге акырындап аймактагы кыргыздарды өз ыктыярларынын негизинде кошуу да айтылган. Советтик мезгилде «ыктыярдуу» деген көп учурларда мажбурлоолорго айла­нып кетүүчү жагын эске алганда, кокус ички, сырткы күчтөрдүн таасири менен болуштуктардын же уезддердин бири Казак ССРине «ыктыярдуу» кошулары жөнүндө чечим кабыл алышса, ал артка кайткыс доминолук көрү­нүшкө айланып кетүүсү мүмкүн эле. Анткени, ал убакта элдин бирин-экини эле кат тааныбаса, калганы сабатсыз, саясый процесстерге кайдыгер болгон. Анын үстүнө жаңы түзүлгөн республика Кыргыз АССРи деп аталса, андан кандай карапайым кыргыз баш тартмак? Бул өңүттөн алганда боордош казактардын жаңы тарыхтагы мамлекеттигинин Кыргыз АССРи деп аталганы кыргыздардын келечеги үчүн алгач өтө опурталдуу болгону талашсыз.

Андай коркунучту кыргыз окумалдарынын Алматыда, Ташкентте жооптуу кызматтарда иштеп жатышкан алдыңкы көз караштагылары дароо түшүнүп, алды-арттарын карабастан кыргыздардын өз алдынча эл катары сакталып калуусу үчүн иш-аракетти башташкан. Ж. Абдрахмановдун эске­рүү­сүнө ылайык, ал идеяны 1921-жылы майда Алма-Атага ВЦИКтин Түрк комиссиясынын жетекчилери Сафаров, Кожонов келгенде А. Сыдыков, Э. Арабаев үчөөсү ачык айтып чыгышкан. Кыргыздардын эл болуп сакталып калуусу үчүн биринчи кезекте, бири-бирине баш ийбеген төрт облустагы кыргыздарды административдик-аймактык жактан эң бери дегенде облустук макамдагы бир түзүмгө бириктирип, расмий деңгээлде тилдик, маданий, этно­графиялык жана чарбалык жактан иденттүүлүктү жарыялап, башка­руунун ишенимдүү вертикалын түзүү керек эле. Антише албаса чыныгы кыргыздар жасалма кыргыздардын (казактардын) бир тайпасынын мака­мында кала берип, андан ары уруунун деңгээлине түшүп, биротоло казактарга сиңи­шип кетээрин жон терилери менен сезишкен. Негизги жетекчилерин казак жа­на өзбек улуттарынан чыккандар түзгөн Түркстан ССРринин жетекчилери Түркстанды экиге гана- Кыргыз (казак), Өзбек республикаларына бөлүп, калган этносторду өз курамдарында калтырууга ара­кет­тенишкенин тарыхый документтер ырастайт. Алсак, РСДРП (б) нын Түркстан Бюросунун 1924-жылдын 10-мартында өткөрүлгөн кеңешмесинде 12 адам чыгып сүйлөсө, Э. Арабаевден башкасы Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүсүнө ачык эле каршы чыгышкан (24:361—363). ВЦИК, РСДРП (б) БК лениндик улуттар саясатын кыйшаюсуз аягына чыгарууну талап кылгандыктан улам гана алар өз позицияларын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Жаңы түзүлгөн КазССРдин жетекчилери Жети-Суу, Сыр-Дарыя облустарын толугу менен кошуп берүүнү талап кылганга өтүшкөн. Аны Түркстандан Казакстанды бөлүү боюнча комиссияны жетектеген Г. Бройдо колдогон. Мына ошол учурда Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген А. Сыдыков, анын бир бөлүмүн жетектеген Э. Арабаев чыныгы кыргыздарга да өз алдынчалык берүү маселесин көтөрүп чыгышкан.

Советтердин 1922-жылдын мартындагы Бүткүлтүркстандык ХIII курултайында А. Сыдыков Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин койгон. Анын андай демилгеси башка элдер­дин лидерлерине жаккан эмес. Курултайда ага каршы чыгышпаган ме­нен ал аяктаар замат «мурдагы полицай» деген шылтоо менен аны партиядан чыгарып, 23-мартта Жети-Суу облаткомунун төрагалык кызматынан да бошо­тушкан. Бирок, А. Сыдыков аябагандай өжөр, кандай кырдаалдарда болбосун баштаганынан кайра тартпаган, оңой менен майтарылбаган, эр жүрөк адам болгон. Ал партиядан чыгарылып, кызматынан алынган менен ал көтөргөн маселе Курултайдын документтеринде «жактырууга ээ болду» деп катталып калгандыктан, анын негизинде Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты 1922-жылы 25-мартта Жети-Суу облусун райондоштуруу маселесин карап, «ТүркБАКтын Президиумуна Түрк­стан Республикасынын курамында Пишпек, Пржевальский, Нарын уезддеринин, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгүнүн базаларында Тоолуу облус түзүү жөнүндө декретти жарыялоону тапшырган. Ал убакта Фергана өрөөнүндө бас­мачылар, ар кандай кыймылдар менен айыгышкан күрөш жүрүп жаткан­дыктан ал жактагы кыргыздарды Тоолуу облуска кошуу маселеси кийинкиге калтырылган. Ошонун эртеси күнү 26-мартта Түрк БАКтын Президиуму «Тоолуу кара кыргыздар жашаган райондордун калкынан өзүнчө облусту түзүу жөнүндө» токтом кабыл алган. Облустун борбору катары Кочкор кыштагы тандалган. Ыгы келгенде кошумчалай кетсек, кийин облусту түзгүчө Токмокту, Ак-Сууну (Беловодское), же Жалал-Абадды борбор кылуу каралып келген. Борбор үчүн негизги талап, сын-ченем- темир жол байла­нышы болгон. Ал убакта республикадагы темир жолго кошулган жападан жалгыз шаар Жалал-Абад болгондуктан ККАОнун борбору катары алгач ага токтолушкан. Бирок, турак-жайлары, кеңселик имараттары өтө аз болгон­дугуна байланыштуу убактылуу борбор катары Пишпек тандалып, темир жол курулгандан кийин Жалал-Абад эстен чыгып, Пишпек биротоло борбор болуп калган.

1922-жылы 5-апрелде А. Сыдыков компартиянын Жети-Суу обкому менен облаткомунун биргелешкен жыйынында кара-кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп дайындалат. Кызматынан алынып, партиядан чыгарылгандыгына карабастан ал жооптуу кыз­матка дайындалуусу- анын облустун аймагында гана эмес, Түркстандын масштабында бедел-баркынын, таасиринин жогору болгонун айгинелейт. Комиссияга Э. Арабаев да мүчө болгон. Облусту эмне үчүн кара-кыргыз­дардын Тоолуу облусу деп атагылары келишкен? — деген суроо жаралат. Кыргыздар эч качан өздөрүн тарыхта «кара кыргыз» деп атаган эмес, «ак калпакчан кыргызбыз» дешкен. Мында «кыргыз» деген аталышты казактар убактылуу менчиктеп алышып, чыныгы кыргыздар алардын бир тайпасындай болуп калгандыктан өздөрүнө «кара» деген тиркемени кошууга аргасыз болушкандыгы көрүнүп турат. Демек, айрым орус тилдүүлөр колдонуп келиш­кендей, ал «дикокаменный» деген түшүнүктү билдирбейт. «Кара» деген сөздүн жыйырмага жакын мааниси бар. Алардын бири — чыныгы, нукура, таза дегенди билдирет. Маселен, Кыргызстанда, Кара-Суу деген жер-суу аттары көп. Ал суунун түсүнө карап эмес, тазалыгы үчүн коюлган аттар. Бул өңүттөн алганда кара кыргыз деген «чыныгы кыргыз» дегенди билдирген.

1922-жылы 31-майда Каракол, Нарын, Олуя-Ата уезддеринин делегаттары чогулушуп, Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүүнү колдошот. Андан мурдараакта РКП (б) нын Пишпектеги партиялык уюмунун чогулу­шунун катышуучулары да ушундай чечим кабыл алышкан (11:20).

Жаңы облусту түзүү жөнүндө чечим эл тарабынан шайланган ыйга­рымдуу өкүлдөр Курултайга чогулуп, талкуулап бекиткенден кийин гана күчүнө кирмек. Ошондуктан советтердин уезддик укук-ченемдеринин неги­зинде өкүлдөрдү шайлоону тездетүү каралган. Бирок, облустун аймагы, чек арасы, макамы боюнча Жети-Суу облусунун гана эмес, Түркстан республи­касынын жетекчилигинде да бирдей пикир болгон эмес. Бири ага облустун аты айтып тургандай, Пишпекти, Ошту баш кылып, түздүктөрдү мурдагы облустарда калтырып, тоолордун арасындагы кыргыздар компактуу жашаган жерлерди гана кошкусу келсе, экинчилери кадрдык, экономи­калык өз алдын­чалыгы жок, азыркы райондордой административдик-аймак­тык түзүм ката­ры, үчүнчүлөрү, административдик-аймактык экономикалык субьект катары гана көргүсү келген.

Түркстан компартиясынын Жети-Суу обкомунун 1922-жылдын 19-апрелиндеги жыйынында уюштуруу комиссиясынын төрагасы А. Сыдыков советтердин Курултайына даярдык көрүүнү тездетүү үчүн облустук убактылуу ревкомду түзүүнү сунуш кылган. Анткени, ревкомдун иши ЧКдай эле оперативдүүлүгү менен айрымаланган. Ал эми комиссия бир маселени чечүү үчүн аны адегенде өзү карап, анан обкомго жөнөтсө, обком, партия­дагы демократиялык борборлоштуруу принцибине ылайык, Түркстан КП (б) БК менен макулдашмайынча өз алдынча андай маселени чече алмак эмес. Обкомдун андагы отурумунда А. Сыдыковдын апел­ляциялык арызы каралып, партияга кайра кабыл алынган, аны ТКПнын Көзөмөлдөө комис­сиясы июлда бекиткен (6:127).

Мына ошондон тартып А. Сыдыков жана анын тарапкерлери жөн эле Тоолуу облусту эмес, Фергана өрөөнүндө кыргыздар компакттуу жашаган жерлерди да кошуп, Кара-Кыргыз Автономдуу облусун түзүү маселесин көтөрө башташкан. Анткени, Тоолуу облус дегендин өз алдынчалыгы жок, унитардык мамлекеттин бир субьектисиндей эле макамда болсо, «авто­номдуу» деген макам кошулса, ал белгилүү деңгээлде саясый, кадрдык жана чарбалык өз алдынчалыкка ээ кылмак. Андай өз алдынчалыкка жетишүүгө умтулуу Жети-Суу облусунун, Түркстан АССРинин казак, өзбек улутундагы жетек­чилерине жакпаган. Теги Чымкенттик, ошол убакта ТКП (б) БКнын бюро мү­чө­сү жана үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ороз Жандосов, Каскелеңдик, ТүркБАКтын төрагасынын орун басары, чечендиги менен айрымаланган Султанбек Кожонов, ал эми Чүйдөн «Кошчу» уюмунун жетек­чиси Рахманкул Худайкулов ал сунушка каршы чыгышкан. Казак изилдөө­чүлөрүнүн айтымында, Кожон уулу Султанбектин казак мамлекетин түптөөдөгү ролу абдан чоң. Анын сунушу менен республиканын аталы­шындагы «кыргыз» деген сөз 1925-жылы «казак» деген сөзгө алмаштырылган. Анын Казакстанга Кара-Калпакстанды, Сыр-Дарыянын 3 уездин кошуудагы ролу да чоң болгон. Ороз Жандосов орусча мыкты сүйлөгөн, бир сьездде В. И. Лениндин мактоосуна да арзыган (9). Ал эми кыргыз, теги Кеминдик Р. Худайкулов ошол убактагы эң чоң коомдук, катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар «Кошчу» уюмун жетектеген. Мына ушундан эле Тоолуу кыргыз облусун түзүүгө каршы тургандардын кандай чоң күч болгону көрүнүп турат.

О. Жандосов менен С. Кожонов- казактар, алардын аракеттери түшүнүктүү. «Ар ким өз табагына күл тартат» дегендей, алар КазССРдин жери, эли көп болушун каалашкан. Ал эми Кеминдик Р. Худайкулов аларга кошулуу менен кандай максатты көздөгөн?

Айрым булактарда анын түпкү теги казак, ал тукумдаштарына жакпаган иш жасап коюп, кыргыздардын арасына келип башпаанектеп калган Абланын урпактарынан болгон деп айтылат. Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаев жөнүндө да андай сөздөр айтылып, жазылып келгенин билебиз. Айрым изилдөөчүлөр анын түпкү теги казак болгону үчүн Жандо­сов менен Кожоновду колдогон деп да жүрүшөт (6). Бирок, маалыматтарга ылайык, анын түпкү атасы ХV- ХVI кылымдардын тегерегинде качып келсе, андан 7—8 муун өт­көн­дөн кийинки урпагын «казак» деген туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, андан 1, 5—2 кылымдан кийин кыргыздарды чаап, бир бөлүгү Чүй­дө, Көлдө ж. б. жерлерде калып калган калмактардын тукумдарынын басым­дуу көпчүлүгү кыргыздарга аралашып, ассимиляцияланып, сиңип кыргыз болуп кетпедиби. Алардын арасынан улуттук маданиятыбыздын сыймыгы болгон адамдар чыкты. Алар өздөрүн эч качан калмак деп эсептешкен эмес. Анын үстүнө дүйнөлүк практикада ырасталгандай, инсандын биологиялык теги чечүүчү мааниге ээ эмес, инсан кайсыл тилде сүйлөсө, ойлонсо, жазса, мада­ниятын өздөштүрсө, ошол этноско таандык болуп калат. Алсак, класси­калык орус адабиятынын мыкты өкүлдөрүнүн дээрлик баардыгынын эле түпкү тектери башка этностордон чыккан, бирок алардын баардыгы орус акыны, орус жазуучусу деп эсептелет.

Биздин оюбузча, ошол убактагы фактыларга караганда, Р. Худайкулов качанкы этникалык тегинен мурда башынан ашкан амбициясынан, демилгени атаандаштарына алдырып жибергиси келбегенден улам А. Сыдыковдун тобуна каршы чыккан десе туура болот. Андай фактылар 1920-1930-жылдардагыдан гана эмес, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки саясый, маданий процесстерде деле негизги кыймылдаткыч күч бол­го­нун өзүбүз деле көрдүк, күбө болдук.

Ал убакта улуттук маселелер боюнча РСДРПнын Бүткүлроссиялык VII сьездинде кабыл алынып, кийин РСФСРдин Эл Комиссарлар Совети жетек­чиликке алган «Россия элдеринин укуктарынын Декларациясы», андагы «Право народов России на свободное самоопределение, вплоть до отделения и образования самостаятельного государства» деген Жобо жетектөөчү документ болгон (5:45). Ага акыл-эстүү, өзүн өзү сактоо инстинкти бар эч ким ачык каршы чыкмак эмес. Бирок, коммунисттик идеологияны кыйрат­кандар ага түз каршы чыгышпаган менен аны ишке ашыруудагы жаңы­лыштыктарга, мүчүлүштүктөргө, көбүнчө бурмалоолорго, обьективдүү жана субьективдүү жагдайларга басым жасоо аркылуу максаттарына жетиш­кендей эле, жогоруда аталгандар да; Тоолуу облусту түзгөнгө саясый, эконо­ми­калык жана социалдык шарттар ылайык келбейт. Ага аябагандай чоң сум­ма­дагы каражаттар керек, аны кайдан табабыз? Эл да даяр эмес, 1916-жылдагы окуялардан улам азыр жергиликтүүлөр менен славяндардын ортосунда душмандык маанай азая элек, кыргыздардын атынан сүйлө­гөндөрдүн баары бай-манаптардын тукумдары, падышалык Россиянын жергиликтүү администрацияларында жол көрсөткүч, котормочу, болуш, айыл башчы ж. б. болуп кызмат кылгандар элдин эмес, өздөрүнүн Тоолуу облусун түзгөнү жатышат, кара кыргыздардын арасында башка улуттагылар да аз эмес, анда алардын тагдыры кандай болот? Анын үстүнө басмачылык да күчөп турат, мындай учурда шашкалаңдык кылуунун кажети жок, -деген аргументтерди жамынышкан.

Мында Рахманкул Худайкулов өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн.

Ал 1922-жылы 29-декабрда РКП (б) БКга жиберген элдин атынан деп аталган докладдык катында жогоруда айтылган аргументтерден сырткары: «… образование особой Горной области из южной части Семиречья и 6 волостей Аулие-Атинского уезда Сыр-Дарьинской области, означает распыление, итак недостающих сил, оно сопряжено бесполезными тратами сил и громад­ными расходами… обьединяются 54 волостей, из них 19 являются совер­шенно разоренными в 1916-1917-гг., …отсутствуют необходимые поме­щения и постройки… Присоединение 6 волостей Аулие-Атинского уезда нецелобразно и ничем не оправдывается чисто по территориалным сообра­жением-условиям. Между этими волостями и границей Семиреченской облас­ти имеется большой по своей занимаемой территории Меркенский район, населенный, главным образом, киргизами-кайсаками и русскими…. вся трудовая сознательная часть кара-киргизского населения энергично выс­казывается против образования этой области», -деген аргументтерди келтирген (10).

Адатта элдин атынан мамлекеттик эң жогорку органдардын жетекчилери гана сүйлөй алышат, коомдук уюмдардын жетекчилеринин ага укуктары жок, бирок, тилекке каршы, ал биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз, ант­­ке­­ни андай көрүнүш азыр деле жоюла элек. Аты болгон менен заты жок партиялардын лидер атпайлары азыр деле элдин атынан деп демагогияларын таңуулай беришет.

Белгилүү тарыхчылардын бири Р. Худайкуловдун эл атасы болуу дымагы болгон дейт. Мында, албетте, ал өз элинин өз алдынча бөлүнүп чы­гуу­суна каршы турса, анда эл атасы болуу дымагы кайдан оюна келмек эле? -деген суроо жаралат. Тескерисинче ал: «Нашим отцом является Алаш и поэтому не может быть разговора о различии между киргизами и казахами» деген позицияда турган (11:20). Ал эми Ж. Абдрахмановдун эскерүүлөрүнө ылайык, аны колдогон чыныгы кыргыздар деле жетишерлик болгон. Ойлоп көрүңүздөр, Р. Худайкулов катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар, ошол мезгилдеги эң массалык коомдук уюм деп эсептелген «Кошчуну» жетектеп туруп, анда аны колдогон чоң топ болмоюнча Тоолуу облусту түзүүгө ачык каршы чыга алмак эмес. Ошондуктан Тоолуу облусту түзүүнүн душманы болгон деп жалгыз эле Р. Худайкуловду же анын жакын тилектеши Д. Бабахановду эле күнөөлөй берүү обьективдүү чындыкка ылайык келбейт. Бул өзүнчө кошумча иликтеп, талдоону талап кыла турган маселе.

Тоолуу автономдуу облусту түзүү аракеттери

Ошентип көптөгөн талаш тартыштардан, тирешүүлөрдөн кийин 1922-жы­лы 4-июнда Пишпекте кара кыргыздардын эмгекчилеринин өкүлдөрүнүн өз алдынча Тоолуу облусту түзүүгө даярдыктарды көрүү боюнча Курултайы ачылган. Ага 425 өкүл катышкан, Курултайды уюштуруу Комиссиясынын төрагасы Абдыкерим Сыдыков сөз сүйлөп ачкан. Күн тартибине кирги­зил­ген маселелерди (жети маселе) талкуулоого келгенде карама каршы позициялардагы тараптар кызууланышып, биринин сөзүн, аргументин экин­чиси укпай жаакташып, саясый жарлыктарды тага мазактап шылдың­дашып, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү көп учурларда ызы-чуулар жана ышкырык­тар менен коштолуп, андай көрүнүштөр жакалашууларга, мушташууларга айланып кетип турган. Ал мезгилдер: эркиндик, боштондук ушундай болот экен деп түшүн­гөн тажрыйбасыз бабаларыбыздын саясый балалык, роман­тикалык мезгили болгон, ыгы келгенде кошумчалай кетсек, курултай­лардагы андай көрү­нүштөр 1930-жылдарга чейин улантылган. А. Сыдыков тараптагылар Р. Худайкуловду сабашып, О. Жандосовду Курул­тайдан кууп чыгышкан. Жети-Суу облусунун администрациясынан келген О. Жандосов баштаган өкүлдөр Курултайды башкара албай калганын түшүнгөндө алдасташып, анын ишин токтотуу жөнүндө буйрук чыгаргыла деп Ташкентке үстөккө-босток телег­раммаларды жөнөтүп, акырында бул курул­тай «кеңешүүчү» деген макамда калат дешип Алматыга кетип калышкан (6:135).Эгерде биримдик болсо, алар качып кетишкенден кийин даярдык көрүү­чү Курултайды иштин жүрүшүндө Уюштуруучу деп таап, жетекчи органдарын шайлашса деле болмок. Бирок бирим­диктин же азыркыча айт­кан­­да, консенсустун жоктугунан 10-июнда А. Сыдыков жетектеген Уюш­ту­руу бюросунун отуруму өткөрүлүп, жакынкы айларда Кара-Кыргыз Тоолуу облу­сун түзүү боюнча Уюштуруу Курултайын чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү боюнча даярдык көрүү Курултайын өткөрүүнү чын эле РКП (б) БК, ВЦИК билбегенби, же аны жаманатты кылуу максатында бирөө телеграмма жөнөткөнбү (ТКП БК маалымат иретинде билдириши да ыктымал), же алды аркаларын карабай өз алдынча болгусу кел­­­ген­дерди сестендирип, эстерине келтирүү максатындабы, айтор, Курул­тай аяктагандан кийин 13-июнда И. Сталинден БКнын Түрбюросуна: «Июндун башталышында Жети-Суу облусунун аймагынан Кара-Кыргыз Тоолуу облусун бөлүп чыгаруу боюнча сьезд өткөрүлдү. Бизге келген телеграммада ВЦИК жана РКП (Б) БК ага санкция берген деп айтылат. Сьезд­ге ким уруксат бергенин, ким уюштурганын, сьезддин кандай өткөнүн билдирүүңүздөрдү суранабыз» деген телеграмма келет (6:138).

Эгерде БКнын Түркбюросу аны убагында ВЦИКке, РКП (б) БКга билдирбесе, ал чындыгында аябагандай чоң ката кетирген. Анткени, Феде­ралдык Республикада жаңы дагы бир субьект жаралганы жатканын анын жетекчилери милдеттүү түрдө билиши, жок дегенде кабардар болушу керек эле. Алдын ала макулдашылып, ВЦИКтен же РКП (б) БКдан өкүл келип катыш­са, Курултайдын таасири, бедел-аброю жана легитимдүүлүгү гана артмак. Бирок, ал убакта төмөндөгүлөрдүн эмне кылып жатканын-жогору­дагылар, жогорудагылардыкын -төмөндөгүлөр билбей калган же түшүнбөгөн анархия өкүм сүрүп турган. «Мы пришли к такому положению, когда сущес­твующий порядок отношений между центром и окраинами, т. е. отстутствие всякого порядка и полный хаос, становятся нестерпыми, создают конфликты, обиды и раздражение, превращают в фикцию т. н. единое федеративное на­род­ное хозяйство, тормозят и парализируют всякую хозяйственную деятельность в общероссийском масштабе, -деп мүнөздөгөн И. Сталин ал мез­гилди 1922-жылы 22-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында. Одно из двух: либо действительная независимость и тогда -невмешательство центра… Формально решения СНК, СТО и ВЦИК РСФСР необязательны для неза­висимых республик, причем эти учреждения сплошь и рядом отменяют пос­та­новления центральных учреждений независимых республик, что вызывают протесты последних против „незаконных дейст­вий“ центральных учреждений Москвы». Андан ары ал аймактардагы органдардын чечимдерин Москва жокко чыгарса, ал жер-жерлердеги коммунисттер жана партияда жоктор наа­разы болушуп, аны алдамчылык жана эки жүздүүлүк катары кабылдашып жатканын белгилеп, «… если теперь же не заменим формальную (фиктивную) независимость формальной же (и вместе с тем реальной) автономией, то через год будет несравненно труднее отстоять фактическое единство совет­ских республик» деп жыйынтык чыгарып, Грузиянын БКси РКП (б) БКнын макулдугусуз англо-француздардын капиталынын эсебинен Тифлисте отто­ман банкынын бөлү­мүн ачканын мисалга келтирет (21:198—199).

Мындан көрүнүп тургандай, В. И. Ленин жаңыдан түзүлүп жаткан республикалардын бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки толук өз алдынчалыгын жактаса (Х. Г. Раковский колдогон), И. Сталин алар реалдуу автономиялык укукта гана болушу керек, антпесе биримдикти сактоого мүмкүн эмес деген позицияда турган. Ал өз позициясын 1922-жылы 27-декабрда В. И. Ленинге жана Саясий Бюронун мүчөлөрүнө жөнөткөн катында дагы бир жолу кайталаган (21:208). РСФСР менен көз карандысыз республикалардын орто­сундагы мамилелер боюнча ал даярдаган документтердин баардыгында «фор­маль­ное вступление» «формальное распространение компетенции» деген сөздөр көп кайталанат. Ошол убактагы эң таасирдүү жетекчилердин бири, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Л. Б. Каменев 1922-жылы 27-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында «По-моему или не трогать совсем вопроса о „независимости“ (что, видимо, уже невозможно), или провести Союз так, чтобы максимально сохранить формальную незави­симость, т. е. приб­лизительно по приложенной схеме» деп, армия, темир жолдор, магис­тралдык жолдор, почта, тышкы иштер, тышкы соода түздөн түз Союздун гана компетенциясында болушу керек деген сунуш киргизген (21:206—207). Анын сунушун А. И. Рыков колдогон. В. И. Ленин «формаль­ное обьеди­нение» дегенди «вступление» деген сөз менен алмаштырууну талап кылган.

В. И. Ленин өлгөндөн кийин аймактарда улуттук-мамлекеттик түзүмдүк ажырымдаштыруу процесси тездеп, нын И. Сталин менен Л. Каменевдин ва­риан­ты боюнча ишке ашырылуусу ушуну менен түшүндүрүлөт. Алардын пози­ция­ларына ылайык, өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки көз карандысыздык деген практикалык жактан ишке ашкыс пропа­гандалык гана формула болгон.

Биз мамлекеттигибиздин жаңы этабынын мына ошондой татаал мезгилдерде, толгоо тарткан энедей кыйналып, кээде чер токойдон жол изде­ген адамдай адашып, жаңылышып, ашыкча түйшүк-мээнеттерге, сыноо­лорго туш болуп жүрүп жаралганын элестүү көрсөтүү үчүн гана жогорудагыларды келтирип жатабыз. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, бул ошол мезгилдерде анархия менен чектешкен демократия болгонун да көрсөтөт. Азыр супер демократиялуу делген ФРГнын же АКШнын бир субьек­тисиндеги элдин бир бөлүгүнүн андай чараларга барарын элестете аласызбы? Андай анархиялык демократия Тоолуу облустун түзүлүшүн жактагандарда да, ага категориялуу түрдө каршы чыккандарда да эйфо­риялык маанайдагы эркиндик сезимин гана жараткан.

И. Сталиндин телеграммасынан кийин Тоолуу облусту түзүү процесси кайра артка кеткен. ТКП БКнын айрым жетекчилери адегенде Тоолуу облустун түзүлүшүнө лоялдуу же кайдыгер болушса, телеграммадан кийин өз пози­ция­ларынан кайтып, Москвага актанган мүнөздөгү телеграм­маларды жөнө­тү­шүп, Курултайга шайлангандардын тектерин текшертип, мыйзам­дуу­лугуна шек келтиргенге өтүшкөн. Р. Худайкулов жыйындарда А. Сыды­ковчуларга мурдагыдан да тажаал жалааларды жаап, улуттук маселелерди да таптык күрөштүн негизинде чечүү керек, «бөлүнгүчтөр» эзүүчү таптын кызыкчылыгын көздөгөн облус түзгөнү жатышат деп кыйкырып чыккан. Анын таасиринен улам жер-жерлердеги айрым партиялык уюмдар жана советтер да мурдагы позицияларынан кайта башташкан. Ар кандай кызмат­тарда турган А. Сыдыковчулардын көбүнө партиялык, админис­тративдик жазалар берилип, кызматтарынан алынып, айрымдары партиядан да чыга­рылган. Алардын баарын санап чыгуу да кыйын. Бир сөз менен айтканда, Түрк­станда саясый турмуш шакардай кайнап турган.

Мына ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков чыныгы майтарылбас духун, мекенчилдигин көрсөткөн. Ошол убактагы, андан кийинки мезгилдердеги иш­-ара­кеттерине караганда, ал кандай чоң кызматтарды беришсе да ага алданбаган, жабышпаган, мансап үчүн өз идеалын сатпаган, чын-чынына келгенде ага чындап көңүл да бурбаган, кандай кыйынчылыктарга тушукса да андан кайтпаган тобокелчил инсан болгон. Элестүү айтканда, жыгылган сайын күрөшкө тойбой кайра алдыга умтулуп турган. Ж. Абдрахманов кара-кыргыздар менен кара-калпактарды бириктирип, чоң автономияны түзүүнү да сунуш кылган. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын Түркстандын гана эмес, ВЦИКтин, РКП (б) БКнын жетекчилери да түшүнүшкөндө Борбордук Азия­дагы элдерди ажырымдаштырууну Москва өз колуна алган.

Ажырымдашуу процессинин тездеши

Аймактагылар үчүн 1924-жылдын саясий турмушу январда совет­тердин Бүткүлтүркстандык ХII сьезди менен башталган. Анда кара-кыргыз­дардан шайланган, Нарын уездинен -Абаев, Баялинов, Каракол уездинен- Абдрахманов, Ачекеев, Тойчинов, Ош уездинен- Иманкожоев, Карабеков, Төлөнов, Оморбеков, Наманган уездинен- Ботбаев, Салихов, Мамбеталиев, Анжиан уездинен-Кулбосунов, Сарыбаев, Олуя-Ата уездинен- Абланов, Бабажанов, Маймылов, Токбаев, Пишпек уездинен- Айдарбеков, Садаев РКП (б) БКга, СССР БАКинин Улуттар Кеңешине кайрылуусунда өзбектер менен кайсак-кыргыздардын арасындагы жалпы саны миллионго жеткен кара кыргыздардын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбай, тилдери, жашоо об­раз­дары окшош болгондуктан ал кайсак-кыргыздардын бир бөлүгү катары каралып, башкаруунун уезддик аппараттарын түзүүдө өгөйлөнүп, тилин, маданиятын өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгы айтылып: 1. Кара кыр­гыз­­дарды башкалардай эле өзүнчө эл катары таанууну, 2. Түркстандагы баш­каруу органдарында алардан өкүлдөрдү көбөйтүүнү, 3. Кара кыргыздардын тилин, маданиятын өнүктүрүп, окуу китептерин чыгарууга жетиштүү кара­жат бөлүүнү талап кылышкан (11:29—30).

Бул кат ВЦИК менен РКП (б) БКнын Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү боюнча оң пикирге келишинде чоң роль ойногон. Анткени, алгач казактар, анан өзбектер кыргыздарды өз аймактарында, курамдарында кал­тыр­гылары келгени Түркстан КП (б) БК менен Түркстан БАКинин Президиумунун 1924-жылы 10-мартта өткөрүлгөн биргелешкен кеңеш­месинде Түркстан КП (б) БКнын катчысы, Реввоенсоветтин мүчөсү, РКП (б) БКнын Орто Азиядагы улуттарды ажырымдаштыруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзбектер боюнча комиссиянын төрагасы Абдулло Рахимбаевдин баян­дамасынан ачык көрүнөт. Ал өз баяндамасында айрым кыргыз жана түркмөн кызмат­керлеринин сепаратисттик аракеттери партиялык жана мамлекеттик иштерге терс таасирин тийгизип жатат деп айыптаган (11:31). Ал улуттардын ичинде эзүүчү таптагылар менен эзилгендердин ортосунда күрөш күчөгөндө гана улуттарды ажырымдаштыру максатына жетет, андай күрөш жок болсо, өзүн актабайт деген жыйынтык чыгарган. Ал эми уруу-урук­тук системада жашаган кыргыздардын арасында таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес.

Кеңешмеде сүйлөгөндөрдүн Э. Арабаевден башкасы аны колдошкон. Кеңешме курамында Тажик автономиясы менен Өзбек Республикасын жана Түркмөн Республикасын түзүп, казактар жашаган облустарды жана район­дорду Казак Республикасына өткөрүп берип, анын ичинде кара кыргыз­дар­дын автономиясын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алган (11:33). Бул масе­лелерди дыкат тактап-тастыктап, үйрөнүп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол эле жылы апрелде РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Орто Азия элдеринен келген сунуштарды карап Бухара менен Хорезмди ажырым­даштырууну жактырган. Ал эми 11-майда РКП (б) БКнын Орто Азия бюро­сунда бул маселе боюнча комиссиянын жана под­комиссиялардын сунуштары каралып, алгач Өзбек жана Түркмөн республикаларын түзүү, Өзбекстандын курамында автономдуу Тажик облусун түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Анда жетиштүү үйрөнүлө электигине байланыштуу Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү кийинкиге калтырылган.

Ал документти жана жаңыдан даярдалгандарды РКП (б) БКнын Орто-Азия бюросу 1924-жылдын 11-майындагы отурумунда карап, жогоруда атал­ган республикалардын курамдарында Кара-Кыргыз жана Тажик автономдуу облустарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Андан көп өтпөй же 2-июнда аталган Бюро РКП (б) БКнын Саясий Бюросунун өз чечиминен кескин айрымаланган же кара-кыргыздардын автономдуу облусун түзүп, аны түздөн түз РСФСРге баш ийдирүү жөнүндө токтомунун долбоорун карап, Орто Азиядагы элдерди ажырымдаштыруу боюн­ча башка маселелер менен бирге ага макулдугун берген. Компартиядагы демокра­тиялык борборлоштуруунун принциптерине ылайык, аймактык Бюро Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун токтомунун долбоорун четке какмак түгүл, принципиалдуу өзгөртүүлөрдү киргизе да алмак эмес. Тарыхчы Г. Жунушалиева туура белгилегендей (11:32), эгерде 1922-жылы Тоолуу облусту түзүүгө негизинен казак улутундагы жетекчилер каршы чыгышса, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө өзбек улутундагы жетекчилер каршы турушкандыгына карабастан РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Кара-Кыргыз облусун түзүп, аны түз РСФСРге баш ийдирүүнү биро­толо чечкен десек болот. Мындан ККАОнун түзүлүшүндө Москванын пози­ция­сы чечүүчү роль ойногону көрүнүп турат.

1924-жылы 12-июнда РКП (б) БКнын Саясий Бюросу «Орто Азия республикаларын улуттук ажырымдаштыруу (Түркстан, Бухара, Хорезм) жөнүн­дө» токтом чыгарган, анын негизинде улуттук ажырымдашуу боюнча Борбордук аймактык комиссия түзүлгөн. Анын курамына кыргыздардан Ж. Абд­рахманов, И. Айдарбеков кирген. Ал убакта А. Сыдыков дагы партиядан чыгарылып, куугунтукта жүргөндүктөн комиссиянын курамына кошулбай калган. Ошол эле жылы 15-16-сентябрда Түркстан АССРинин БАКинин кезексиз сессиясында улуттук мамлекеттик-ажырымдаштыруу жөнүндө маселе каралып, кара-кыргыздардын суроо талаптары боюнча аларга Түркстан АССРинин курамынан чыгып, өзүнчө Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө токтом кабыл алынган (3:129).

Советтик мезгилде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин принципиалдуу чечимдеринин долбоорлорунун алдын ала жогорку партиялык органдарда каралып жактырылуусу же акыркы электен өткөрүлүүсү норма болгон. РКП (б) БКнын Саясый Бюросу 1924-жылдын 11-октябрындагы отурумунда бул маселени акыркы жолу талкуулап, тийиштүү документтерди карап чыккандан кийин Орто Азиядагы элдерди улуттук-мамлекеттик ажы­рым­даштыруу тууралуу чечим кабыл алган.

Андан үч күндөн кийин Советтердин Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы ТүркБАКинин улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу жөнүндө токтомун карап, башка элдерди ажырым­даш­тыруу маселеси менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүп, аны түз РСФСРдин курамына киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Ошентип кыр­гыздардын гана эмес, жалпы Орто Азиядагы элдердин кылымдардан бер­ки үмүт-тилектери, Октябрь революциясынан кийинки суроо талаптары 1924-жылы 14-октябрда ишке ашкан.

Ал эми 1924-жылы 7-ноябрда биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоо» гезитиндеги «Эл хам сарамжалы» деген макалада ККАОнун демографиялык, социалдык жана экономикалык абалы төмөндөгүдөй сыпатталган. Макаладан үзүндүнүн орфографиялык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү ошондогудай сакта­лып берилет: «Бүткүл облустун жери 195800 чарчы чакырымга туура келиб ар чарчы чакырымда 4 жан турат. Калкы: 790122 киши мунун 504858 кыргыз, 118170 өзбек, 133123 орус, 1986, 65 түркмөн хам калганы ар түрдүү калктар (түрүк, уйгур, татар, дунган, сарт, калмак, кыпчак, казак ж. б.)

Малдар: (20-жылдагы эсеби боюнча). Жылкы 205 миң, кара мал 316 миң, төө 20 миң, эчки 182 миң, доңуз 36 миң (европалык кожолуктарында), эшек 6 миң. Аштыктар: сугарылган жерлерде буудай, арпа, сулу, болуб 102 миң, теше күрүч 6 миң, апийим, жүгөрү, конок 19 миң, пахта 10 миң, беде 19 миң теше. Сугарылган жерлерде хам түрдү эгиндер 49 миң теше бары сугарылган. Сугарылбаган эгиндиктер 250 миң теше. Эскертү: бул сандардын барысы чамалап алынган. Бул жерлердин байлыгы тоонун эчен түрдүү кендери: алтын, күмүш, темир, жез, асыл таштар, күкүрт жана таш көмүр, керосин майлары“ (22). Ал эми саясый, психологиялык абал, кыргыздар, милдеттер төмөнкүдөй сыпатталат: „Саконго белгилүү мурун өзбек, казак, тажик, кыргыз, түркмөн журттарынын сайасы турмуштары бир казанда кай­ноо­чу эле. Эми хар өз казанын кандай кайната турганын өзү текшере турган болду. Кыргыз калкы эрктүү облус болорун болду. Биздин сайасы чарбачылыгы, агарту иштер биздин жетишкен кем кетиги чийки чарасы чач­тан көб. Башка улуттарга караганда биздин кыргыз калкы караңгылыгы, надандыгы, билимсиздиги калыб эмес, маселен: биздин коңшубуз өзбек калкы мурун да азыр да маданият жагынан көб жогору турат.

Мына, бул кемчиликтерди эске алыб, кечиктирбей увактын өткөрбөй чарасына киришиб камын көрүү эң чоң бурч» (22). Мында автор «бурч» деген сөз менен милдет дегенди айткысы келсе керек.

Тарыхчылар айрым маселелер боюнча кайчылаш көз караштарын айтып келишет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок бир маселе боюнча баар­ды­гы­нын позициялары, көз караштары бирдей, алар: Кара-Кыргыз облусунун Кара-Калпак автономдуу облусундай Өзбекстандын курамында калтырылбай, алгач Кыргыз (казак) ССРине, анан Өзбек республикасына кошулбай түздөн түз РСФСРдин курамына киргизилүүсү кийин элибиздин өз алдынча мам­лекет болуп кетүүсүн, экономикалык, социалдык жана маданий жактардан салыштырмалуу тез өнүгүүсүн шарттаган чоң жеңиш болгон деп эсептешет. Анткени, РСФСРдин курамында болбосок, кийин АССРге, анан ССРге айла­нып барып, Союз таркаганда автоматтык түрдө өз алдынча мамлекет болуп кете алмак эмеспиз. Бизге жергиликтүү «ака, нагаштарыбыз» бөлүнүп чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк беришмек эмес. Кара-Калпакстандай, Кавказдагы авто­номдуу республикалардай бир кошунабыздын курамында калмакпыз.

Экинчи жагынан, РСФСРге кошулгандан кийин Москвадан каражаттар ортомчусуз түз бөлүнө баштаган. Ошол убакта ККАОнун жылдык бюджетинин 97 пайызга жакыны РСФСРдин эсебинен берилип турган (18:23). Же аздыр-көптүр бутубузга тургуча толугу менен эле Россия баккан. 1921-1924-жылдары өнөр жайды өнүктүргөнгө 1525 миң рубль бөлүнсө, андан үч жылдан кийин анын көлөмү дээрлик он эсеге көбөйгөн (18:22). Жер-жерлерде ликбездер, шаарларда мугалимдерди даярдоочу курстар ачылып, улуттук кадрлар үчүн атайын орто жана жогорку окуу жайларынан квоталар бөлүнгөн. Маселен,1925-1927-жылдары борбордук жогорку окуу жайларына Кыр­гызстандан 728 улан-кыз жөнөтүлсө, алардын 331ри кыргыз болгон (18:62).

Совет бийлиги 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин Кытайга качкан кыргыз­дарды кайра кайтарып, мурдагы жерлерин алып берүү, отурук­таштыруу, билимге, илимге тартуу, басмачылар талкалагандарды калыбына келтирүү, өнөр жайын ж. б. өнүктүрүү үчүн ири суммалардагы каражаттарды жумшаган. Кытайда ар кандай себептер менен барымталарда калган кыргыздарды сатып алып, ата мекенине кайтаруу үчүн каражаттар бөлүнгөн. Жалпысынан кыргындан качкандарды кайтарып, жайгаштыруу үчүн 70 мил­лион рублге жакын каражат жумшалган. Мындай жакшылыктарды унут­канды, бурмалаганды тарых деле, кудай деле кечирбейт болуш керек.

Булар Давид Будянскийдин эмгегинде (25) жетишерлик чагыл­дырылган. РКП (б) БКнын 1924-жылдын 18-октябрындагы токтому менен ККАОнун тунгуч саясий бийлиги- башында М. Д. Каменский, Ж. Абдрах­ма­нов турган, курамында 13 мүчөсү бар облустун убактылуу партия­лык бюросу түзүлгөн. Андан үч күндөн кийин же 21-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин Президиумунун чечими менен ККАОнун Ревкому бекитилген. Жетекчиси И. Айдарбеков болгон, курамына 17 адам кирген. Ал укуктук жактан ККАОдогу убактылуу эң жогорку мамлекеттик орган катары эсептелген. Айрымдар аны БАКка теңештирип, И. Айдарбековду Кыргыз­стандын бирин­чи президенти деп жүрүшөт. Жөнөкөй адамдар же тууган туушкандары ошен­тишсе эч нерсе дебейт элек, ар ким өзүнө жакынды даңазалагысы, аны менен сыймыктангысы келет. Бирок, наамдуу, даражалуу илимпоздордун антип жазып жүрүшкөнү уят, чындыкка ылайык келбейт (15:141), алардын илимпоздук беделде­рине, компе­тенттүү­лүктөрүнө гана шек келтирет. Рев­ком­ду убактылуу өкмөт деген туура болот. Анткени, Ревком облбюронун көзө­мөлүндө турган, бюро тап­шырмаларды берген. И. Айдарбеков өзү облбюронун мүчөсү болгон. Экинчи жагынан эл же легитимдүү орган тарабынан шайланбаганды президент деп атаган өтө эле апырткандык болуп кетет. Бул жагынан алганда тарыхчы А. Джуманалиев Ревкомду Кыргыз­стандын биринчи өкмөтү деп туура атаган (3:133). Облбю­ронун да, Рев­комдун да миссиясы советтердин шайлоолорун, андан кийин алардын Бүткүлкыргыздык уюштуруу сьездин өткөрүп, автономдуу облустун легитимдүү башкаруу органдарын, партиялык уюмун түзүп, ыйгарымдарын аларга өткөрүп берүү менен гана чектелген.

Ал убакта «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун позициясы чындыгында күчтүү болгон. Ал партиянын облБюросунун, Ревкомдун курамдарына да кирген. «Түркстандагы кошчулар уюмунун курулушу 1920-жылдан баштапб жылдан жылга жармыналы түшүб төрөлүб келе жаткандыгы бешиктен белгилүү, — деп жазган ал 1924-жылы 7-ноябрда „Эркин тоо“ гезитинин №1-санындагы „Кыргыз кошчу уйуму“ (мында макаланын орфографиялык өзгөчөлүктөрү сакталды) деген макаласында. -Кыргыз ичин­деги кошчу уйумунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 60,000 алардан 2,000 батырак» (22).

Мындан көрүнүп тургандай, эгерде мурдагы «Букарадан» чыккан, ке­дей-кембагалдардын бирикмеси деп эсептелген «Кошчунун» мүчөлөрүнүн үчтөн бири гана эзилүүчү делген таптын өкүлдөрүнөн болсо, бай-манаптардын тобу деп эсептелген А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев үчөөсү жетектеген топтун мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгынын проле­тариаттык-дыйкандар союзуна тиешеси болбогону көрүнүп турат. Бул ошол мез­гил­дин реалийлери. Сабатсыз калк саясий, башкаруу иштерине инфан­тилдүү, кайдыгер болсо, аздыр-көптүр билимдери бар, мурда башкаруу иштерине аралашкандардан башка саясатка ким аралашат? Ал убакта колунда барлардын балдары гана кат-сабаттарын жоюшуп, башкаруу иштерине, неги­зинен канцелярдык жумуштарга тартылган.

Көз карандысыздыктан кийин Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы тарыхына кайрылганда 5 айдай гана иштеген Ревкомго, советтердин курултайларына, ал түзгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин иштерине негизги басым жасалып, облустук партиялык уюмдун мамлекеттикти калып­тандырып бекемдөө боюнча күндөлүк иштери, конференция, пленум­да­рында караган маселелери көңүлдүн сыртында калууда. Көпчүлүк тарыхый мо­но­графияларды, илимий-популярдуу эмгектерди, айрым тарыхый инсан­дарга арналган китептерди окусаңыз, баардык маселелерди Ревком, БАК, а түгүл ал шайлап, дайындаган эл комиссарлары гана чечишкендей таасир кал­тырат. Андай болгон эмес. Негизги маселелер алгач облустук Бюродо, андан кийинки убактарда облпарткомитетте каралып, жактырылгандан кийин Курултайга, БАКтын сессияларына алынып чыгылган. ОблБюронун жетек­чиси М.Д.Каменский Ревкомго мүчө болгон, жалпысынан Ревком­до­гу­лардын баардыгы большевиктик партиянын мүчөлөрү болушкан. Ревком ККАОнун советтеринин Уюштуруу Курултайын алгач 17-мартка дайындап, анан 23-мартта 25-мартка жылдырып, ага да үлгүрбөгөндө 27-мартка котор­гондугунун себеби, биринчи кезекте облпартконференцияны өткөрүү, анда не­гиз­ги түзүмдөрдү аныктап, жетекчи кадрларды тандоо себеп болгон. Качан облпартиялык уюм 1925-жылдын мартынын экинчи жармында өз конфе­ренциясын аяктагандан кийин гана советтердин уюштуруу Курул­тайына жол ачылган (17:11).ККАОнун БАКинин Курултайда шайланган мүчөлөрү облпар­тиялык уюмдун жетекчилиги тарабынан тандалып, биринчи сессиясында М. Д. Каменский анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбековду сунуш кылган. Советтердин уюштуруу курултайына 136 делегат шайланса, алардын 15нен башкасы компартиянын мүчөлөрү жана мүчөлүккө талапкерлер, комсомолдун мүчөлөрү, ал эми жалпы делегаттардын төрттөн бири жаран­дык жана басмачыларга каршы согуштарда совет бийлигин корго­гондор болушкан (17:12). Же Курултайдын курамы дээрлик толугу менен партиянын мүчөлөрүнөн туруп, анын көзөмөлүндө болгон.

Биздин мында айтайын дегенибиз, облпартуюмдун жетектөөчү жана ба­гыт­тоочу ролун төмөндөтүп, Ревкомду, БАКинин ордуларын, ролдорун ашке­ре жогорулата берүү тарыхый чындыкка жакындабайт. Биздин оюбузча, илимий эмгек жаратам дегендин алдында бир гана максат болушу керек, ал- чындыкты гана аныктоо. Бул жагынан табийгый илимдердики жеңилирээк, бир материалдын же көрүнүштүн негизги сапаттары такталып-тастыкталып, мыйзам ченемдүүлүгү аныкталдыбы, аны дагы жаңы ачылыш болгуча эч ким бурмалай да, өзгөртө да албайт. Ал эми гуманитардык илимдерде, өзгөчө тарых­та көркөм чыгармаларга мүнөздүү вымысел, замысел, фантазия сыяк­туулар деле кеңири колдонула берет. Биздин оюбузча, билишинче, акыбалы жетишинче фактыларды, окуяларды калыс обьективдүү чагылды­рбаса, учур­дагы саясий коньюнктуралык жагдайларга, бирөөлөрдүн каалоо­лоруна, буйрутмаларына ылайык бурмаланып кетсе, же айрым жактары атайылап эс­ке алынбаса, анын илимге эч кандай тиешеси жок саясий публи­цистиканын бир түрү гана болуп калат. Тилекке каршы, ал биздин тарыхнаамабызда кеңи­ри орун алып келүүдө.

Доорлор, мезгилдер алмашканда көркөм чыгармалар гана эмес, тары­хый булактар да жаңыча окулуп, жаңыча каралат. Ал аркылуу мурдагы окуялардын жаңы сырлары, кырлары табылып, ачыкка чыгарылат. Маселен, азыр кыргыз мамлекеттигинин жаңыча шарттарда кайра жаралы­шын түптөгөндөрдүн падышалык Россиянын жергиликтүү мамлекеттик орган­дарында иштеп, «Алаштык», эсердик, кадеттик кыймылдарга актив­дүү каты­шып, ошолордун катарларында партиялык тажрыйбаларды топто­гондоруна басым жасалууда. Бирок, ошол эле тарыхчылардын көпчүлүгү алар реабилитациялангандан кийинки советтик мезгилдерде кыргыз мам­лекеттигин түптөгөндөр «Алашка» же эсердик партияга мүчө болушкан эмес, алардын баары жалаа болгон деп жазып келишкенин кантип эстен чыга­рабыз! ККАОнун идеологдорунун бири эки жыл эсерлердин гезитине редакторлук кылганы көз карандысыздыктан кийин гана айтыла баштады. Атаандаш баш­ка партияга мүчө болгондугу үчүн эле репрессиялаганды эч качан актоого болбойт, бирок андай болгон эмес деп тануу да илимге ылайык келбейт. Биздин мында айтайын дегенибиз, документтерди жаңыча окуу деген саясий система алмашканда мурда аныкталып, такталып, аксиомага айлангандарды да танып, кыялый болсо да жаңы парадигмаларды жаратуу далалатына айланып кетпеши керек. Кыялыйлардын илимге эч кандай тиеше­си жок, ал көркөм чыгармачылыктын энчисиндегилер.

Ошентип 1924-жылдын ноябрынан же партиялык жана мамлекеттик убактылуу башкаруу органдары түзүлгөндөн советтерге шайлоолорду, андан кийин советтердин Уюштуруу Курултайын өткөрүп, толук легитимдүү башкаруу органдарын түзүүгө даярдыктар башталган. Партиянын облБюросу ал иштерди координациялап, жетектөө менен бирге өздөрүнүн облкон­ферен­циясын өткөрүүгө даярдыктарды көрүүгө киришкен. Ал убакта эконо­микалык, чарбалык абал оор болгон.1924-жылга карата жарандык согуштан, басмачылыктан кыйрагандардын 70 пайызы гана калыбына келтирилген. Маселен, Аман палван жетектеген корбашылар Таш-Көмүрдүн элин бир нече жолу чабышып, жумушчуларын, адистерин өлтүрүп, шахталарды кошумча жайлары менен кошо өрттөп кетишкен. Андай көрүнүштөр Фергана өрөөнүнүн дээрлик баардык жерлеринде болгон. Коммунисттер, ком­сомолдор, мугалимдер күндүз өз иштерин аткарышса, түндөсү солдат­тар менен бирге стра­тегиялык обьектилерди кайтарып, же үңкүрлөрдө, токой­лордо түнөп жүрүшкөн.

Калыбына келтирүү иштерин уюштуруп жетектөө да Ревком менен облБюрого жүктөлгөн. Бирок, саясий жактан ал убакта жаңы түзүлгөн облус­тун укуктук пайдубалын түптөө эң башкы милдет болгон. Ал Ревком караган масе­­лелерден эле көрүнүп турат, ал 12-ноябрда өз милдетин аткарууга киришип, биринчи кезекте Кыргызстанда административдик-аймактык бө­лүү­­лөрдү-округдарды, райондорду түзүүнү ишке ашырган. Ал 1925-жылдын 15-мартына чейин 51 отурумун өткөрсө, аларда советтерге шайлоолорду, Уюштуруу Курултайын өткөрүү, жергиликтүү башкаруу органдарын бекем­деп, чыңдоо, эл чарбасын калыбына келтирүү, социалдык тармактарды өнүк­тү­рүү боюнча 665 маселе караган. Же ар жумада кеминде 3—4төн жыйын өткөрүп турган (3:135).

Ревком өз ишинде РСФСРдин Баш мыйзамынын автономдуу түзүмдөр боюнча 4-бабын жетекчиликке алган. Анын ККАОнун түптөлүшүндөгү ролу абдан чоң болгон. Анын орду жана ролу жөнүндө, З. Курманов менен Г. Джакупова парламентаризмдин башаттарын изилдеп, чоң монография кылып чыгарышкандай, анын беш айга жетпеген убакыттагы аткарган иштерин изилдеп, иликтеп, позитивдүүлөрү менен бирге кемчиликтерин да ачып берген эмгек даярдалса, республикабыздын жаңы тарыхын окуп үйрөн­гөндөр үчүн баалуу белек болмок, ал окуу куралы катары да пайдаланылмак.

1925-жылы февралда-марттын башталышында советтерге шайлоолор өткөрүлгөн. Аны тарыхчылардын баардыгы айыгышкан топтук күрөштөрдүн шартында өткөндүгүн белгилешет. Айрым болуштуктарда (волость) шайлоо­лордун жыйынтыктары жокко чыгарылып, алар түзгөн аткаруу бийликтери таркатылган. ОблРевкомдун президиуму 1925-жылы 5-февралда ККАОнун Жобосун иштеп чыгуу боюнча 5 адамдан турган комиссия түзгөн менен ал ишке ашкан эмес. Ал убактагы жетекчилердин жана адистердин Баш мыйзам­дын долбоорун даярдоого интеллектуалдык, билим деңгээлдери, тажрыйбалары жетишпеген. Ыгы келгенде айтсак, ар он миң адамга эсептегенде илимдин докторлору, кандидаттары боюнча дүйнөдө алдыңкы­лардын катарында болгонубуз менен азыр деле депутаттарыбыз башка мамлекеттердин мыйзамдарын көчүрүп алып жатышпайбы.

Михаил Каменскийдин эрдиги

ККАОнун 1925-жылы 14-мартта өткөрүлгөн облустук партиялык кон­фе­ренциясында А. Сыдыковду колдогондор жеңилгендиктен алардын бири да жаңы башкаруу органынын түзүмдөрүнө жетекчиликке сунуш кылынбаган. Ж. Абдрахманов облустун партиялык уюмундагы экинчи даражадагы кызматынан ажыраган. Ага таарынган Сыдыковчулар советтердин 1925-жылдын 27-мартында башталган Уюштуруу Курултайына бойкот жарыя­лашкандыктан анын отурумдарына 135 делегаттан 50—70ни гана катышкан. М. Каменскийдин алдап соолаган чакырыктары, опузалары эч натыйжа бербе­генден кийин ал канча делегат катышпасын Курултай өз ишин уланта бере турганын жарыялаган. Айрымдарга жакпаса да Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев баш­тагандардын бойкоту жаңыдан түзүлгөнү жаткан жаш мамлекеттик түзүмдүн кызыкчылыктарына каршы келгенин, ал эми Худайкуловчулардын Курултайдагы позициялары негизинен позитивдүү болгонун моюнга алуу керек. Сыдыковчулар кандай кырдаал болбосун өздө­рүнүн амбицияларын жеңип, Уюштуруу Курултайына аягына чейин катышып, нааразылыктарын, су­нуштарын ошерде айтып, ККАОнун укуктук пайдубалын түзүүгө өз салымдарын кошуулары керек эле. Эгерде аларды ээрчигендер көбөйүп, кворум жоктугунан Курултай иштей албай таркап кет­се, алар 1921-жылдан бери сунуштап келаткан идея ишке ашпай калмак. Ал биринчи кезекте Сыдыковчулардын өздөрүнө сокку болмок, ага каршы­лардын гана отуна май тамызып, Худайкуловчулар «мына, бай манаптардын тукумдарынын кылган иштери. Элге чыккынчылык кылышты» деп кыйкы­рып чыгышмак.

Азыр айрым тарыхчылар Кыргызстанда чыныгы партиялык диктат Уюштуруу Курултайында эле башталган деп аны терс көрүнүш катары чеч­ме­леп жүрүшөт. Биз аларга: сиздердин оюңуздар боюнча Курултайдын өз ишин баштабай жатып таркап кеткени жакшы беле? -деген суроону бергибиз келет. Анда ал Союздун жетекчилигинде «айрымдары арызданып, даттанып жатышкандай, булар бир чогулушту да өткөрөт албайт турбайбы. Демек, азы­рынча өз алдынча улуттук-мамлекеттик түзүм болгонго даяр эмес экен» деген пикир жаратып, бизди РСФСРдин курамынан чыгарып, Казакстанга же Өзбекстанга кошуп салышы да мүмкүн эле. Кийин ККАОну КАССРге айлан­дыруу сунушунун жогортон колдоо табышы өтө татаал маселеге ай­ланмак.

Андай учурда М. Каменскийдин демилгени, баардык жоопкерчиликти өзүнө алып, кысым, басым менен болсо да Курултайды аягына чыгарып, ККАОну легитимдештирип, башкаруу органдарын түзүүсү, чынын айтуу керек, эрдикке тете иш болгон. Ал үчүн болсо да анын эмгегин унутпай, бир көчөгө болсо да ысмын калтыруубуз керек.

Ал эми облпартконференциядагы жаңжал боюнча айтсак, азыр деле дүйнөдө бир да партия өз саясатын колдобогонду жетекчи органдарга сунуштабайт, ошон үчүн саясий партия деп аталат. Азыркы Кытайдын архи­тектору Дэн Сяопинь «Кандай түстөгү мышык болбосун, ал чычкан кармаса болду» дегендей, ошол убакта М. Каменский жетектеген фракция мүчөлөрүнүн кысым менен болсо да Кыргызстандын жүз жылдаган келечегин аныктоодо эпохалдык тарыхый иш жасашкандары эч кимде талаш туудурбайт деп ойлойбуз.

Бир күн мурда Курултайдагы большевиктер фракциясынын мүчөлөрү чогулушуп, БАКтын мүчөлүгүнө сунуш кылына тургандардын тизмесин беки­тишкен. Ал тизме 30-мартта эч кандай өзгөртүүсүз делегаттар (70 делегат катышкан) тарабынан кабыл алынып, БАК, 31-мартта анын президиуму, анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Аны тирешкен эки топ­­ко аралашпагандыгы, теги жагынан жумушчу, басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучусу болгону үчүн М. Каменский колдогон. ККАОну КАССРге айландыруу демилгесин биринчи болуп Курултайда М. Каменский көтөргөн.

Азыр улуттук тарыхнаамабызда М. Д. Каменский туруктуу терс каармандарга айлангандардын бири. Аны Сыдыковчуларды эмес, Худай­куловчуларды колдогону, облустук партиялык биринчи конференцияда Ж. Абдрахмановду баш кылып баардыгын кызматтарынан кетиргендиги үчүн айыптап, эң жакшы дегенде кремлдин жасоолу катары сыпатташат. Мында ал 1908-жылдан берки партстажы, партиялык уюштуруу жана идеологиялык иштеринде чоң тажрыйбасы бар, подпольелик жана ачык күрөштөрдө, согуштарда такшалган большевик катары Сыдыков­чуларды да, Худай­куловчуларды да коммунист түгүл, коммунист болууга да аракеттенбеген, баш оттору менен топтук, уруулук күрөштөргө кирип кеткен адамдар катары эсептесе, башка эмне кылмак? Ал Сыдыковчуларды толугу менен бай-манаптардын тукумдары, «Алашчылардын», эсерлердин куйруктары деп эсептеген. Ал эми Р. Худайкулов совет бийлигинин алгачкы жылдарында кедей-кембагалдардан түзүлгөн «Букара» коомдук уюмун жетектеп, аны Кыр­гызстандагы эң массалык «Кошчу» уюмуна айландырган. Анын мүчөлөрүнүн саны 80 миңден ашкан учурлар да болгон. Теги кедей-кембагалдардан чыккан. Мындай учурда өмүрүн пролетариаттын диктатурасы үчүн күрөшкө арнаган адам катары анын Р. Худайкуловго жан тартканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал Худайкуловду колдогон менен жогорку кызматтарга сунуштаган эмес. Аны трибун, эң абройлуу коомдук уюмдун лидери катары гана пайдаланган.

Айрым абройлуу эмгектерде И. Айдарбековду Уюштуруу Курултайында кызматтан четтетишкен деп жазылып жүрөт (15:166). Ревкомдун ыйгарым­дары Уюштуруу Курултайына чейин эле болсо, Курултай тийиштүү чечим­дерди кабыл алары менен ал автоматтык түрдө жоюлса, ал кантип кызмат­тан чет­тетилет? Аны БАКинин Эл Комиссарлар Кеңешине шайлашпай койгон деп жазышса чындыкка жакындамак, бирок жоюлган органдын жетекчисин «сме­щение» деп жазуу адамдын күлкүсүн келтирерлик жорук. Андайларды ака­де­миктик наамдары барлардын уялбай жазышкандары өкүндүрөт.

Тилекке каршы, өңкөрүш-төңкөрүштөрдүн алдыңкы сабына чыккан­дардын көпчүлүгү өз пикирин гана туура деп эсептеген максималист, башкалар менен ымала түзүп иштешкенге жөндөмдөрү аз адамдардан болорун 1990-жылдардан бери көрүп келатабыз. Ж. Абдрахмановдун М. Каменский менен беш ай бирге иштеше албагандыгы, А. Сыдыковдун партиянын катарынан үч жолу чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынганы эле аны айтып турат. Э. Арабаевдин ачкыл-кычкылдарга жакыныраак болгонун замандаш­тары эскеришкен. Алардын ККАОнун түзүлүшүндө эмгектери чоң, бирок инсан катары иштешкенге ыңгайсыз адамдардан болуш­канын да моюнга алуу зарыл.

Россиянын калыптанып, индустриалдык державага айлануусунда Петр-1 менен Екатеринанын ролдору абдан чоң. Бирок, инсан катары алар кандай болгону да эки кылымдан ашык убакыттан бери ачык айтылып жазы­лып келүүдө. Андан алардын абройлору түшүп деле кеткен жок. Биз да мак­тагандарыбызды пайгамбарлардан бетер асмандатып, ал эми жаманда­гандарыбызга жок нерселерди деле жабыштыра бербестен баардыгына калыс, обьективдүү карап талдаганды үйрөнүүбүз керек.

БАК түзүлгөндөн кийин Ревком жоюлуп, бөлүмдөрү автоматтык түрдө анын карамагына өткөрүлгөн. РСФСРдин Баш мыйзамынын 4-бабына ыла­йык, облустагы эң жогорку башкаруу органы катары советтердин жылына бир жолудан чакырылуучу Курултайы, анын аралыгында ага отчет берүүчү Борбордук Аткаруу Комитети түзүлгөн.

Аны менен падышалык Россиянын убагында Түркстандын төрт облусуна, андан кийин жаңыдан түзүлгөн республикалардын, автономдуу облустун аймактарында калган кыргыздар бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирилип, ар элдерге ассимиляцияланып сиңип кетүү коркунучу жоюлган. Азыр улутташтырылган мамлекеттик түзүмдөрдүн чек араларын аныктоодо большевиктер көп кемчиликтерди кетиришкен, а түгүл Борбордук Азиядагы элдерде дайыма чек аралык чыр-чатактардын потенциалдуу коркунучу болуп турушу үчүн атайылап жасашкан деген ойлор айтыла калат. Бир жагынан алганда андай ойлордо да чындыктын үлүшү бар, ККАО түзүлгөндөн кийин Анжиан облусунда мурдатан кыргыздар компактуу жашап келген бир район, Жизакта эки райондой, Ташкентте (Чаткал тоолорунун тү­шө беришинде) жарым райондой, Памир тарапта эки район, Коженттин айла­насында 6 кыргыз айыл башка республикалардын аймактарында калган. Экинчи жагынан, баардыгы бир элдин эрки жана каалоосу менен гана чечил­бешин, убагында башка элдердин да ажырымдаштырууда бизге карата доо­маттары, талаптары болгонун, жалпысынан алганда ажырымдаштыруу кыр­гыз­дар үчүн ийгиликтүү ишке ашырылганын да эстен чыгарбоо керек.

ККАО түзүлгөндө аймагыбыз 195, 7 миң чарчы-километр болсо (3:130), 1996-жылга карата 198, 5 миң чарчы метрди түзгөн (20:364). Башка айрым республикалар облустарынан, райондорунан айрылышса, биздин аймак ке­ңей­ген. Анда М. Каменскийден тартып Т. Усубалиевге чейинки жетекчи­лери­биздин салымдары бар.

Жыйынтыктап айтканда, Орто Азияда улуттук-мамлекеттик ажырым­даш­тыруу процесси үч этапта ишке ашырылган.

Биринчиси, 1921-жылы 11-апрелде Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүлүшү. Ал РКП (б) БКнын Түркстан боюнча комис­сиясынын иштеринин жыйынтыктарына ылайык, ажырымдашты­руунун алгачкы этабы катары каралган. ТССРдин жетекчилери жер-жерлердеги этни­калык абалды иликтеп, үйрөнүшүп, сунуштарын РКП (б) БКга жана ВЦИКке беришкен. Экинчи, этабы Кара-Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюн­ча 1921-жылы идея жаралып,1922-жылы 4-июнда кеңешүүчү-даярдык көрүү макамында Курултайдын өткөрүлүүсү болуп саналат. Каршылардын да көптүгүнө байланыштуу ал аябагандай драмалуу мүнөздө өтүп, чыр-чатактар менен аяктап, максатына толук жетпей калганын жогоруда айттык. Бирок, анысына карабастан ал аябагандай чоң дем берүүчү жана мобилизациялык мааниге ээ болгон. Аймактагы элдин көбү ошондо чындап ойгонуп, ККАОну түзүүнү жактагандардын катарын көбөйткөн.

Үчүнчү этабы, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин 2-сессиясынын Орто Азиянын элдерин улуттук-мамлекеттик ажырымдаш­тыруу жөнүндө чечими менен ККАОнун түзүлүшү болуп саналат. Ал чечимде «Во исполнении выраженной всеобщей воли рабочих и дехканских масс кара-киргизского народа предоставить право кара-киргизскому народу выйти из состава Автономной Туркстанской ССР и образовать Кара-Киргизскую авто­номную область в составе РСФСР» деп жазылган (7:98). Аны материал­даштырып, уюштуруп аткарып, укуктук жактан бекемдөө үчүн беш айдай убакыт талап кылынган. Ал 1925-жылы 27-30-мартта советтердин Уюштуруу Курултайын өткөрүп, легитимдүү мамлекеттик жана башкаруу органдарын түзүү менен аяктаган.

ККАОнун большевиктеринин обкомунун биринчи катчысы М. Д. Каменский Курултайда сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн атаандаштырына ККАОну эмес, адегенде эле ККАССРди түзүү сунушу менен чыгыш керек эле деген сын айткан. Аны азыр ар кимдер ар кандай чечмелеп, ал атаандаштарынын кадырын кетирүү, басынтуу үчүн саясый коньюнктуралык максатта айткан деп да жүрүшөт, бирок кандай максатта айтпасын, ал ошол замат колдоого алынып, ККАОнун облаткаруу комитетинин Президиуму 1925-жылы 25-апрелде ККАОну Кыргыз АССРине айландыруу жөнүндө өтүнүчү менен ВЦИКке кайрылган. ВЦИКтин Президиуму 1926-жылы 1-февралда колдогон чечим кабыл алса, аны ВЦИКтин 1926-жылдын 8-18-ноябрында өткөн 3-сессиясы бекиткен. Кыргыз АССРинин советтеринин уюштуруу сьезди 1927-жылы 7-мартта өткөрүлүп, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынган. Ал убакта Кыргыз АССРинин укук-ченемдик актылары, Баш мыйзамы болбогондуктан РСФСРдин укук-ченемдик актылары менен иштеген. Ошентсе да ВЦИК менен РСФСРдин Эл Комиссарлар Кеңеши 1927-жылы 21-мартта Кыргыз АССРинин мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө укуктук Жобону бекиткен.

Кыргыз мамлекеттигинин советтик мезгилде кайра жаралып, өнүгүүсүнүн эң драмалуу алгачкы этабы ошентип аяктаган. Андан кийинки 1936-жылы Кыргыз ССРИнин түзүлүүсүнө чейинки мезгил да абдан драмалуулулугу менен айрымаланган, бирок аларды талдоо биздин максатка кирбейт.

Кыргыз мамлекеттигинин кайра жаралуусундагы эң драмалуу 1920-1925-жылдардагы окуялар дүңүнөн жетишинче баяндалып, изилденип, символдук, координаттык оң-терс көрүнүштөр, функционерлер аныкталган менен, тилекке каршы, азырга чейин деталдаштырылып, ар тарыхый окуя, ар тарыхый инсан тарыхыйлуулуктун жана илимийлүүлүктүн негизинде калыс обьективдүү изилденип, тактала элек. Маселен, ВЦИКтин Түрк Ко­мис­сиясынын, андан кийинки Туруктуу Комиссиясынын, Түркстан ССРинин, ККАОну түзүүдөгү Ревкомдун, РСДРП (б) нын ККАО Бюросунун иштери, ошол убактагы саясий процесстердин тутумунда өз-өзүнчө предмет катары иликтенип-изилденип такталуусу зарыл. Обзордук материалдарды кийиз тепкендей кылып, бир эле нерсени бирде ары тоголотсо, бирде бери тоголото урдура бергендин, биздин оюбузча чыныгы илимге тиешеси деле жок. Бул жа­гынан биз белгилүү тарыхчынын: «Из широкого круга научных проблем истории Кыргызстана советского периода остается наименее изученным и наиболее искаженно представленным вопрос, связанный с обретением государственности. До недавнего времени позитивные моменты этого сложного вопроса, считавшегося во многих своих моментах „щепе­тильным“, раздувались до небес, а негативные-налагалось табу» 24:347) деген пикирине толугу менен кошулабыз. Андай табулар азыр алынбаса, качан алынат? Окурмандарга, жалпы эле коомчулукка асмандатыла апыртыл­гандардын да, жерден алып, көргө чапкан нигилизмдин, манкурттуктун кереги жок. Канчалык ачуу болсо да чындык гана керек.


АДАБИЯТТАР

1. Кыргыз тарыхы. Негизги окуялар жана даталар. Түзгөндөр: К. Иманалиев, К. Жусупов, Б. «Руханий мурастар» фонду, «Учкун», 94 б.

2. Бабур З., «Бабурнаамэ», Т. Главная редакция энцикло­педий, 1993. 434 с.

3. Джуманалиев А., Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы кыргызского общества в 1920-1930-е годы), Б. ОсОО «ДЭМИ», 2002., 399 с.

4. Ленин В. И., К вопросу о национальностях или об «автономизации», В книге: Избранные сочинения. Т. 10. 1921—1922. М. Изд. Полит. литературы. 1987., 568 с.

5. Сталин И. В., Политика советской власти по национальному вопросу в России, В книге: Ленин и Сталин. О Средней Азии и Узбекстана, Т. Партиздат ЦК КП (б) Узб. 1940., 282 с.

6. Курманов З. К., Политическая борьба в Кыргызстане 20-ые годы, Б. Илим, 1997., 292.

7. Образование СССР. Сборник документов (1917—1924), под ред: Э. Б. Генкиной. М-Л. Изд. Академии Наук СССР, 1949. 472 с.

8. Эмерсон Р., Эссе. Торо Г., Уолден или жизнь в лесу, М. «Художественная литература», 1986. 639 с.

9. «Фонд Викимедиа».

10. hats:/cenrtasia. orgA?. php? st=1271966700

11. Джунушалиева Г., Эволюция Кыргызской государственности в советский период (20—80 годы ХХ века). Б. «Илим», 2006, 138 с.

12. Ходжаев Ф., Избранные труды. Том 1., Т. Изд: «Фан», 1970., 500 с.

13. Дубинский-Мухадзе И. Куйбышев, ЖЗЛ, М. «Молодая гвардия», 1971. 304 с.


14. Архангельский Вл., Фрунзе, ЖЗЛ. М. «Молодая гвардия», 1970. 510 с.

15. У истоков кыргызской национальной государственности (Ред.: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев). Б. Илим, 1996. 384 с.

16. Первые социалистические преобразования в Киргизии. Сборник документов 1918—1920. Отв. редактор Каракеев К. К., Ф. «Илим», 1990, 340 с.

17. Курманов З., Джакупова Г., Парламентаризм в Кыргызстане: первый опыт., Б. ОсОО «Полиглот», 1998., 200 с.

18. Вопросы истории коммунистической партии Киргизии. Ежегодный сборник статьей. Выпуск 2. Ф. Киргосиздательство, 1962, 232 с.

19. Культурное строительство в Киргизии 1918—1929 гг. Сборник документов и материалов. т. 1. Ф. Академии наук Киргизской ССР. Киргизиздательство, 1957., 410 с.

20. Правовые системы стран мира. Энциклопедический справочник. Второе издание. М. Изд. Норма, 2001, 840 с.

21. Письмо И. В. Сталина В. И. Ленину, 22-сентября 1922 г. В Журнале: Известия ЦК КПСС. 1989, №9.

22. Кудайкул уулу, Кыргыз кошчу уйуму. «Эркин тоо», 1924-жыл, 7-ноябрь.

23. Сейфуллин С. Тернистый путь, А-А. «Жазушы», 1975. 432 с.

24. Дж. Жунушалиев, Время созидания и трагедий 20-30-годы ХХ в., В книге: Кыргызы. Двадацати томник. ХХ том. Источники: архивные материалы, монографии. с. 347. Б. «Бийиктик плюс», 2019, 604 с.

25. Будянский, История беженцев-кыргызов (1916—1927 годы). Б. «ДЭМИ», 2007. 196 с.


М. Фрунзенин ККАОну түзүүдөгү ролу

Мени аскердик кафедраларда окуп жүргөнүмдө М. В. Фрун­зенин эч кандай башталгыч аскердик билими да жок туруп, фронтторду жетектеп, падышалык Россиянын генштабынын акаде­миясын бүтүргөн, взводдун командиринен армиялардын команда­чысына чейинки тепкичтерди басып өткөн генералдардын, адми­рал­дардын аскерлерин талкалаганы таң калтырчу. Университеттин аскердик кафедрасындагы Табеев деген полковник кызыл армиянын полководецтеринин ичинен эң чыгааны Михаил Фрунзе болгон деген сөздү көп кайталап, анын аскердик ишмердигин айтып кирчү. Ал эми Ташкентте Фрунзенин культу бар эле, округдук гезит да «Фрунзевец» деп аталчу.

Ал жарандык согуш мезгилинде төрт фронтту жетектеп, актар Россиянын башкы Башкаруучусу деп жарыялаган Колчактын, Врангелдин армияларын, Орто Азияда басмачылык кыймылды, Буха­ра эмирлигинин аскер­лерин талкалап, Украина менен Крымдагы аскерлерди жетектеп, ал жактарда совет бийлигин орнотуп, Түрк­комиссиясынын, БАКтын, Рев­военсоветтин, РСДРП БКнын, Эко­но­микалык советтин, советтердин Бүткүл­союздук 1-сьезддин даярдоо боюнча Комиссиялардын мүчөсү катары аябагандай жооптуу мамлекеттик иштерди да аткарган.

Ошол эле мезгилде аскердик, согуштук иштер боюнча туп­туура он теориялык эмгектин автору да болуп саналат. Ошон үчүн убагында Союздун Коргоо министрлигинин башкы штабынын Академиясы М. Фрунзенин атына коюлган. Россияда азыр деле ал өзгөртүлгөн жок.

Мында кимде болбосун жадегенде жогорку билими, аскердик тажрыйбасы жок адам маршалдык деңгээлдеги бийиктикке кантип жетиш­кен? — деген суроо пайда болбой койбойт. Тубаса таланттын ээси болуп төрөл­гөндүн деле чоң сүрөткерге, жазуучуга же артистке айлануусу үчүн көп жылдар бою окушу, өзүнө чейинкилердин тажрыйбаларын дыкат үйрөнүүсү, анан жадабай машыгуусу, көнү­гүүсү керек. Верныйдагы гимназияны алтын медаль менен аяктаса да Петербургка баргандан кийинки өмүрү саясый кружоктор, камоолор, куугундар, сүргүндөр менен өтсө, ал аларга кайдан үл­гүргөн?

Эскерүүлөргө, ал тууралуу жазылгандарга караганда, анда адамдарда, өзгөчө жетекчилерде сейрек кездешүүчү сапат болгон. Биринчи кезекте, ал адистердин, тажрыйбалуулардын кеңеш-сунуш­тарын көңүл коюп угуп, анан өз оюндагыларды ары-бери калчап, салыштырып, оптималдуу чечим кабыл алууга, экинчи­ден, дайыма тийиштүү адабияттарды окуп үйрөнүп, билимин, түшүнүгүн арттырууга аракеттенген. Ал кесипкөй адистерди сыйлагандыгы, баалагандыгы штабынын башчысы, падышанын убагында эле генералдык даражага жетишкен Ф. Ф. Новицкийге жасаган мамилесинен көрүнүп турат. Экөөсү Ярославлда жолук­кандан тартып, жарандык согуш бүткүчө айрылган эмес. М. Фрун­зе дайыма ага урмат менен мамиле жасаса, Ф. Новицкий аскердик тактика, стратегия, коргонуу иштерин, чабуулдарды уюштуруу, командирлерди тандоо жагынан жардам берген. «Фрунзе был удивительно восприимчив и отзывчив, — деген ал эскерүүсүндө. Он не боялся принимать оригинальные решения… За каждой боевой операцией видел он людей. Он буквально впитывал в себя военные знания, однако не с тем, чтобы коллекционировать их, а для того, чтобы как можно скорее пустить их в дело» (1:495). Же М. Фрунзе аны саясый революциялык жагынан тарбияласа, Ф. Новицкий аны чыныгы аскердик колбашчыга айландырган.

Командир менен штабдын жетекчиси, же комиссары же Реввоенсоветтин мүчөсү тил табыша албагандан улам аскердик операциялар жабыр тарткан учурлар Жарандык согушта да, Улуу Ата Мекендик согушта да аз болгон эмес. В. Чапаев менен Д. Фур­манов кээде жакалашканга чейин барышса, Улуу Ата Мекендик согуштагы Харьков трагедиясы штабдык адистердин пикирлерине көңүл бурбагандан келип чыккан.

М. Фрунзе жашынан адабиятка жакын болгон. Классикалык орус адабиятынын мыкты үлгүлөрүн мектепте, гимназияда жүргөн­дө эле окуп чык­кан. Пишпектин ошол убактагы старостасы, чокундурган атасы, жыгач уста И. Терентьев анын идирегин байкап жардам берип, Пишпекте аны окуу акысынан бошотсо, кийин гимназиядагы окуу акысын да шаардык башкар­малыктын эсебинен төлөтүп турган.

«1885-жылы Түркстандын Жети-Суу облусунун Пишпек шаарында төрөлгөм, -деп жазган ал өмүр баянында. Менин атам теги боюнча Херсон губерниясынын Тирасполь уездинин Захарьев волостунан чыккан дыйкан. Улуту-молдован. Аскердик кызматка чакырылганда Түркстандагы аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп, ал аяктаганда Жети-Сууда калып, фельдшер болуп иштеген. Апамдын теги 70-жылдарда Жети-Сууга көчүп келген Воронеждик дыйкандардан.

Мектепте башталгыч билим алгандан кийин Верный шаа­рындагы гимназияга тапшырып, аны 1904-жылы аяктадым» (1:5).

Ал революциялык идеяларга гимназиядагы ар кандай кру­жокторго катышканда эле кызыгып жүрсө, Санкт-Петербургка кел­генден көп өтпөй РСДРПга мүчө болот. Ошол убактагы кеңири белгилүү адамдардын бири, акын, драматург жана сынчы И. Ф. Аннен­ский менен таанышат, М. Горь­кийдин сөзүн угат. Анын инсти­туттагы лекция, сабактарга болгон ынтаасы азайып, революциялык идеяларга жана иштерге кызыгуусу көбөйө баштайт. Акырында сабактарды көп калтыргандыгы жана окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн политехникалык институттун экономикалык бөлүмүнөн чыгарылат.

1905-жылы 9-январда митинге чыккан жумушчуларды атууда колунан жарадар болот. Андан кийинки 1917-жылдагы февраль революциясына чейин­ки өмүрү бирде легалдуу болсо, бирде жашыруун революциялык иштер менен өткөн. Үч жолу өлүмдөн калган. Биринчисинде, кагылышууда атчан казак мойнуна чалма ыргытып, дыркыратып сүйрөтүп жөнөсө, 1909-1910-жылдары полициянын жетекчисине кол салганы үчүн эки ирет өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок, алар каторгалар менен алмаштырылып, 1916-жы­лы мартта качып кеткиче Шуянын, Владимирдин, Нико­лаевдин, Иркутскинин жана Читанын түрмөлөрүндө отурган.

Ал өлүм жазасын күтүп отурганда англис, италия тилдерин үйрөнүп, саясий экономикалык адабияттарды, Пушкиндин, Чехов­дун, Л. Толстойдун ж. б. чыгармаларын окуу менен убак­тысын өткөргөн. Албетте, ал баардык эле адамдардай эле өлгүсү келген эмес, корккон, бирок өкүмдөрдөн кийинки алгачкы күндө­рү апатияга батса да, тез эле кайратын жыйнап, өзүн колго алып, китеп окууга киришкен. Бош убактысы боло калса, гезиттерди же китептерди окуу ага өмүр бою адат болуп калган. Түрмөдө өпкөсүнө суук тийип, кан түкүргөн учурлары да болгон, бирок оорууну, кыйын­чылык­тарды күчтүү эрки менен жеңген.

Бизге Фрунзе биринчиден, жердешибиз, экинчиден, кыргыз эли­не дайыма терең симпатияда мамиле жасап, керек учурларда кол­доп да турганы үчүн кымбат болуп саналат.

Анын атасы Василий Фрунзе кыргыздарга жакшы мамиле жасаган, Абдыкерим Сыдыковдун чоң атасы Өзүбек Бошкоев, Пиш­пектин биринчи старостасы Илья Терентьевдей эле, анын жакын досу болгон. Кыргыздарды өзү иштеген ооруканага жаткы­рып, дарылап жатканын көргөн Жети-Суу облусунун губернатору фон Таубе: «Превратили больницу в зверинец! Кто додумался помещать сюда инородцев!» (1:8) деп кызматынан куугандыктан маянасы жок калып, кыргыздарды, башка майда элдерден кайрыл­гандарды дарылап, алар бергендер менен тиричилик кылып жүрүп 1897-жылы жарыкчылыктан өткөн.

Михаил Фрунзе 1919-жылы августта Түркстан фронтунун командачысы, ошол эле жылы 8-октябрда В. Лениндин демилгеси, ВЦИКтин токтому менен анын Түркстан иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү да болуп дайындалып, аймактагы советтердин иштерине кураторлук кылган. Анын фронттун коман­дачысы катары 1919-жылдын 23-октябрындагы буйругунун 1-пунктунда: «Всем начальникам и военкомам под их личной ответственностью иметь неослабное наблюдение за тем, чтобы никаких безообразий по отношению к киргизскому населению не учинялось» деп айтылса, 3-4-пункттарында кыргыздарга ыдык көрсөтүп, талап-тоногондорго карата атууга чейинки чаралар колдо­нуларын эскерткен (2:131). Ал кыргыз тилин жетиштүү, ал эми Түркстандагы башка этностордун өзгөчөлүктөрүн жакшы билген. Ал ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясынын отурумунда бир гана Түрк республикасын түзүү жөнүндөгу сунушка: «мында өзбектер, тажиктер, кыргыздар, түркмөндөр да бар» деп катего­риялуу түрдө каршы чыгып, «РКП (б) БКнын Түркстан бюросун түзө туралы, калганын кийин көрөбүз» (1:406—407) деген сунушун өткөр­гөн. Кийин 1921-жылы 11-апрелде ТССР түзүлгөн менен ал Бор­бордук бийлик тарабынан ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары гана каралган. Борбордук бийликте андай көз караштын калыптануусуна М. Фрунзенин позициясы да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Мында кошумчалай кетчү нерсе, ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясында партиялык, мамлекеттик башкаруунун баар­дык ыйгарым­дары болгон. Же аны кийин түзүлгөн ревком­дордой эле, убактылуу өкмөттүн жана партиялык жетекчиликтин алгачкы формасы десе да болот.

ККАО түзүлгөндө, кийин ал КАССРге айландырылганда М. Фрун­зе эң жылуу куттуктоолорун жиберген.

Борбор калаабыз 66 жыл даңазалуу полководец, СССРдин Реввоенсоветинин төрагасы, кыргыздардын чоң досу М. В. Фрун­зенин ысмын алып жүрдү. Ал кыргыз эли үчүн кайра жаралып, телигип-телчигип, экономикалык жана социалдык, маданий жак­тан дүркүрөп өсүп өнүгүүнүн мезгили болду. Михаил Фрунзе- тарых­ка стратег-колбашчы, чыныгы интернационалист катары кирип калса, анын атындагы борборубуз улуттук кайра жаралып, гүлдөп өсүп өнүгүүнүн символуна айланган. Ошондуктан анын иш­те­рине тарыхый калыстыкта мамиле жасап, ысмын чоңураак адми­нистривдик-аймактык субьектиге койгон туура болмок. Эгерде 100 жылдыкты белгилөөнүн алкагында Октябрь же Свердлов районуна Михаил Фрунзенин ысмы берилсе, тарыхый адилет­түүлүк ордуна келмек. Советтик мезгилде расмий түрдө: «Ленин десек- Октябрды, Октябрь десек-Ленинди түшүнөбүз» деп айтылган. Демек, анда бир эле түшүнүктү, атты катарлаш эки райондун алып жүрүүсүнүн зарылдыгы жок. Октябрь менен Ле­нин Баден-Баден дегендей эле түшүнүк. Бирок, Германияда ал бир эле шаардын аты болсо, бизде бир түшүнүктө эки район аталып келатканы туура эмес. Бизге Лениндин аты калса жетишет. Ал эми Я. М. Свердловдун Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок. Андан бизге М. Фрунзе жүз эсе жакын.

Анын Түркстанда совет бийлигин орнотуп, экономикасын жана маданиятын калыбына келтирүүгө кошкон салымы ата мекен­дик тарыхчылар тарабынан да жогору бааланат (2:203—213).

Азыркы саясый көз караш менен алганда М. Фрунзе жетектеген Түркстан фронтунун аскерлеринин Бухара хандыгын талкалап, басма­чыларды негизинен жойгону айрымдарга туура эместей көрүнүшү да мүмкүн. Андай ойлор айтылууда, жазылууда. Бирок, биздин оюбузча, убагында ал туура эле болгон. Орто кылымдарга мүнөздүү шарияттын катаал мыйзамдары менен жашаган, элине пайдасынан зыяны көп хандыктын келечеги жок бол­чу. Эгерде басмачылар жеңишке жетишсе, биз экинчи Ооганстанга айлан­макпыз, кыргыздардын башы бирикпей Түркстан губерна­тор­лугунун төрт облусунда калып, ошондон ары ассимиляцияланып биротоло жок болмокпуз. Уруулук жана уруктук гана издер калмак. Кандай кемчиликтерди кетирбесин совет бийлиги башыбызды бириктирди, чек арабызды чийип берди, акыбалынын жетишинче агартты, көгөрттү. Ошон үчүн ага нааразы болушубуз керекпи?

Эки ирет автокырсыкка кабылгандан кийин М. Фрунзенин аш казанындагы жарасы ырбап, хроникалык дартка айланганда дары­герлер, Саясый Бюродогулар, биринчи кезекте И. Сталин операция жасатуу жөнүндө кеңеш беришет. Ошого таянып айрымдар И. Сталин алдын ала врачтарга тапшырма берип, атайын өлтүрткөн деп да жазып келишти. Б. Пильняк повесть кылып да жазган (4). Рационалдуу ой жүгүрткөн адамга алардын баарын абаркадабр деп койсо болот. Эгерде ошончолук эле жаман көрсө, В. Лениндикиндей аброй-салмагы бар Л. Троцкийди баш кылып, Каменскийди, Зино­вьевди, Бухаринди кошо талкалаган И. Сталин үчүн М. Фрунзени бийлик­тен четтетип салуу кыйынга деле турмак эмес. Анын үстүнө М. Фрунзе бийликтин эң жогорку органы -РСДРП (б) БКнын Саясий Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат гана болгон. Анын өлүмүн Л. Троцкийге шылтаган версия да бар.

М. Фрунзенин өлгөнүнүн себеби- үч ирет өлүмдөн аман калып, кан майдандарда кызыл кыргындардын көбүн көргөн менен негедир ал операциядан катуу чоочулаган. Корккон десе да болот. Турмуш­та андай учур­лар кездешет. Россиянын айрым басылмалары убагында белгилүү киноартист Е. Евстигнеев Англиядагы операцияда корккондон эле өлүп калды дегендей божомолдорун жазышты. Биздин оюбузча, ковидден кайтыш болгондордун сези­лерлик бөлүгү өтө катуу корккондон эле жарыкчылык менен кош айтышты. Андай психоз болбогон Белоруссияда биздегидей масса­лык өлгөндөр деле болгон жок. Д. Мережковский да Л. Толстойдун өлүмүнүн себеби жөнүндө ушундай ойду айткан. Көркөм чыгарма­ларында, макала­ларында адамдарды кайраттуу­лукка чакырган улуу сүрөткер жана улуу ойчул өзү өлүмдөн чындап коркуп, анын жакындап калганын сезгенде баарын таш­тап, арабасын чектирип, алды артын карабай жөнөгөн экен.

Б. Пильняк да чоң сүрөткер катары М. Фрунзенин өлүмүнүн чыныгы себебин интиутивдүү түрдө сезген менен аны саясатка айландырып жиберген. Мүмкүн, операциядан аман чыкпастыгы жөнүндө ага аян келгендир же нерви­нин жукаргандыгынан улам ошондой болгондур. Наркоз беришсе да жарым саатка чейин уктата албай коюп, ага хлороформду кошушканда организми аны көтөрө албай калган. Эскерүүлөрдө, М. Фрунзе сөөгү өзүнүн жаштык кезинин бир учуру өткөн Иваново облусундагы Шуя шаарына коюлушун каалаганы айтылат. Бирок, тарых башкача чечти. Анын колбаш­чы­лыгы жана мамлекетке сиңир­ген эмгеги эң жогору бааланып Кремлдин дубалынын түбүндөгү эң ардактуу жерге коюлду. Советтик мезгилдеги 74 жылдын ичинде ал жерге 12 адамдын гана сөөгү коюлган. Жергебизде туулуп өсүп, Бишкегибизде жүрүп, жаңы заман­ды курганга эбегейсиз чоң салым кошкон адамдын ал жерден түбөлүк жай табышы биз үчүн чоң сыймык болуп саналат.

АДАБИЯТТАР

1. Архангельский В. В. Фрунзе, М. «Молодая гвардия», 512 с.

2. История Киргизской ССР. С древнейших времен до наших дней. В пяти томах. Том третий. Редколлегия: Каракеев К. К. (главный редактор), Зима А. Г., Будянский Д. М. и др. Ф. «Кыргызстан», 1986. 652 с.

3. Образование СССР. Сборник документов (1917—1924), под. ред. Э. Б. Генкиной, М-Л. Изд. Академия наук СССР. 1949., 472 с.

4. Пильняк Б., Повесть непогашенной луны, М. «Книжная палата», 1989, 352 с.


Абдыкерим Сыдыков — мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун башкы идеологу

«Аны адабияттарда кыргыз мамлекеттигинин негиздөөчүсү, кыргыз Ататүркү деп аташат» (1:89) деп жазган А. Сыдыков жөнүн­дө тарыхчы З. Курманов.

Бизде бирөөнү мактап-жактаганда ашыра чаап көкөлөтүп жиберсек, анын атаандашына келгенде позитивдүү жактарын көр­бөс­төн кемчи­ликтерине гана басым жасай берүү мурдатан салт бо­луп калган. Тарыхнаа­мабызда шек келтирип, кол тийгизке айлан­дырылган оң каармандар менен бирге дайыма аларга каршы коюлчу дүжүр терс каармандар бар. Биринчилердин иш аракеттери дайыма элдин, мамлекеттин кызык­чылыктарына негизделген конструк­тивдүү болгонбу же дүжүр терс каармандардын иштеринде да айрым позитивдүү көрүнүштөр барбы? Алсак, Р. Худайкуловчулардын 1925-жылдын 27-30-мартындагы советтердин Уюш­туруу сьез­диндеги М. Каменскийди колдоп, аны аягына чыгаргандыгын нега­тивдүү деп айтканга болбойт. Анан падышалык Россиянын жерги­ликтүү кеңселеринде котормочу, катчы, полицай ж. б. түгүл, болуш, ыстарчын болуп иштегендерди деле мамлекеттик ишмерлер деп атай берүү туура эмес деп ойлойбуз. Ал советтик мезгилде рай­ком, шааркомдордо, БКларда инст­руктор болуп иштегендерди сая­сий ишмер деп атагандай эле парадоксалдуу көрүнүш. Ал эми биздеги тарыхый эмгектердин көпчүлүгүндө котормочу, катчылар мамлекеттик кызматкер деп аталып келатышат. Өз алдынча мамлекеттик масштабдагы чоң маселелерди чечкенге ыйгарымдары бар, аны көп жылдар бою аткарып келгендер-мамлекеттик, ошон­дой деңгээлдеги саясый кызмат орундарын аркалагандар, коомдо таасири чоң партиялардын лидерлери гана- саясий ишмерлер деп аталышат.

Мустафа Кемаль Осмон империясынан калгандарды бирик­тирип, бир нече жылдык көз карандысыздык үчүн согушта жеңиш­ке жетишип, он жети жыл өзү түзгөн мамлекетти башкарып, бирот­оло арабдашып кеткен түрк элин баштапкы тарыхый иденттүү­лүгүнө кайтарып, ишенимдүү лайыктык өнүгүү жолуна салган­ды­гы үчүн -түрктөрдүн атасы катары тарыхка кирип калды. Ошол убакта Николай- 2де Стамбулду басып алып, кайрадан Констан­тинополго же Россиянын славянофилдери жазышкандай, экинчи Римге айландыруу планы болгон. Тымызындан айрым христиан өлкөлөрүнүн жетекчилери менен макулдашылган ал планга 1917-жылдын февраль револю­циясынан кийин биротоло чекит коюлган. Бул тууралуу И. Сталин 1917-жыл­дагы“Декларация прав народов России» деген сөзүндө: «Мы заявляем, что тайные договоры сверг­нутого царя о захвате Константинополя, потверж­денные сверг­нутым Керенским, -ныне порваны и уничтожены… Мы заявляем, что договор о разделе Персии порван и уничтожен… Мы заявляем, что договор о разделе Турции и «отнятии» у нее Армении порван и уничтожен…» (2:47) деген. Октябрь революциясынан кийин больше­виктер менен Түркиянын жетекчилигинин тез тил табышып кеткендигинин негизги себеби ушунда болгон. Ал Дүйнөлүк экинчи согушта Түркиянын гитлердик коалицияга кошулуудан баш тар­туусуна да таасирин тийгизбей койгон эмес.

Булар ыгы келгенде айтылып кетти, өз сөзүбүздү улантсак, Абдыкерим Сыдыковду кыргыз мамлекеттигинин кайра жара­луусунун Башкы идеологу жана күрөшүүчүсү деген тарыхый чындыкка ылайык келет. Ал 1921-жылы биринчи Кара-Кыргыз Тоо­луу облусун түзүү демилгесин көтөргөн, андан кийин ККАОну түзүү үчүн күрөшүп, аны ишке ашыргандардын жетекчиси болгон, бирок тилекке каршы, бир күн да анын жетектеген эмес. Ал эми мамле­кеттин атасы деп аталуу үчүн Мао Цзедундай же Ататүрктөй, аны жетектеп, калыптандыруусу керек.

Бизде адатта тарыхый инсандардын ишмердиги кеңири чагыл­дырылган менен алардын инсандык сапаттарына, кулк-мүнөздө­рүнө таптакыр көңүл бурулбайт, маани берилбейт десе да болот. Тарых­чылар аны көркөм чыгар­мачылыктын прерогативисиндеги нерселер катары эсептешет. Негизинен ал туура. Илимпоздор окуяларды, фактыларды тизмектешип, анын себептерин ачып бе­риш­се, көркөм чыгармачылык образдар аркылуу ой жүгүртөт. Бирок, тарыхый инсандын ошол убактагы иштерин толук түшүнүү үчүн анын адамдык сапаттарын да жетишерлик үйрөнүү, билүү ке­рек. Алсак, орустун чыгаан тарыхчысы В.О.Ключевскийдин лекция­ларынын бири- «Петр Великий. Его наружность. Привычки. Образ жизни и мыслей. Характер» (3:27) деп аталат. В. Ключевский анда ж. б. лекцияларында Петр — 1нин сырткы көрү­нүшүн, мүнөзүн, жакшы жаман сапаттарын кудум көркөм чыгар­мадагыдай кылып сыпаттап ачып берген. Эгерде бизде тарыхый инсандардын бири ошондой өңүттө сүрөттөлсө, аны айрымдар, биринчи кезекте анын урпактары маскаралап, шылдыңдагандай кабылдашмак. Бизде калыптанган стереотипке ылайык, мамле­кет­тик ишмер бир жактуу макта­лышы же караланышы гана керек. Ал эми тарыхый инсандарга деле «ничто человеческое не чуждо» бол­гон, аралашып жүргөндөрдүн көбү алардын тарыхый инсан­дардан экенин толук аңдап, түшүнүшкөн деле эмес.

Чындыгында адамдын мүнөзүн жакшы билмейинче, ага тигил же бул чечимди кабыл алууга түрткү берген мотивдерди түшүнүү кыйын. В. Ключевский фактыларды, окуяларды кеңири өңүттө сая­сий, социалдык жана географиялык факторлордун тутумунда карап, талдаган. Бул жагынан анын ыкмасын Л. Н. Гумилёв улантты. Ал эми бизге Ж. Абдрахмановдон башка тарыхый инсандардын турпаттары, мүнөздөрү жана адаттары жөнүндө фрагменттик эске­рүү­лөрдү эске албаганда толук маалыматтар жетпеди. Инсандык өзгөчөлүктөрү белгисиз болгондуктан алар биз үчүн компью­тердей же бир механизмдей функцияларды гана аткарышкан абстракттуу нерселердей кабылданат. Эгерде бирөө алар жөнүндө көркөм чыгар­ма жазгы­сы келсе, көбүн ойдон чыгарганга аргасыз болот. Бирок, ал алардын чыны­гы турмуштук бейнелерине канчалык деңгээлде жакындашат, ал да өзүнчө маселе.

Абдыкерим Сыдыковдун өмүр жолуна канчалык үңүлүп, иликтеп үйрөнгөн сайын карама-каршылыктуу ойлор, суроолор көбөйүп, анын кандай адам болгонун түшүнүүгө болгон ынтызар-ыкласың ошончолук арта берет. Сөзсүз, ал Н. Тихонов: «Гвозди бы делать из этих людей, не было бы в мире крепче этих гвоздей» деп жазгандай, инсандык өзөгү бекем, максат кылганын аткар­ма­йынча кайра тартпаган, эл жана мамлекет үчүн жанын да аябаган, өз принцибин мансаптык кызыкчылыктардан жогору койгон адам болгону көрүнүп турат. Бирок, тез-тез эле кызмат ордунун алмаша бергени, партиядан үч ирет чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алы­нып, төртүнчү жолу чыгарылганда өмүрүнүн трагедиялуу аякта­ганы анын мүнөзү өтө татаал инсан болгонун да айгинелейт. Адатта саясий, мамлекеттик иштерде такшалып, анын ачык, жабык оюндарын мыкты өздөштүргөндөрдө өзүн-өзү сактоо инстинкти аябагандай күчтүү, чыныгы оюндагыларды билдирмек түгүл шек да алдырбаган айлакер куулардан болушат. Маселен, И. Сталиндин биринчи душманы ал эң ишенимдүү төрт адамдын бири деп эсептеген Н. С. Хрущев болгону- ал өлгөндөн кийин ачыкка чыккан. Сарайлык төңкөрүштү уюш­туруп, бийлигин тартып алган Л. И. Брежневди да Н. С. Хрущев убагында ишенимдүү шакирти катары эсептеген. Ал эми биздин мамлекеттигибизди түптө­гөндөрдүн башында турган А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев, И. Ай­дар­беков ж. б. андай катаал мектептен өтпөгөн, декабристтер менен «Народная волячылдардай» эркиндиктин, теңдиктин келгенине бөрктө­рүндөй ишенип, Кыргыз мамлекеттигин кайра жаратууну гана көздөшкөн романтик-максималисттерден болуш­кан. Ошон үчүн аларга М. Каменский: «бул жерде большевиктер барбы? Жок! Большевик болгонго аракет кылышкандар гана, бирок азырынча алар жок» (5:94) деген мүнөздөмө берип, Кыргызстанда таптык күрөш да жоктугун, уруу-уруктардын кызык­чылык­тарына не­гиз­делген топтук күрөштөр гана бар экенин айткан. Ал туура, аны убагында И. Айдарбеков да, Ж. Абдрахманов да моюндарына алыш­кан. Россиянын коомчулугуна коммунисттик идеология акы­рындап жайылып сиңип, күчтүү кыймылга айланышы үчүн 40—50 жыл талап кылынса (4:13), феодалдык-патриархалдык түзүлүштөн чыга элек, марксизм-ленинизм жөнүн­дө жаңыдан уга баштаган менен анын эмне экенин деле билбеген кыргыздарда 2—3 жылдын ичинде коммунисттик идеологияга берилген боль­шевик кайдан чыкмак? Ал жөн эле ишке ашкыс нерсе болгон. Марксизмди-ленинизмди алар түгүл докторлук, профессордук даражалары бар окумал тарыхчылар толук түшүнүшөр бекен? Кыргызстан комму­нисттердин башка­руусунда 74 жыл жашады. Бул мезгилдин ичинде биздин республикабызда чыны­гы 74 коммунист калыптанып, жа­рал­ганына ишенесиздерби? Бул дагы талаштуу маселе. Жөнөкөй мүчөлөрүн айтпай эле коёлу, Жогорку Партиялык мектептерди, эң абройлуу Коомдук Академияны аяктап, Борбордук Коми­теттерди, обл­партуюмдарды жетектеп жүргөндөр деле убагында компар­тияны жактап бир ооз сөз айтышпай, партбилеттерин ыргытып, жаңы анти­коммунисттик бийликке кошулуп кетишкенин унута элекпиз. Айрымдары өз кызматтарынын аркасы менен тез эле олигархтарга айланышты. Мындан бизде мурдатан эле партиялар, бирикмелер идео­ло­гиялык күрөштүн эмес, бийликке жеткизүүчү топтук күрөш катары гана эсептелип келген, ал биздин улуттук мүнөзүбүзгө жана психологиябызга биротоло сиңген деген жыйынтык чыгарса болот. Аны ошол убактагы саясатчылар эң сонун түшүнүшкөн, моюн­дарына алышкан. Ал жөнүндө Ж. Абдрахманов: «в программах и действиях этих партий”нет отличий», а разделиние на партии дует расмматриавть «как борьбу за власть между отдельными эксплуататорскими группами» деп жазган (6:44). Чын-чынына келгенде Маркстин, Лениндин идеологиялары эч кимди кызык­тырган да эмес. Алар кезектеги ураан-чакырыктар катары гана кабыл­данган. Ошондой саясий жана тарыхый шартта топтук күрөш улуттук-мамлекеттикти калы­бына келтирүүнүн негизги формасына айланып кеткен. Анткени, ККАОнун тагдыры айыгышкан топтук күрөштөрдө чечилген. Эгерде 1922-жылы Р. Худайкуловчулар же­ңип кетишсе, өз алдынча облус түзүү маселеси, мүмкүн, биротоло жабылмак.

Абдыкерим Сыдыковдун саясий жолу аябагандай татаал инсан. Ал 1917-жылы Пишпекте казак-кыргыздардын «Алаш» партия­сынын бөлүмүн түзүп, ошол эле мезгилде солчул эсерлердин (социал революционерлер) катарына кирет. «Алаштын» Пишпектеги бөлүмү жоюлуп, 1918-жылы июлда эсерлердин козголоңу күч менен басылып, анын ишмердигине тыюу салынгандан кийин ошол жылы августта большевиктер партиясына мүчө болуп өтөт. Андан көп өтпөй 1918-жылы 30-сентябрда Пишпек совдептин улут­тук иштер боюнча комиссары, ревтрибуналдын мүчөсү Х. Хасанов А. Сыды­ковду бир нече адамдар менен бирге «контрреволюциялык иштерди жүргүзгөн, паракор, бай-манаптардын кызыкчылыктарын коргойт» деп айып­тап кылмыш ишин козготтурат. Аны Пишпек уездинин А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу белгилүү больше­вик­тери жетектеген Ревтри­буналы текшерип,1918-жылы 11-октябрда эч кандай ынандырарлык далил жок, тескерисинче Х. Хасанов күбөлөргө акча берип, жалган көрсөтмөлөрдү бердирген, атайылап кутумдук уюштурган деген жыйынтыкка келип, ага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим чыгарат. 1918-жылы декаб­рда Беловодскийдеги оокаттуу орустар жана дунгандар чыгарган козголоңдо Х. Хасанов кармалып, алар тарабынан өлтүрүлгөн. Ал козголоңдун чыгуусуна «аскердик коммунизм» саясаты же Беловодскийлик дыйкандардан ачтарга жардам деген шылтоо менен 12 миң пуд эгиндин тартып алынышы себеп болгон (5:37).

Кийин А. Сыдыковду падышалык Россиянын офицери катары 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштү басууга катышкан, ал үчүн сый­лык­ка көрсөтүлгөн деп айыпташкан менен ал да далилденген эмес. Булар ошол убакта тергеп, териштирүү иштери толук саясатташа электигин, белгилүү деңгээлде калыстык, обьективдүүлүк сактал­ганын да көрсөтөт. 1937-1938-жыл­дарда андай айыптоо тагылса, андан эч ким аман калмак эмес.

1920-жылы советтердин Бүткүлтүркстандык IХ сьездинде А. Сыдыковдун теги бай-манаптардан чыккан мурдагы полиция кызматкери деген айыптоо коюлуп, партиялуулугун кароо жөнүндө биринчи ирет маселе көтөрүлүп, ал А. Сыдыков азыр компартиянын мүчөсү экени эске алынсын деген формулировка менен чектелген. А. Сыдыков 1921-жылы Кара-Кыргыз Тоолуу автономдуу облусун түзүү жөнүндө демилге менен чыкканда анын манаптын тукуму, мурдагы офицер экенин кайра эстешип, 1922-жылдын мартында партиядан чыгарышып, Жети-Суу облаткаруу комитетинин төра­галык кызматынан бошотушат. Бирок, ошол жылы июлда партияга кайра кабыл алынган.

Ал 1922-жылы декабрда советтердин Бүткүлроссиялык ХI сьез­дине делегат болуп шайланып, Кыргызстандык СССРди түзүү­гө катышкан эки адам­дын бири катары да тарыхка кирген. Экинчиси-М. В. Фрунзе.

1924-жылы эки ирет партиядан чыгарылып, эки ирет кайра кабыл алынат. Биринчисинде Түркстан компартиясынын БКсынын Көзөмөлдөө Комитети 1916-жылдагы көтөрүлүштү басууда Пишпек уездинин начальнигинин жардамчысы болуп, массалык кыргын­дарга катышып, ал үчүн алтын медаль менен сыйланган, эсерлик советтердин Пишпек фракция­сына кирген деген айып коюлса, алар­дын көбү далилден­беген­диктен ошол эле жылы 14-июнда партияга кайра кабыл алынат. Мында көңүл бурчу жагдай, башка сыйлыктарын эске албаганда да алтын медаль, болгондо да кыргыз­дарга кыргын болуп жаткан 1916-жылда жөн жеринен эле берилбегенин да танбоо керек. Ал тууралуу азыр ар кандай божо­молдорду жасаса боло берет, бирок чындыкты тарых гана билет. Мүмкүн, бул масе­леге биротоло чекит коё турган материалдар да архив­дердин биринде жаткандыр.

Экинчисинде, 1924-жылы 16-сентябрда партиядан чыгары­лып, ошол эле жылы 11-декабрда кайра кабыл алынган. Ошондон улам облБюрого да, Ревкомго да кирбей калган. Кийинчерээк Рев­ком­дун бир бөлүмүнүн башчылыгына бекитилген. Москвага барып ККАОнун айрым маселелерин чечип келип турган. Анан ККАОнун Орто Азиядагы өкүлү болуп дайын­далган. Ал 1925-жылы мартта облпартиялык конференцияда эч кандай жооп­туу кызматка сунушталбаган менен 27-30-марттагы советтердин Бүткүл­кыргызстандык уюштуруу Курултайына активдүү катышып, эки жолу чыгып сүйлөгөн. Ал эми анын шакирттери Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев ж. б. Курултайга бойкот жарыялашып, анын ишине катышпай коюшкан.

Айрым тарыхый эмгектерде Курултайда М. Каменскийдин кысымы менен БАКтын 66 мүчөсү жана кандидаты шайланса, алардын 27си делегат болбогон, демек ал мыйзамсыз деп жазылып келет (4:29). Эгерде азыркы түшүнүк менен алса, Уюштуруу Курул­тайынын легитимдүүлүгү деле шек жаратпай койбойт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Курултайдын отурумдарына 135 делегаттан 52ден 70ке чейинкиси катышса, 68ден аз делегат катышкандарынын баары кворумсуз өткөрүлгөн болуп жатпайбы. М. Каменскийдин жана анын тарапкерлеринин чечкиндүүлүктөрүнөн улам жактоо­чулардын санын эптеп 70ке жеткирилип, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алгачкы легитимдүү башкаруу органдары түзүлгөн.

Ал эми делегат эместердин облаткаруу комитетине шайла­нуусуна келе турган болсок, шайлануучу органдарда илгертен бери эле кооптация деген түшүнүк бар. Ал РСДРПда кеңири колдонулган. Эгерде делегат болуп катышпаса да макулдугун берсе, аны Курул­тай туура деп тапса, БКга, а түгүл андан жогорку органдарга шайла­са деле боло берет. Улуу Октябрь Революциясына чейин боль­шевиктердин В. Ленин баштаган жетекчилери деле сьезддерге катышпай, ар жактарда жашырынып жүргөн жерлеринен жетекчи органдарына кооптация болушкан. Биз муну Уюштуруу Курул­тайындагы кооптацияны айрымдар алиге чейин мыйзамсыз көрүнүш катары көрсөтүп келатышкандыктарынан улам айтып жатабыз.

1925-жылы мартта партиянын, БАКтын жетекчи органдарына шайлан­бай калгандан кийин А. Сыдыковдун саясий жана мам­лекеттик орган­дарындагы карьерасына чекит коюлган. Ага чейин Орто Азиянын көп жерле­риндей эле, саясий анархия өкүм сүрүп кел­се, андан кийин кадрларды тан­дап, жайгаштыруу партиянын катуу көзөмөлүнө өткөн. Ал мезгилде пар­тия­дан үч ирет чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынган инсандын жаңы жетек­чиликти кооптонтуп, шектендиргени мыйзам ченемдүү көрү­нүш. 1925-жылы 22-июнда «партиялык комитетке каршы чыккандыгы жана топтук тирешүүлөргө катышканы үчүн» деген айыптоо менен А. Сыдыков төртүнчү жолу партиянын катарынан чыгарылат. Ан­дан кийинки жылы анын түбөлүк атаандаштары Р. Худайкулов, Д. Бабаханов башта­гандар да «Ур-Токмоктун» иши боюнча карма­лышып, оор күнөөлөр коюлуп, партиядан чыгарылып, ар кандай мөө­нөттөрдө эрктеринен ажыратылышат. Ошентип «мавр өз ишин жаса­ды, эми мавр кетиши керек» деген принцип колдонулат.

Тилекке каршы, чоң бийликтегилердин баардыгынын прин­циптери ошондой. Аларга биринчи кезекте туруктуулук, лоял­дуулук керек. Эгерде М. Каменскийдин ордунда Т. Усубалиев болсо деле ошону жасамак. Антпесе күчтүү башкарууну түзмөк түгүл, өз бийликтерин да кармап кала алышмак эмес. Мында айтарыбыз, М. Каменскийди ашкере бокочого айландыра бербөө керек. Ал Москвадан ККАОнун партиялык уюмун гана эмес, мамлекеттик баш­каруу органдарын түзүү үчүн келип, кысым-басым менен болсо да өз милдетин аягына чейин аткарган. Анын иш-аракеттерин, ошол убактагы саясий-психологиялык кырдаалды туура түшүнүү менен калыс карап, адекваттуу кабылдоо гана зарыл. Ал эми түшүн­гөн адам кечирет.

Тарыхка «отузунчулардын каты» деген атта кирип калган РКП (б) БКга, анын Орто Азиядагы Аткаруу Комиссиясына жөнө­түлгөн кат М. Д. Каменскийдин мансабына чекит койгон менен аны жогорку партиялык органдар топтук тирешүүнүн дагы бир формасы катары кабылдап, куугунтук башталган. Ал катта: облустук партия­лык уюм бийликти узурпа­ция­лап, советтердин жана БАКтын иштерине гана эмес, батирлерди бөлүштүрүүгө чейин кийлигишип жатканы жөнүндө айтылып, ага карата чара көрүү талап кылынган. Натыйжада катка кол койгондордон А. Сыдыков партияда калганга мүмкүн эмес деп табылып, 14 адамга партиялык катуу жазалар кол­до­нулган. Р. Худайкуловго эскертүү берүү менен чектелишкен. Андан кийин А. Сыдыков САКУда иштеп бир катар макалаларды жазып, баяндамаларды жасаган. 1932-жылы КАССРдин Мам­планынын мал чарба секторуна башчы-Төраганын орун басары кызматына чакырылган менен бир жыл өтпөй камакка алынып, репрессияланган. Алиге чейин анын сөөгү кайда көмүлгөнү белги­сиз. Ошондо мурдагы «Алашчылар», Социал-Туранчылар» Кыр­гыз­станды Союздан бөлгөнү жатышат деген айыптоо менен 60тан ашык адам камакка алынса, К. Тыныстановду баш кылып, алардын бир бөлүгүн обкомдун биринчи катчысы М. Белоцкий сактап калган экен (4:35). Ал убакта НКВДнын жетекчилери партиялык органдарга түздөн түз баш ийишкен эмес. Эгерде зарыл деп табышса, өздөрү мүчө болуп турган партиялык органдардын жетек­чилерин деле камакка ала беришкен. Ага бир мисал катары Кыргызстандын НКВДсынын жетекчиси И. Лоцмановдун республикалык партиялык уюмдун биринчи катчысы М.К.Аммосовду камакка алганын көрсөтсө болот.

А. Сыдыков эки жылдын ичинде үч партияга мүчө болуп өткөн. Мүмкүн, ал М. Каменский жазгандай ал большевик- коммунист де­ле болбогондур. Азыр ал эч кимди деле чындап кызыктырбайт. Анын партиядан төрт ирет чыга­рылуусуна тегинен сырткары компромисстерге баргысы келбеген, оюндагыларды ачык айткан бет­ке чабарлыгы да себеп болгону шексиз. Анткени, большевиктер ийкемдүүлөрдүн тектерин деле сүрүштүрүшкөн эмес. В. Ленин өзү дворянин, И. Сталин диний семинарийдин бүтүрүүчүсү, ошол убак­тагы Түркстандагы элдердин жетек­чилеринин дээрлик баардыгы бай-манаптардын, эзүүчү тап деп эсептелгендердин тукумдарынан болушса (ал убакта кедей-кембагалдардын балдарынан сабаттуулар дээрлик болгон эмес), анын тегин сүрүштүргөндүн кимге зарылчылыгы бар? Дүйнөлүк биринчи согушта падышалык Россиянын баатыры болгон командирлер (кресттер менен сый­ланган) кийин Кызыл Армиянын да баатырлары болушпадыбы! Адатта большевиктер көз караштардын келишпестигинен, ашкере тынчы жоктугунан улам бирөөлөрдү каралап, номенклатурадан биротоло чыгар­гылары келишсе, анын өткөндөрүн, тегин, мурдагы иштерин текшертип, алардын жаман жактарын бокочо аргу­мент кылып алып чыгышкан. Ал 1938-жылдын аягына чейин ачык жүргүзүлсө, көшөгөлөнгөн түрдө компартия ликтен кеткиче колдонулуп келгени эч кимге жашыруун эмес.

Жетиштүү саясий маданият, даярдык жана тажрыйба жокту­гунан улам ал убактагы улуттук лидерлерибиздин дээрлик баардыгы эркиндикке, теңдикке, анархия менен чектешкен демократияга, анын ошол бойдон тура берерине терең ишенишип, кыргыз мамле­кеттиги үчүн ага жан дилдери менен кызмат кылгылары келген романтик-максималисттер болуш­кан. Алардын башкы идеологу жана демилгечиси, эң өжөрү-Абдыкерим Сыдыков. Ал саясый жо­лун дароо туура таба албай көп ирет жаңылган-жазган, адаш­кан, тилек­ке каршы, декабристтер менен «Народная волядагылардай», чыдам­сыз романтиктердин көпчүлүгүнүн жолу, тагдыры ошондой болот. «Тут ни прибавить, не убавить, так это было на земле» дегендей, аларды ашыкча идеалдаштырбай, ошол эле мезгилде эмгек­терине, аткаргандарына кенедей да шек келтирбей карап тал­доо, ар кандай шарттардагы иш-аракет­терин адекваттуу түшүнүүгө гана жардам берет. Бирок А. Сыдыков кандай шарттарда болбосун бир нерсени гана туу туткан, ага өмүрүн да арнаган, ал- кыргыз мамлекеттигин кайра жаралтуу болгон. Мына ушул эмгеги менен ал мамлекетибиздин тарыхында маяктай болуп түбөлүккө кала берет.

АДАБИЯТТАР

1. У истоков кыргызской национальной государственности (Ред: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев), Б. «Илим», 1996., 384 с.

2. Ленин и Сталин. О Средней Азии и Узбекстана. Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.

3. Ключевский В. О., Сочинения в девяти томах. Т. IV. М. «Мысль», 1989. 398 с.

4. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-национальный лидер. Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.

5. Курманов З. К., Первый. Посвящается 130-летию выдающегося кыргызского государственного деятеля Иманалы Айдарбекова. СПб., ИПЦ СЗИУ РАНХиГС, 2014., 208 с.

6. Курманов З. К., Политическая борьба в Кыргызстане: 20-ые годы, Б. Илим, 1997. 292 с.


Улуттун рухун жандырган «Эркин Тоо»

Эркин тоо, эркин тоо, эркин тоо,

Эркин тоого мен чыксам….

Элдик ырдан

Дүйнөдө мезгилдик басылмалар көп, алардын айрымдарынын тарыхтары бир нече кылым мурда башталган, бирок «Эркин тоо­дой» бир элдин, мамлекеттин кайра жаралуусунун символуна айла­нып, анын саясый, экономикалык жана маданий, билимий жана или­мий жактан өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошкондугу менен анын тарыхына кирип калган басылма аз, жок деп кесе айтса да болот. Анткени,«Эркин тоо”жарыкка келгендегидей саясий, социал­дык жана экономикалык, маданий жактан кайра жаралуу ар кан­дай элдин турмушунда бир эле жолу болот. ККАО түзүлгөндөн бир айга жетпеген убакытта ачылган „Эркин тоо“ биринчиден, облустун саясий, мамлекеттик бийлигинин расмий трибунасы, экинчиден, улут­тук тилде жаңы­лык­тарды таркатуучу бирден бир каражат, үчүнчүдөн, мамлекеттик кадрларды тарбиялап, өстүрүүчү мектеп, төртүнчүдөн, элдин кат-сабатын жоюуга салым кошкон агартуучу, бе­шинчиден, билимди жана илимди, адабиятты жана маданиятты түптөп өнүктүрүүчү ж. б. милдеттерди аткарган. „Эркин-Тоонун“ түзүлүшү Кыргызстанда эл агартуу иштерин өнүктүрүү үчүн, калктын саатсыздыгын массалык түрдө жоюуну уюштуруу үчүн абдан кубаттуу түрткү болду, — деген гезиттин 40 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан КП БКнын катчысы Б. Мураталиев. Газетанын биринчи саны иш жүзүндө бирин­чи окуу куралы, биринчи алиппе болуп, эл массасы мына ошол боюнча өзүнүн сабатсыздыгын жоюуга ти» (11:13).

Улуу Октябрь Төңкөрүшүнөн кийин кыргыз улуттук-мамле­кеттик түзүмүн түптөгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү «Эркин тоо­нун» редакторлору, кызматкерлери жана активдүү кабарчылары болушкан. Редакторлорун айтсак: Осмонкул Алиев, Касым Тыныс­танов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакееев, Аалы Токомбаев, Мол­до­газы Токобаев, Мухамед Дөгдүров, Курмангали Каракеев, Турдакун Усубалиев, Асанбек Токомбаев ж. б. Гезиттин биринчи санын уюштуруп, чыгаргандар: Сыдык Карачев, Хусеин Карасаев, Мустапа Акматов, активдүү авторлору: Жусуп Абдрахманов, Эшеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Мурат Салихов, Мукай Элебаев, Жапар Шүкүров, Касымалы Бая­линов, Касымалы Жантөшев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев….

Элдин, мамлекеттин тарыхында өлбөс-өчпөс из калтырган мындай тарыхый ысымдар менен коммунисттердин «Правда» гези­ти гана сыймык­тана алышы мүмкүн. Бирок, айрымасы Россияда «Правдага» чейин эле жүздөгөн мезгилдик басылмалар, а түгүл тармактык гезиттер жана басма­каналар да болгон. Алыска барбай жакыныраагын эле айтсак, Түркстанда орус тилиндеги «Туркс­танские ведомости» деген гезит 1870-жылдын 28-апрелинен айына төрт жолудан чыгарыла баштаган. Жылдын аягынан анын төрттөн би­ринче көлөмдөгү тиркемесинде араб арибинде эки иреттен өзбек, эки жолудан казак тилдеринде да материалдар басылып турган. Анын максаты-калкты аймакка тийиштүү өкмөттүк, администра­тив­дик чечимдер, Россиянын тарыхы жана географиясы менен тааныштырып, маданий агартуучулук иштерди жүргүзүү болгон. 1883-жылдан «Тиркеме» өзбек тилин­деги «Туркистон вилоятининг газеты» деген басылмага айландырылып, жумасына бир жолудан 500—600 нускада басылган. 1885-жылы анын материалдары орусчага которулуп «Туркестанская туземная газета» деген атка ээ болуп, нускасы кыйла көбөйтүлүп, жумасына эки жолудан 1901-жылга чейин чыгып келген. Ага Крыловдун, А. Пушкиндин, Л. Толс­тойдун ж. б. чыгармаларынын өзбекче котормолору, Мукими, Фур­хаттын ж. б. чыгармалары, Сократ, Аристотель, Пастер, Амери­канын ачылышы сыяктуу материалдар жарыяланып турган.

1906-жылдын экинчи жармынан «Туркистон вилоятининг газеты» жумасына эки жолудан чыкканга өткөн. Андан кийин «Таракки», Хуршид“, „Восточное обозрение“, „Окраина“, „Русс­кий Туркестан“, „Самарканд“, „Среднеазиятская жизнь“, „Туркес­танский курьер“, ал эми аймакта большевиктердин иедологиясы кеңири таркай баштаганда „Солдатский листок правда“, „Молот“, „За народ“ сыяктуу, облустук деңгээлдерде „Асхабат“, „Закас­пийская туземная газета“, „Ферганские областные ведомости“, тар­мактык „Туркестанское сельское хозяйство“, „Туркестан­ский земле­делец“ деген гезиттер, „«Дехкан», «Ислах» деген журналдар чыга­рыл­ган. Большевиктер, эсерлер, кадеттер да өздөрүнүн басыл­ма­ларын чыгарып турушкан. Же Октябрь революциясына чейин Орто Азиянын Казакстандын аймагынан башка жерлерде 20дан ашык гезит-журналдар басылып турган (1:252—256).

Казакстандын аймагында «1862-1917-жылдар аралыгында казак тилинде араб тамгасы менен 80ге жакын китеп басылып чыккан» (2:102). Анын ичинде Абай Кунанбай уулунун 1886-жылы басылган ырлар жыйнагы да болгон. Ал мезгилде татар, башкыр тилдеринде чыгарылып, казак тилиндеги китеп­тердей эле Орто Азиядагы элдерге да таркатылган гезиттердин саны ондон ашкан. Казак тилиндеги «Дала вилояты» деген алгачкы гезит 1888-жылдан чыгарыла баштаган. Кийинчерээк «Серке», «Казак гезити», «Казак­стан», «Эшим даласы», «Казак» гезити», «Айкөп» журналы кошул­ган (2:103). Алардын айрымдары Кыргызстандын ири элдүү пункттарынын баардыгына, а түгүл Ат-Башыга чейин таркатылган. Фергана өрөөнүндөгү шаарлардын баардыгында, анын ичинде Ошто да китеп дүкөндөрү, күркөлөрү, а түгүл китептерди сатуу менен алектенген соодагер­лер да болгон. Кыргызстандагы алгачкы китеп дүкөндөрүн Пишпектин старостасы И. Терентьев менен К. Мальцев ачкан. Экөөсүнүн жылдык китеп жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 миң рублге жеткен (1:271). Фергана өрөөнүндөгү китеп саткан жайлардын саны 80ден ашкан. Бирок, «мусулман тилиндеги» китеп­терди сатуу үчүн атайын уруксат алуу талап кылынган. Алсак, 1912-жылы май-июлда Токмокто, Ак-Сууда (Беловодский) соода­герлерден уруксатсыз сатылганы жаткан 1054 китеп конфис­кацияланган (1:271).

Жогоруда аталган гезиттерге, журналдарды этникалык кыр­гыз­дардан жазылып алып, аларга кабарларды, макалаларды жазып тургандар болгону жөнүндө маалыматтар бар. Бирок, алар улуттук журналистика таануу или­минде таптакыр изилденип, иликтене элек. Кол тийбеген дың бойдон жатат. Эгерде жакшылап изил­денсе кыргыздын Октябрь революциясына чейинки журналист­теринин аты-жөндөрү да такталышы мүмкүн.

1917-жылга чейин үч кыргыздын гана китеби чыккан. Алар: Э. Арабаевдин 1911-жылы Уфада басылган «Алифба яки төтө окуу», Молдо Кылычтын 1911-жылы Казандан чыккан «Кыссаи зилзала», Осмоналы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфадан жарык көргөн «Тарих кыргызия» деген китептер. Бирок, алардын редакторлору, корректорлору татар улутундагылар болуш­кандыктан көп сөздөрдү татарлаштырып салышкан (2:103—1913). ХIХ кылымдын аягындагы республиканын түштүгүндө пахтачылык, мал чарбасы боюнча нус­камалык мүнөздөгү брошюралар, революциялардын ортосунда (1905, 1917-ж. февраль) саясий баракчалар, «Пржевальский сель­ский хозяин» (1913 ж.) журналы, «Токмакский листок» (1915 ж.), «Телеграфный вестник» (1916 ж.), «Сельскохозяйственный вестник» (1916 ж.) (1: 278—281) басылмалары чыгарылган. Бирок октябрь революциясына чейин кыргызча бир да гезит же журнал чыккан эмес.

Биз жогорудагыларды кошуна башка элдерде басма, жазма иштери, журналистика 1917-жылга чейин эле аздыр-көптүр калып­танып калса, кыргыздарда ал 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте көп­төгөн кыйын­чылык­тардан кийин биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоодон» башталганын даана көрсөтүү үчүн гана келтирдик.

Же «Эркин тоо» ошол мезгилдеги коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдыруучу кыргыз тилиндеги жападан жалгыз күзгү болгон.

Гезитке «Эркин тоо» деген ат Эшеналы Арабаевдин сунушу менен берилген. Анын гезиттин №1-санына жарыяланган «Эркин тоо» (Кыргыз калкы) деген чоң макаласын ал аталыштын берили­шин негиздеп, чечмелеген түшүндүрмөсү десе болот.

«Канча жүз жылдан бери калк катарына кире албай асман айырарлык жер катуу болуп, жалгыз сыйынганы, кара кылары тоо болуп, жайыкка чыкса жан-жанындагы күчтүү улуттар канын суу­дай агызып, эркеги кул, катыны тул болуп келгени ар кимге анык белгилүү, — деп жазган ал макаласында. -Ошол көргөн зордук-зомбулуктардын арасында али күнчө маданияттан ыраак калып, бытырап, анан ошол учу-кыйры жок башы асманга жеткен аркайган зоолордун арасына кирип баш калкалап эркин өсүп, сүйлөп келген. Тизилген берметтей болгон, кыркаар тартып катарлашкан калың тоо­лордун арасында туулуп, ошол тоолордун арасында аркар-кулжа, эчки-текелер менен бирге даң салып, чөптүн гүлүн, жыгач­тын бүрүн, суунун тунугун, жаратылыш сыйлыгын кучкан кыргыз калкы сен элең… бири-бири менен аша үндөшө албай келген эл элең.

Кыздын ойну болгондо боз балдар эң мурун Эркин тоодон баштап ырдачу эле:

Эркин тоо, эркин тоо, эркин тоо,

Эркин тоого мен чыксам,

Эл карааны көрүнбөйт

Көлдө жаткан көп өрдөк

Ылаачын тийсе бөлүнбөйт.

Касабада кар жатат;

Ботосу менен нар жатат.

Жеңеси менен кыз жатат.

Жеңесин өпсө жез татыйт,

Кызын өпсө алма, шекер, бал татыйт.

…Мындан чыкты кыргыздын көңүлүнчө эң кызык туюлуп, көзүнө эң сонун көрүнгөн нерсе, эң мурун «эркиндик», экинчиси «тоо»… (3).

Түрктөр үчүн — деңиз, армяндар үчүн — Арарат тоосу, бол­гарлар үчүн -роза гүлү Ата Мекендин символу болсо, кыргыздар үчүн эзелтен -тоолор символ болуп келген. Э. Арабаевдин аныктамасы боюнча, «Эркин тоо» эркин ата мекен дегенди түшүн­дүргөн. Башкалар да аны ошондой кабылдашкан.

Макаладан ошол мезгилдеги башка авторлорго салыш­тырганда (айрым түшүнүксүз сөздөрдү эске албаганда) Э. Ара­баевдин стили кыйла калыптанып такшалган, тарыхый эстутуму, көркөм табити да жогору бол­гону көрүнүп турат. Ал эми түшүнүксүз сөздөргө келсек, гезит 6-санына чейин Ташкентте чыккан, андагы басмаканада жалаң орус, татар улутундагы тамга тергичтер (лино­типист), корректорлор иштешкен. Ташкент түгүл Фрунзеде деле башка улуттагылар терип, текшеришкенден улам «Манаста» да аябагандай көп грамматикалык каталар кетирилгенин Х. Карасаев убагында көп айткан, көп жазган. Ага ынануу үчүн анын «Манас» даста­нынын кол жазмасын, айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун арабча жазылган кол жазмасын текшерүүчү илимпоздор үчүн материал» (2:423) деген макаласына көз жүгүрткөн жетишет.

Гезиттин биринчи санына жогоруда айтылгандардан сырткары ошол убактагы эң массалык «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун «Кыргыз Кошчу уйуму», Ж. Абдрахмановдун «Лениндин жолунда», тарыхый саресептик мүнөздөгү «Эриктүү автономия. Кыргыз облусу. Кыскача мурунку турмушу» деген макалалар менен А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген ыры, салыктар, автономдуу облустун демографиялык абалы, эко­но­микасы жөнүндө маалымдама ж. б. материалдар жарыяланган.

№2-санына облустук партиялык, райондук уюмдардын иште­ри, басмачыларга каршы күрөштүн баатыры А. Осмонбеков жөнүн­дө кабарлар, Айкын деген псевдонимде Сыдык Карачевдин «Эркин тоого» деген ыры, М. Салиховдун, О. Лепесовдун ж. б., №3-саны­на гезиттин чыгышына байла­ныштуу куттуктоолор, эл аралык жаңылыктар, ККАО Ревкомунун (Өзгөрүш комитети деп аталат) ку­рамы, А. Сыдыковдун «Кыргыз сарамжалы» деген көлөмдүү мака­ласы, Б. Калпаковдун, О. Лепесовдун ж. б. материалдары берил­ген.

Азыркы талап менен алганда материалдардын баяндоолору чаржайыт, стилдери одоно, синтаксистик жактан башаламан, сүй­лөм­дөрү бошоң экени бир караганда эле көзгө түшөт. Ал убакта кыргыз тили жаңыдан басылмага түшүрүлүп, адабий тилди калып­тандыруу жаңы башталганын эске алганда, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон.

                                * * *

Адилеттик үчүн кыргыздын алгачкы басылмасынын чыгышында РКП (б) БКнын, ВЦИКтин ролдору да чоң болгонун белгилей кетүү зарыл. Анткени большевиктер бийликке келгенден тартып өз саясатын, идеяларын элдин кеңири катмарына жетки­рүүгө өзгөчө басым жасашкан, аны жергиликтүү башкаруу орган­дарынан катуу талап кылышкан. В. Ленин бийликке келгиче анкетадагы «кесиби» деген жерге «журналист» деп көрсөткөн. Россияда журналисттердин кесиптик бирикмеси түзүлгөндө ага биринчилерден болуп кирген. Ал өзүнүн «Партиялык уюм жана партиялык адабият» деген макаласында мезгилдик басылмалардын баардыгы партиялык уюмдардын ичинде болушу керек деп эсеп­теген (4:68). Ал эми И. Сталин басма сөз органын партиялык уюмду түптөөнүн пайдубалы катары караган (5:128).

Мындай саясат, талап жергиликтүү партиялык жана мамле­кет­тик органдарга директивалык мүнөздө жеткирилген.

Жети-Суу облаткаруу комитети менен комиссарлары 1918-жылы 11-октябрда Кыргызстанга байланыштуу «… по мере возмож­ности желательно открытие во всех уездах области народных типографий, как печатных органов местной советской власти. Отделу печати при Облисполкоме, в первую очередь, отпустить в распоряжение Пржевальского Совета необхо­димый инвентарь на постановку типографии» деген чечим кабыл алган (1:341). Эмне үчүн Пржевальский? Анткени, Пишпекте ага чейин эле басмакана болгон, ал эми республиканын түштүгү Фергана облусуна караган. Ал убакта“Правда» гезити бөлүштүрүүнүн негизинде милдеттүү түрдө уезддерге, болуштуктарга таркатылып турган.

ККАОнун облпартБюросу 1924-жылы 13-декабрда «Эркин тоону» жумасына эки жолудан чыгарып, ага жазылууну уюштуруу, кабарчылар тарма­гын түзүү боюнча атайын токтом кабыл алган. Ревком 1925-жылы 17-январда мамлекеттик жана коомдук уюм­дар­га бул иштерге катышуу боюнча циркулярдык кат жиберген. Алар жетиштүү аткарылбагандыгына байла­ныштуу облБюро 1925-жылы 4-февралда дагы бир токтом чыгарган. Ошол убакта «Эркин тоо» жумасына үч жолудан 2000 нускада чыгарылып, жармысы акысыз таркатылып турган.

Гезиттин биринчи санын чыгарууда көчүрмөчү (айрымдардын кол жазмалары өтө сабатсыз, окуганга кыйын болгондуктан көчүрмөчү ката­ларынан арылтып, көчүрүп жазган), корректор болгон Х. Карасаев алгачкы сандарды даярдап, басмаканага өткө­рүү аябагандай кыйынчылыктарды жаратканын айтса (анткени, бир жерде материалдар кабыл алынып, көчүрүп жазылса, экинчи жерде өзбек, татар кыздары тамгага түшүрүп, алар айрым сөздөрдү түшүнбөй, башкача кылып таштап, үчүнчү жерде кагаздары кыркы­лып, бүктөлүп дегендей ж. б. Бир ирет «Правда востока» гезитинин басмаканасына кагаздарды бүктөткөнү барса, эшигинде турганы аны кагаз­дары менен кошо көчөгө ыргытып жибергенин да айткан) (2:237), журналист жана жазуучу, котормочу Мамасалы Абдука­римов аны даярдоого өзбек тилин­деги «Кызыл Түркстан», казак тилиндеги «Ак жол» гезиттеринин редакцияларынын жамааттары жакшы жардам беришкенин, «Эркин тоонун» биринчи санынын жарык көрүүсү Ташкентте иштеген жана окуган кыргыздар үчүн чоң майрам болгонун эскерген (6:4—5). Анын биринчи саны жамааттык жоопкерчиликте жарык көрсө, экинчи санынан тартып жооптуу редактор катары О. Алиев кол коё баштаган.

Ал убакта элдин кат-сабатын жоюу боюнча окуу куралдары жокко эсе болгондуктан гезит ликбездерде, мектептерде гана эмес, айрым окуу жайларында да окуу куралы катары пайдаланылган. ««Мен окуумду аяктагандан кийин САКУнун (Орто Азия Кызыл Университети) рабфагындагы кыргыздарга сабак бердим, -деп эскерген Х. Карасаев. Менин педагог болуу оюмда деле жок болчу. …Ташкенттин көчөсүндө келатып Э. Арабаевге жолугуп калсам, ал мага САКУга барып казак жана өзбек тилде­ринде окугулары келбеген кыргыз рабфаковчуларына сабак берүүнү айтты. Ал татаал иш болчу, анткени кыргыз тилинде бир да окуу куралы жок эле. Бирок ага карабастан макул болуп, окуу куралы катары «Эркин тоону» пайдалана баштадым. Гезиттин чыгышында Сыдык Кара­чев­дин салымы абдан чоң… Ага гезиттин алгачкы сандарына кыргыздардын тарыхы жана эконо­микасы боюнча макалаларды жазган А. Сыдыков да жардам берди» (9:22). Х. Карасаев окуу куралы катары «Эркин тоону» эки жылдай пайдаланган.

Мындан көрүнүп тургандай,«Эркин тоо» Орто Азиядагы бирин­чи университетте да окуу куралы пайдаланылган экен. САКУ В. Лениндин 1920-жылдын 7-сентябрындагы Декрети менен ачылган (10:109). Кийин ал советтик мезгилде Жогорку Партиялык мектепке айландырылып, партиялык жана советтик органдардын, ЖМКлардын жетекчи кызматкерлери даяр­далган.

Акчалары жок мекеме — уюмдар, жеке адамдар натуралай төлөө же эгин, пахта, жүн сыяктуу продукцияларды баалап берүү аркылуу да жазылышкан. Тунгуч гезиттин башында тургандар жаңы басылмаларды ачууга, а түгүл мүмкүнчүлүгү барлардан каражат­тарды чогултуп, ал иштерди каржылоону да уюштурушкан. Бул тууралуу ал иштерге аралашып жүргөн З. Бектенов төмөндөгүлөдү эскерген: «Газетанын 1926-жылдын 7-апрелиндеги 37-санында «Басма сөзүбүздү илгерилетели» деген макалада Айтмат уулу, Байыш уулу, Тыныстан уулу жана эски мугалим Турусбек уулдары жаңы журнал чыгаруу үчүн элден акча жыйнайбыз дешип, өздөрү он сомдон беришип, дагы жүз он кишини чакырышкан. Ал кезде семиз койдун баасы үч сом эле.

Бул төртөөнүн чакырыгынан кийин көп адамдар 10 сомдон акча беришип, алар дагы башка кишилерди чакырып отуруп, туура эки жылдан кийин 1928-жылы 5-майда ошол жыйылган акчага «Жаңы маданият жолунда» аттуу педагогика илимин жана көркөм адабиятты камтыган журналдын биринчи саны жарык көргөн.

«Жаңы маданият жолунда» журналынын чыгышы кыргыз адабияты менен кыргыз тилинде педагогика, методика илиминин дүр­кү­рөп өнүгүшүнө зор өбөлгө түзгөн. Ал журналдын биринчи редактору Касым Тыныстанов болучу» (7:45).

1927-жылдын 17-февралынан гезитте «Чалкан» деген бурч уюштурулса, ал кийин өзүнчө журналга,1928-жылы январда гезит­тин алдында ырларды жана прозалык чыгармаларды жазган жаш­тарды бириктирген «Кызыл учкун» адабий ийрими кийин Кыргыз­стан жазуучулар союзуна айланды.«Кыргызстандын ленинчил жаштары» деген тиркемесинен «Ленинчил жаш» гезити жаралды. Коомчулукка жаңы терминдерди жеткирип, элди латын арибине үйрөтүүдө да гезиттин ролу чоң болгон (11:88).

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде каржылык жана материалдык ресурстар, кадрлар жетишпегендигине байланыштуу Союздагы, Кыргызс­тандагы көпчүлүк гезиттер, журналдар убак­ты­луу жабылган. Бирок, ал убакта «Кызыл Кыргызстан» деп аталган «Эркин тоо» үзгүлтүксүз чыгып,«Баардыгы фронт үчүн!», «Баардыгы Жеңиш үчүн!» деген чакы­рык­тардын кандай ишке ашып жатканын, кан майдандагы эрдиктерди, ооруктагы жаңылыктарды, өзгөчө эмгек алдыңкыларынын, майданда­гылар үчүн азык-түлүк­төрдү, жылуу кийим-кечелерди, акча каражаттарын чогулт­кан­дар­дын демилгелерин элдин кеңири катмарына жеткирип, уюш­ту­руучу жана моби­лизациялоочу милдеттерди да аткарган.

Жүз жылдын ичинде басылманын аты үч ирет өзгөрдү. 1927-жылга чейин «Эркин тоо» деп аталса, андан «Кызыл Кыргызстан» деген атка көчүп, 1956-жылга чейин ошол аталышта чыгып келди. 1956-жылдан 1991-жылга чейин «Советтик Кыргызстан» деп аталып, жумасына 6 жолудан чыгарылып, бир жолку нускасы 200 миңге жеткен учурлар болду. 1991-жылдан бери «Кыргыз туусу» деп ата­лып келе жатат.

Демократиялык, плюралисттик мезгилде маалыматтык-ком­му­­ни­ка­циялык жана инновациялык технологиялардын, каражат­тар­дын күндөлүк турмушубузга бекем орношу менен басылмалар өздө­рүнүн монополисттик ордуларын, таасирлерин жоготушту. Мын­дан ары кандай болорун боолгоо да кыйын. Биз, албетте, кийинки жүз жылдыкта да «Кыргыз туусунун» туусу желбиреп турушун каалайбыз. Эгемен кыргыз эли барда мамле­кет­тигибиздин кайра жаралуусунун очогу, летописчиси, бир символу катары «Эркин тоо» тарыхыбызда түбөлүккө кала береринде шек жок.


АДАБИЯТТАР

1. Айтмамбетов Д., Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ в. Ф. Изд: «Илим», 1967. 310 с.

2. Карасаев Х., Хусеин наама, Б. «Кыргызстан» басма үйү, 2001., 486 б.

3. Арабаев Э., Эркин тоо, «Эркин тоо» гезити, 1924-жыл, 7-ноябрь, №1.

4. В. И. Лениндин чыгармалар жыйнагы. Орто мектептердин жана атайын окуу жайларынын окуучулары үчүн. Ф. «Мектеп», 1974., 704 б.

5. Сталин И. В., Сочинения, т. 5. 1921—1923. М. ОГИЗ, Госполитиздат, 1947. 448 с.

6. Абдукаримов М., Б. «Эркин тоо-элдики». «Мезгил», 1995. 22 б.

7. Бектенов З., Осмонкул Алиев. «Эркин тоо» гезитинин биринчи редактору, Китепте: Замандаштарым жөнүндө. Адабий эскерүүлөр. Б. ЖЧК «Салам», 2016. 244 б.

8. Тентимишев М., Кыргыз туусу. ХХI кылым гезити. 1924—2004. Б. «Учкун», 440 б.

9. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-Национальный лидер, Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.

10. Ленин и Сталин, О Средней Азии и Узбекстана, Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.

11. Мураталиев Б., Кыргызстандын компартиясынын күжүрмөн органы. Китепте: Турмуш күзгүсү. («Советтик Кыргызстан» газетасынын 40 жылдыгына арналган документтик материалдардын, эскерүүлөрдүн жана макалалардын жыйнагы). Ф. «Кыргызстан» басмасы, 1966. 168 б.


Трагедиялуу кызыл командирлер

Арстанаалы Осмонбеков менен Алишер Молдокеев жөнүндө

Революцияларды саясий-идеологиялык фанатиктер жараты­шат, үзүрлөрүн «келемиштер» көрүшөт. Пассионар­дуу­луктары күч­түү, кайрат-жигерлери шакардай кайнагандар жеңишке жеткенден ки­йин ашып-ташкан энергияларын кайда жумшаарды билбей, бири-бири менен кармашканга, а түгүл согушканга өтү­шөт. Ал тарыхта «революция-өз балдарын өзү жейт» деп аталат. Аны менен алар да «келемиштердин» жаңы тобуна, толкунуна жол ачып беришип, өздөрү трагедиялык фигураларга айланышат. Өзү­ңүздөр карап көрүңүздөр,1920-жылдары РСДРП (б) БКны жетектегендердин, Сая­сий Бюрого киргендердин канчасы 1940-жылдарга жетти? Убагында өзүн чыныгы кедей кембагалдардан чыккан большевик деп эсептеген, бийликтеги жана эл арасындагы таасири атаан­даш­тырыныкынан кыйла жогору болгон Р. Худайкуловдон, Д. Баба­хановдон эмне калды? Кыргыз мамлекеттигин кайра жаратуунун идеологдору А. Сыдыков, Э. Арабаев, Ж. Абдрах­манов ж. б. көз карандысыздыктан кийин гана тарыхыбыздан өз ордуларын табышты. Алардын кеч кайрылып келишине кимдер күнөкөр, кимдер себепкер?

И. Сталинди же Н. И. Ежовду, Г. И. Ягоданы кээде жыйын­дарда, чогулуштарда же маалымат каражаттары аркылуу айрымда­рынын аты-жөндөрүн эле чала-бучук угуп калышпаса, Кыргыз­стан­да кандай жетекчилер же саясатчылар бар экени кызыктырган деле эмес. Алардын репрессиялык режимди, наны түз­гөнү чындык. Бирок, ал машинаны иштетип, арааны чоң тегир­менге айланды­рып, бири-бирин анын чанагына түрткөндөр Кыргызстанда жашап, иштегендер өздөрү болушкан.

Ч. Айтматовдун белгилүү драмасындагы акын Сабыр:

Кызыл кыргын, кара сүргүн чоң согуш-

Жанын кыйды миңдеп, сандап жарандар.

Кең казылган бир мүрзөнүн ичинде

Катар жатат жакшы менен жамандар.

— — — — — — — — — — — — — — — — — — —

Үйдө ыйлатып эне менен атаны,

Өлгөндөрдүн кимге убалы, азабы?

Өз да, жат да катар жатат жер тиштеп,

Бүткөн өңдүү тирүүлөрдүн чатагы (1:53).

— деп жазгандай, кандай революция болбосун ал биринчи кезекте, адамдардын жай тур­муштарынын быт-чытын чыгарып, тагдырларын куюндай са­пырып, элдерди, топторду гана эмес, досторду, а түгүл М. Шоло­ховдун «Кал» деген аңгемесиндегидей, ата менен баланы касташтырган оор трагедия, ал эми философиялык жактан ниги­лизмдин эң төмөнкү чеги болуп саналат. «Земной дух человечества, пошедшего по пути змия, загипнотизировал чело­века заманчивой идеей прогресса и грядущего в конце прогресса земного рая, и так обольщен был человек, что не заметил безумия своего служения прогрессу и своего подчинения счастливцам грядущего рая, -деп жазган Октябрь төңкөрүшүн кабыл албаган философ. Прогресс цве­тет на кладбище, и вся культура совершенствующегося челове­чества отравлена трупным ядом. Все цветы жизни-кладбищенские цветы» (2:123).

Биз мында бири-Кыргызстанга белгилүү, ысмы совет бийли­гин орнотуу процесси менен биротоло ассоциялашып калса, экинчиси, аймактагыларга мурдатан таанымал, совет бийлигин аны менен бирге ошондой деңгээлде коргоп жүрүп, кийин түшүнүксүз себептер менен аны менен тил табыша албай, эки жээкте калган эки кызыл командир жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Анын биринчиси, Арста­налы Осмонбеков, экинчиси- Алишер Молдокеев болуп саналат.

Арстанаалы Осмонбеков

Бул ысым бизге мектеп партасынан тааныш, жергебизде совет бийлигин коргоого келгенде анын аты айтылбай койбойт. Ал жөнүн­дө фундаменталдуу тарыхый эмгектерде, монографияларда жана диссертацияларда дайыма айтылып келет. «Наиболее значительную роль в разгроме басмачества сыграли интернациональный кава­лерийский полк под командаванием Э. Ф. Кужело и ряд киргизских добровольческих боевых отрядов, которыми командавали А. Осмон­беков, К. Камчыбеков, С. Кучуков и другие» (3:197) деп айтылат советтик Кыргызстандын башкы тарыхый эмгегинде. Чындыгында Наманган уездинде гана эмес, белгилүү деңгээлде Фергана өрөө­нүн­дө совет бийлигин орнотуп, басмачылык кыймылды талкалоодо тарыхка кыргыз кызыл атчандар дивизиону деген ат менен кирип калган жоокерлердин ролу чоң болгон. Алардын бир бөлүгү ири басмачылык бөлүктөрдү жетектешкен Калкожо, Рахманкул, Көр Шермат, Эргеш сыяктуу корбашыларды талкалоого да катышкан.

Бийлик органдарынан кепилденген жабдуу болбогондуктан А. Осмонбековдун дивизиону орус казактардын станицалык тибинде түзүлгөн. Алсак, орус-казактарда ар станицанын атаманы, ага караштуу аскердик отряды болгонун, жай учурларда алар чарбалык иштер менен алек болушса, коркунуч жаралганда же чакырык келгенде куралдарын ала коюп, ат жабдыктары менен согушка же жүрүшкө даяр тизиле калышкандай, А. Осмонбековдун жоокерлери да негизинен жер-жерлерде өзүн өзү коргоо отряддарынын милдетин аткарышып, команда болгондо тийиштүү жерге чогула калып турушкан. Антпесе 500—600 жоокерди ат-көлүктөрү менен бир жерде туруктуу кармоого жөн эле мүмкүнчүлүк жетишпеген. Алсак, А. Молдокеевдин отряды- Сыны-Кара-Жыгачта, А. Кабаевдики- Авлетимде, С. Айтиевдики- Кербенде, Д. Эсенгелдиевдики- такай Кетмен-Төбөдө, ал эми А. Осмонбековдун өзүнүн негизги отряды- Ак-Сууда турган. Коргонуудан сырткары элден алык-салыктарды чогултуу милдетин да аткарышкан. Алардан сырткары жер-жерлерде милициялардын бөлүмдөрү, партиялык, советтик жана комсомолдук активдер да болгон, согуш учурунда алар да дивизиондун командирине баш ийишкен. Алсак, 1921-жылы А. Ос­мон­беков Кетмен-Төбөдө милициянын -100 адамдан турган, Багыштарда-60, Майлы-Сайда -50 адамдан турган отряддарын түзгөн (4:38). Андай отряддар Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр, Нанай, Чартак, Бышкараң, Жаңы-Коргон, Иринжит, Малкалды, Тегене, Заркенд сыяктуу элдүү пункттарда да болгон. Майда басма­чылык топтордун, каракчылардын жер-жерлердеги отряддар эле миздерин кайтарып, талкалап турушкан. Маселен, С. Айтиевдин 82 адамдан турган отряды 1921-жылы адегенде Орто-Токойдо Жакыпбек менен Акматбектин басмачыларын талкалап, андан аман калгандары Арзымат корбашыга барып кошулганда алардын көбүн жок кылып качууга аргасыз кылган (4:38). Баяс, Султан сыяктуу жигиттеринин сандары миңди чамалаган, кээде андан да ашкан корбашыларга каршы согушка чыкканда отряддардын көбү чогултулган, анда да элди, партиялык, советтик органдарды ка­рак­чылардан, басмачылык майда топтордон коргоо үчүн жер-жер­лерге аскерлер калтырылган. Аман палвандын басмачылары эң көбөйгөн учурларда 500—600гө жеткен, бирок көбүнчө 200—300дөн аш­кан эмес.

Биз мында сөздү А. Осмонбековдун дивизионунун түзүмдүк өзгөчөлүктөрүнөн баштагандыгыбыздын себеби, айрым адабият­тар­да ал регулярдуу армиянын бир бөлүгүндөй сыпатталып, окурмандарды адаштырып келатат. Дивизиону жалаң ыктыяр­луулардан гана түзүлүп, куралдарын гана уезддик органдар бербесе, калганы толугу менен ыктыярдуулар, жергиликтүү эл та­ра­бынан жабдылган кошуун болгон. Анын командалык курамын неги­зинен бийлердин, болуштардын, байлардын балдары түзгөн. Ал убакта кыргыздарда таптык сезим, таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес, эл уруулук-уруктук системада жана психологияда жаша­ган, же байлардын, бийлердин балдары өздөрүнүн атала­рынын достору, жакындары, алардын балдары менен согушкан. Кедейлерден чыккан Аман палван сыяктуу корбашылар- кедей кызыл аскерлерге, Даңканай Эсенгелдиев сыяктуу кембагалдардан чык­кан кызыл командирлер- кедей басмачыларды аяган эмес. Же Кыргызстандагы совет бийлигин коргоону жетектегендердин иштери көп жагынан Россиядагы 1825-жылдагы декабристтердин иш ара­кеттерине окшошуп кетет. Декабристтердин жетекчи­лери­нин баардыгы дворяндар болушкан, алар самодержавиени кулатып, крепостнойлук укукту жоюу үчүн көтөрүлүш жасашса, тарыхтын парадоксу мында, аларды атып, талкалап, камагандар алар эркин­дикке чыгарабыз деген эзилгендердин балдары болушкан.

А. Осмонбеков 1885-жылы азыркы Аксы районунун Тегене айылында аймакка гана эмес, Наманган уездине, Кетмен-Төбө, Талас­ка таанылган болуштун үй-бүлөсүндө туулган. Осмонбек Жан­га­рач байдын карыганда токолунан көргөн кенже уулу болгон. Атасынан 8—9 жашында калып, энелери бөлөк агалары батыр­ба­гандан кийин Тогуз-Торого тагаларыныкына кетип, энеси өлүп, ал жакка да батпагандан кийин кайра Тегенеге келет. Адегенде аталаш агалары малай катары жумшап жүрүшөт. Бирок, бышыктыгынан, өзгөчө төрөлөрдүн көздөрүнүн актары менен тең айланып, үзүлүп түшө кызмат кылгандыгынан улам тез эле көзгө көрүнүп, адегенде айыл­га ыстарчын болуп дайындалат. Анан бир нече ирет болуш болуп шайланат. Аймактагы атактуу байлардын бирине айланат. Падышага ак кызмат кылганы үчүн эполеттүү чепкен, Рома­новдордун династиясынын 300 жылдыгы белгиленгенде юбилейлик медаль менен сыйланып, карыганда болуштугун тун уулу Жумана­лыга өткөрүп, ажыга барып келет (5:231). Баласы Арстаналы пады­шалык бийликтин өкүлдөрү менен кагыша кеткенде «ал менин да тилимди албайт. Мен анын балалыгынан кечтим» деген мааниде бил­дирүү жарыялатып, ал эми 1916-жылы оорукта иштөөгө жөнө­тү­лө тургандардын катарына Арстаналыны биринчилерден кылып жаздырганын анын бийлик алдындагы мына ушундай «элпектиги» менен түшүндүрүлөт.

Ошол убакта болуштун үйүнө уезддик, облустук борбор­лор­дон ар кандай улуттардагы- жер ченегичтер, эсеп жүргүзгүчтөр, салык чогулткучтар, геологиялык чалгындоочулар көп келишчү экен. Алар Арстаналынын тирикарактыгын байкап, окутууга кеңеш беришет. Чоңдордун сөзүн эки кылбаган болуш аны орус-тузем мектебине (бир булакта Наманган, экинчи булакта Нанай) жөнөтөт. Ал атасынын Сейит Капсаламов казак деген таанышынын үйүндө жүрүп мектепте жакшы окуйт, анын баласы Шаймардан менен дос болуп кетет, ал кийин совет бийлиги орногондо ТүркБАКта иштеген. А. Осмонбеков кыргызча, орусча, арабча катасыз жазганды үйрө­нөт. Бирок, жүрүм-туруму оруска окшоп баратканын көргөн мол­до­лор, байлар «дагы окута берсең Арстаналың биротоло орус болуп кетет» деп айта беришкенден улам болуш баласын мектептен чыгарып алат. А. Осмонбековго ошондон баштап «Арстаналы орус» деген кличка биротоло жабышат. Арстаналы мектепте окуп жүргөн­дө дарыгерликти да үйрөнөт. Анын үйүнөн ысытма, баш ооруу, са­сык тумоо сыяктуу дарттарга каршы дары-дармектер үзүлбөгөн. Наманганга барган сайын гезит-журналдар, китептер менен кошо жаңы дары-дармектерди сатып алып, үй-бүлөлүк «аптечкасын» толуктап, кайрылгандарга берип, кеп-кеңешин айтып да турган. Ал патефонду да биринчи болуп алып келип, «Арстаналынын киши­че сүйлөгөн сандыгы бар» дедиртип элди таң калтырат.

Ал 1907-жылы Субан болуштун Уулкан деген кызына үйлөнүп, атасынан бөлүнүп чыгат. Ал саясатка, дүйнөдө болуп жаткандарга кызыккан. 1914-жылы пристав капитан Марковдун былык-чылык иштери, паракорлугу жөнүндө бийликке арыз жазат. Аны тек­шер­гендер күнөө приставда эмес, арыз жазгандын өзүндө, ал элди падышалык бийликке каршы козутуп жатат деген жыйынтык чыгарышып, аны жазалашканда Осмонбек болуш коркуп кетип, облустук гезитке жогоруда айтылгандай билдирүү жарыялатат.

1916-жылы Арстаналынын оорукта иштөөчүлөрдүн тизмесине биринчилерден киргизилүүсүнө пристав Марков демилгечи болсо, атасы аны дароо колдогон. А. Осмонбеков Белоруссиядагы оорук­тук иштерге барат, орус тилин жакшы билгендиктен тез эле рево­лю­циялык маанайда жүргөн башка улуттардын өкүлдөрү менен тил табышып, алардан кыргыздардын арасында саясий иштерди жүргү­зүү жөнүндө тапшырма алып, аны аткарып жүрөт. 1917-жылы аны билип калган Захаров деген жетекчиси «большевиктердин идея­ларын таркатканы үчүн Осмонбековду камакка алгыла» деген чечим чыгарат. Ага өчөшкөн Арстаналы: Захаров жумушчуларды урат, кор­дойт, кир жуушса да, кат жазышса да ал үчүн акча алат ж. б. деп жогор жактагыларга арыз жазат. Анын арызынын негизинде Захаровго карата тергөө иштери башталып, жумушчулардын ара­сында аброю кескин жогорулайт.

А. Осмонбеков 1918-жылы жазында Тегенеге кайтып келген. Ал убакта эл түгүл, аны башкаргандар да эч нерсени түшүнүшпөй, бири басмачыларга кошулса, экинчилери А. Молдокеевге окшо­гон­дорду ээрчип, «кимди ким көрдү, Быржыбайды тамы басты» деген­дей башаламандык өкүм сүрүп турган. Ал адегенде өз алдынча коргонуу отрядын түзүүгө аракет кылат, бирок ал үчүн уезддик же облустук бийликтен уруксат, курал-жарак алуу керек болгон. Алар 1920-жылга чейин ага өз алдынча отряд түзүүгө уруксат беришкен эмес. Ошондуктан ал 1918-жылдын аягында Успеновка кышта­гындагы Николай Пивоваровдун коргонуучу отрядына келип ко­шулат. Ал жергиликтүү негизинен украин улутундагылардан өздөрүн өздөрү коргоо максатында түзүлгөн. Анын келгенин уккан Аман палван басмачылары менен эки жолу Тегенени чаап, атасын баш кылып туугандарын «Арстаналы орусту тапкыла» деп сабап, колго илингендердин баарын талап кетет. Ал окуяларга өзү күбө болгон Темиркул Үмөталиев Осмонбек болуш сабалып жаткан­дагыны төмөнкүдөй сүрөттөгөн: «Эки колун эки жакка сундуруп, эки жигит басып отурушту. Бир жигит камчы менен эки далынын ортосуна, май куйрукка чыпылдатып сабады.

— Өлтүргүлө! Кыйнабай эле атып салгыла мени. Баары бир эч нерсе айтпайм силерге. Жетимиш алтыга чыктым. Эми канча жа­ша­мак элем. Атып сал мени! О, каракчы! Зоңкойгон акмак! Менин он уулум, беш кызым, жүзгө жакын небере-чөбүрөм бар. Жармы­сын өлтүрсөң, жармысы калат. Бири тирүү калганда да сенден өч алат. Уктуңбу, башы жок келесоо? -деди Осмонбек тилин тартпай.

Ажынын үнүн угуп анын энелеш иниси Үмөталы Кекиртектин тун уулу Өмүралы жүгүрүп жетип.

— Бул эмне деген салтта жок жырткычтык? Пайгамбар жашынан эчак өткөн карыяны да урабы? Бир да хан мындай иш кылган эмес — деп кыйкырды.

— Ушул жигит туура айтат, -деди Аман. — Осмонбекти тургузгула да, анын ордуна ушул баатырды жаткыргыла. Салт бузулбасын.

Буйрук дароо орундалды. Бири чарчаганда, бири сабап жатып, анан бир кезде өлүктү эки жигит айылдан обочо сүйрөп барып ташташты. Кагелес бойлуу, кара тору, кара каш, кер мурут, бир көр­гөн кызды менин жарым болсо дедирген Өмүралы боз улан бойдон таяктын уусуна чыдабай көз жумду, кырчынында кыйылды да калды» (5:224).

1919-жылы жазында А. Осмонбеков Скобелев (Фергана) шаарына келип, экинчи ирет өзүнчө отряд түзүүгө уруксат сурайт, би­рок анын өтүнүчүн колдобой Фергана аскер гарнизонунун командири М. Ф. Сафоновдун отрядына тилмеч-жол көрсөткүч кылып дайындашат. Облустук бийликтин чоочулаганын түшүнсө болот, анткени ал убакта аймакта эсерлер үстөмдүк кылып, кимдин ким экенин билбеген, баш аламандык өкүм сүргөн убак болгон. Ал М. В. Сафоновдун отряды менен Ош, Анжиан, Фергана шаарларын коргоого, Мадамин бекке, Калкожо, Эргеш сыяктуу корбашылардын басмачыларына, совет бийлигин тааныгылары кел­беген, ак аскерлердин генерал, офицерлеринен куралган Монс­тровдун отрядына каршы согуштарга катышып, тез эле эр жүрөк мыкты аткыч катары таанылат.

1920-жылы март айында өз алдынча коргонуу отрядын түзүүгө уруксат берүү тууралуу ТүркБАКка арыз жазат. Апрель айында А. Осмонбеков Ташкентке барып, жергиликтүү кыргыздардан ык­тыяр­дуу отрядды түзүүгө уруксат алып келет, бирок ал 1920-жылы 25-майда М. В. Фрунзе тарабынан Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүү чечим кабыл алынгандан кийин толук ишке ашкан. Ал Наманган уездиндеги айыл-кыштактарды түрө кыдыра, мылтык кармаганга жарактууларды ыктыярдуу отрядга кошулууга үндөгөнгө өтөт. Жакындарын бай-кедейине карабай отрядына айдап киргизет. Анын чакырыгын элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эле 1, 5 миңге жакын адам отрядга кирүүгө макулдугун беришкен. Бирок, өзүнүн маузеринен башка эч нерсеси жок болсо, анча адамга ат-көлүктөрдү, курал-жарак­тарды кайдан тапмак? Алардын көпчүлүгүнөн жергиликтүү ми­лицияларды түзүп, айылдарында калтырган.

Андан көп өтпөй ал жыйырма жигит менен Наманганга келип курал-жарактарды алып кетет. Ошол күн ал үчүн майрам болот. Наман­гандан жогорудагы Жал-Абакан тоосуна өргүшүп, туш-тараптарга кабарчыларды чаптырышат. Асанбек Кабаев, Сулайман Ай­тиев, Алмамат Субанов, Мамытбек Шадыканов баштаган 70тей адам келишип, алар ошол замат Наманганга курал алганы жөнөшөт.

Ю. Осмонбеков, Ж. Асанкулов, С. Наматбаев, Ж. Таш­темиров сыяктуу ж. б. китептеринде андан мурда коргонуу отрядын түзгөн, басмачыларды жок кылууга андан кем эмес салым кошкон Алишер Молдокеев жөнүндө бир да сөз айтылбаган, ал түшүнүктүү, анткени ал кезде ал «басмачыларга кошулган» деген жалаада жүргөн, бирок көз карандысыздыктан кийин чыккан айрым эмгектерде да А. Молдокеев жөнүндө эч нерсе айтылбай, мурдагы клише­лердин эле кайталанып жатканы обьективдүү чындыкка да, илимийлүүккө да ылайык келбейт. Илимдин бир эле максаты бар, ал — чындыкты аныктоо. Чындыкты издебеген илимдин эч кимге кереги жок.

А. Осмонбековдун отрядына комиссарлыкка Л. Д. Борисов, штабынын жетекчилигине Соловьев дайындалып, партиялык уюмуна Ж. Дүйшөбаев шайланат. Жаңыдан 23 адам комму­нист­тикке кабыл алынып, отряд укуктук жактан толук легитимдештирилет. Ошол жылы жайда, күздө А. Осмонбековдун уюштуруусу менен Врангелге каршы согушууга кыргыздардан 474 адам жөнөтүлөт. Отряд 1921-жылы М. Фрунзенин буйругу менен Алайга корбашы Нурматтын басмачыларын талкалоого жөнөтүлүп, талка­лангандарынан калгандарын Гармга чейин кууп барышат. Анын мындай иши М. Фрунзенин 1921-жылдын 21-июнундагы буйругунда «Айрыкча кыргыз атчандар дивизиону шамдагайлыгы, бирдиктүүлүгү, темирдей катуу тартиптүүлүгү менен айрыма­лан­ган, ошондой эле ишеничтүү бөлүк болгон. Дивизиондун мындай ардактуу кызматын эл эч качан унутпайт» (4:35) деп белгиленген.

Отряд 1921-1922-жылдарда Калыбай, Аман палван, Турмат, Рахманкул, Дадабай, Жакыпбек, Султан сыяктуу корбашылардын алды 100дөн 600гө чейинки басмачыларын талкалоодо негизги ролду ойнойт. Калыбай корбашы өзүн лашкер башы деп жарыялап алып, Наманган уездинин аймагындагы басмачылардын майда топторун баш ийдирген Аман палвандын бир тууган кайнагасы болгон. Ал Аксынын Аркыт-Кара-Суу аймагында ТүркБАКтын уезддеги өкүлү, А. Осмонбековдун досу Шаймерден Капсаламовду колго түшүрүп кыйнап өлтүргөн. Ал аябагандай куу, жердин ыгын жакшы билген тобокелчил адам болгондуктан отряд анын басмачыларын бир нече ирет талкалаган менен өзү качып кутулуп, кайра жаңы топторду түзүп талоончулугун уланта берген. Акыры аны Таш-Көмүр менен Кара-Көлдүн ортосундагы сайга камап, басмачыларынын көбүн жок кылганда аман калгандары корбашысы менен бирге дарыяга чөгүп өлүшкөн.

Андагы ролу эске алынып отрядга 1922-жылы мартта өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону деген ат берилет. Андан кийин Намангандагы, Маргалаңдагы, Кокон жана Анжиандагы басма­чыларды жок кылууга катышат. Наманган уезди басмачылардан толугу менен тазаланат. Мына ушулардын негизинде ВЦИК 1923-жылы августта А. Осмонбековду баш кылып дивизиондун 11 жоокерин Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим чыгарат. Алар мындай жогорку сыйлыкты алган биринчи кыргыздар. А. Осмонбековдун орденинин катар номери- №14787. А. Осмонбеков облустук аскердик штабдын тапшырмасынын негизинде Ферганада саясий, үгүттүк иштерди да жүргүзгөн. Штаб­дын чечими менен дивизионго эч норма менен чектелбеген жок кылуучу (истребительный) отряд деген ыйгарым берилген.

Дивизион Ашыр паңсат, Турдубай, Бурулбай, Карабай корба­шыларды талкалап, Ярматты 360 жигити менен колго түшүрөт. Ас­кер­дик жетекчиликтин 1924-жылдын 21- февралындагы №363-буйругунда Киркавдивизиондун Фергана облусунда басмачыларды жоюу иштерин мыкты аткарганы белгиленет (4:50).

Жыйынтыктап айтканда, дивизион аймакта советтик бийликти коргоп, бекемдеп, элибиздин мамлекеттигибизди кайра жаратууга киришүүсүнө жол ачууга аябагандай чоң салым кошкон. 1922-жылы Тоолуу кыргыз облусун түзүү жөнүндө демилге көтөрүлүп, чек араларын аныктап, картасын чийүүгө келгенде республикабыздын түштүк аймагы «басмачылык согуштун күчөп тургандыгына байланыштуу кийин каралсын» деген шылтоо менен тоолуу облустун карамагына кошулган эмес. Эгерде аймакта 1923-жылдын аягына карата басмачыларды талкалоо толугу менен аяктабаса, мүмкүн, түштүктүн айрым жерлери ККАОнун курамына да кирбей калмак.

«Эркин Тоо» гезитинин 2-санына «Фаргана басмачыларын жоюу жолунда кыргыздар» деген макала жарыяланып, анда А. Осмонбековдун Күжүрмөн Кызыл Туу орденин тагынып түшкөн сүрөтү берилген. Анда: «Кыргыздар ичинен чыккан аскерлер башчысы Арстанаалы Осмонбек уулу үч жыл тынбастан басмачылар менен күрөшкөндөрүнүн аркасында баштарынан нечен кыйын­чылык күндөрдү өткөздү. Бүтүн Наманган үйөзүндөгү хам Маргалан үйөзүндөгү басмачыларды жок кылды. Басмачылар менен күрөшүү жолунда Фаргана кыргыздары экинин бири болду, деп айтсак кал­пы­чы болбойбуз.

Арстанаалы Осмонбек уулу басмачы согушунда баатырлык көрсөткөн» (6). Биз мында гезитте кандай жазылса, стилистикалык, грамматикалык жактан ошондой келтирдик. Мындан эки уезддин аймагындагы басма­чыларды талкалоодо кыргыз кызыл атчандар дивизионунун жоокерлери негизги ролду ойногону ырасталган.

А. Осмонбековдун жак дегенин бербеген көктүгү, өжөрдүгү менен бирге жөндүү сөздү моюндап, душмандарына ырайым кыла бил­ген сапаттары да болгон. Ал Чаткалдан келе жатканда Барпыбай деген корбашынын он беш жигити менен Кербендеги бирөөнүн үйүндө бекинип жатканын угуп, түндө келип анын короосун кур­чоо­го алдырып, басмачыларга куралдарын таштап бирден чыгуу жөнүн­дө буйрук берет. Басмачылардын баары байлангандан кийин Даңканай: Буларды эмне кылабыз? -десе, А. Осмонбеков: Буларды кайда алып бармак элек. Мылтык атып, элди чоочутпастан баарын кылычтап салгыла, — деп буйруйт. Аны уккан, мурда басма­чылардын арасында жүрсө, кийин кызылдарга кошулган Коргоол акын атынан кулап түшүп, Арстаналынын бутун кучактап калат.

— Айланайын, Арстаке! Бул иттин тогуз баласы бар. Баары жөжөлөрдөй жаш. Аман ууру аны зордоп кошуп алып, бир тобуна башчы кылып коюп, корбашы атыгып кеткен. Өзү бай деле эмес. Ырайым кыл (5:224).

Көрсө, Коргоол ырчы бир убакта анын тобунда жүргөн экен.

— Тогуз балаң үчүн кашык каныңды кечтим, -дейт анда Арстаналы. Мындан ары үйүңдөн чыкпай балдарыңды бак. Экин­чи ырайым болбойт.

Ошентип А. Осмонбеков басмачылардын курал-жарактарын, аттарын тартып алып, Коргоолдун өтүнүчү менен өздөрүн үйлө­рүнө коё берет.

Аман палван элден талаган үч миңден ашык койду, үч жүздөй жылкыны, жүздөй бодо малды чарбакери Назаралы баштаган он­чак­ты басмачысына караткан. Алары улам жер алмаштырып, жашы­рынып көчүп конуп жүрүшөт. Алар Бозбунун этегиндеги Чер деп аталган бадалдуу токойдо бугуп жатышканын билип, А. Осмон­беков айлуу түндө элүү жоокери менен барып, баарын колго түшүрүп, малдарын ээлерине таркаттырып, Назаралыны баш кы­лып эл «булар басмачы» деп тааныган үчөөсүн айылдын маңдайына алып чыгып аттырып, калгандарын коё бердиртет (5:227).

Эл акыны Темиркул Үмөталиев Арстаналы Осмонбеков менен аралаш жүргөн. Ал Ак-Суудагы өзү салдырган мектепте Т. Үмө­талиев окуп жүргөндө тез-тез келип, балдар, мугалимдер менен сүйлөшүп, жатак мектептин тамак-аштарынын сапатын текшерип, кээде өтүгүн чечип таштап, жылаңайлак болуп алып, куру­лушчуларга кошулуп иштешип турган. Ал убакта Темикебыз жатак мектептин комсомол уюмунун катчысы болгон. Бир күнү аскердик сепилдин айланасына койлор батпай кеткенин көрүшөт. Бир аздан кийин Ак-Кыядан атчан он чакты аял-эркек чубап түшүп, сепилге киришет. Мугалимдер чогулушуп, Арстаналы Жабар деген чоң кызын, Иринжиттеги Чыныбек болуштун баласына бергени жатыптыр, булар анын калыңына берилген койлор дегенди угуп, өзү кызыңарды каалагандарына гана бергиле, калыңга сатпагыла деп күндө бизге акыл айтып, өзүнүн кылганы ушубу деп ачуусу ке­лет. Ал жердеги кычыткы чоңко сымалдар сен комсомолдордун чоңусуң, бул эмне кылганыңыз? — деп сурап көрбөйсүңбү деп кычаш­тырып да коюшат. Алды-артын карабаган Темикебиз: «Арстаке! Өзүңүз кызды калыңга саткан кылмыш болот дейсиз. Элди жаңы тартиптерге үйрөтүү комсомолдун милдети дебедиңиз беле. Сизге каршы биз эч нерсе иштей албасак да, Жабар менен Акматбекти комсомол чогулушуна коюп, талкуулайбыз. Өздөрү комсомол мүчөлөрү боло туруп, мындай эски адатка каршылык көрсөтө алышпаганы үчүн уулуңузду да, кызыңызды да комсо­молдун катарынан чыгарабыз». -деп кат жазып, Арстаналынын өзү­нө бергин деп Жумабеков деген баладан берип жиберет. Ал бала катты Арстаналы өзү окуп, анан «ичиңден оку» деп аялына берди деп айтып келет. Анын тун уулу Акматбек ошол убакта Ташкентте окучу экен.

Бешим ченде Арстаналынын аялы Уулкан келип; «жанагы жетимди таап бергиле. Битинен арылтып, кийиндирип-ичиндирип койсо, кутура баштаган экен. Томаяктын кылары ушул. Аны мына­бу алмурутка тирсеги­нен астырам» деп жаалданып, бекинип кал­ган Т. Үмөталиевди таппай кетет. Аны мектептин директору алдап-соолап араң жолго салат. Анан Т. Үмөталиевди чакырып, сага ага тийишкенди ким койду экен. Жини келсе, басмачылардын куйругу деп аттырып салса, биз эмне кылабыз, — деп кейийт. Күн батарда ошол учурда үйүндө жүргөн Акматбек келип, айылдагыларды топтоп, комсомол чогулушун өткөрүп, бузукулук кылганы үчүн Үмөталиевди комсомолдон гана эмес, интернаттан да чыгарып, кийимдерин чечтирип алуу жөнүндө маселе коёт. Аны укканда корк­конун да унуткан Темиркул: Сенин бул чогулушуң мыйзамсыз. Сенин чогулуш өткөргөнгө акың да жок. Бул жерде отурган­дардын көбү комсомол деле эмес. Билетти сенден эмес, райкомдон алган­мын. Бул комсомолдордун чогулушу эмес, келгендердин баа­ры тарасын! — деп кыйкырат.

Эртеси ат бастыра Арстаналы өзү келет. Темиркул үчүн андан директор кечирим сурай баштайт. Ал Темиркулду чакыртып, эч нерсе болбогондой жайдары учурашып: «Мындай жүрчү, жетимче, тууганча сүйлөшүп алалы» деп четке алып чыгып:

— Кечээ жеңең келип, сени болбогон сөздөр менен каргап-шилеп­тир. Катын да. Ага капа болбо, айланайын. Баарын туура жа­зып­тырсың. Иш мындай. Баяс корбашыдан түшүрүп алган Айкашка деген күлүгүм бар экенин сен өзүң деле билесиң. Миң койго сатпай жүргөм. Наманганда бирөөнүн үйүндө ичип отуруп, кызып калган кезде Чыныбек: «Дос бололу, Айкашканы мага бер» десе, «ал» деп коюпмун. Чыныбек атты алып кеткен бойдон дайын­сыз жоголду. Ичим күйүп калды. Жакында Намангандан жолук­канда: сенде уул, менде кыз бар, достугубуз бекем болсун үчүн кудалашалы, — дегем. Жанагылар Жабарга сөйкө салганы кели­шиптир. Бергендеринин баарын алдым, дагы алам. Айкашканын куну бүткөн кезде; «заман ушундай, балдар өздөрү чечишсе гана той кылабыз деп коём». Жабар Чыныбектин келесоо баласына бар­байт. Анда мага келип айтсаң, өлгөнүм ошол болот, -дейт. Анан ал Темиркулду кечинде үйүнө чакырып коноктоп, экөөсү Келдейден тарагандардан экенин айтып, бир сыйра үстүн жаңыртып чыгарат (5:234—239).

Чын эле Жабары Чыныбектин баласына барбастан Фрунзеде окуп жүргөндө Кочкорлук бирөөгө ыктыяры менен тийип кеткен.

Арстаналы Осмонбековдун баланын да жөндүү сөзүн угуп, анын көңүлүн да калтырбаган ийкемдүүлүгү да болгон. Жалал-Аба­д­ка окууга жөнөгөндө акча таппай, ал А. Осмонбековго дагы барат. Ал директорго: «Шекинин корго­нунда жаңактар төгүлүп жатат. Бал­дарды уюштуруп тердирип, акчасын Темиркулга бер­гин» деген кат жазып берет. Мектептин балдары эки күн терген жаңактын 147 сом 50 тыйынын алып Т. Үмөталиев окууга жөнөйт. Ал убакта бир кой­дун баасы 2—3 сомдон ашкан эмес.

Айрымдар Ак-Суудагы А. Осмонбеков салдырган жатак мек­теп жөнүндө сөз болгондо Жоомарт Бөкөнбаев да ошерде окуган деп жазып жүрүшөт. Ал жаңылыштык, Ж. Бөкөнбаев Көк-Арттагы жатак мектепте окуган, убагында ал жерде С. Качыкеев мугалим болгон. Улуттук адабиятыбыздын эки классиги С. Качыкеев ар­кы­луу таанышышкан.

А. Осмонбеков Ак-Сууга аскерлер коргоно турган сепил, мек­теп салдырат. Анда интернат уюштурат. 1923-жылы ага уу да бериш­кен, бирок жанындагы орус врач квалификациялуу тез жардам көр­сөт­көндүктөн аман калган. Жергиликтүү советке депутат, анан ККАОнун биринчи Уюштуруу Курултайына өкүл болуп, анын прези­диумуна шайланат. Же ал совет бий­лигин коргоого гана эмес, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүүгө да катышкан. Жамаат­таштыруу башталганда 18 үй-бүлөдөн коммуна уюштуруп, анын жетекчиси, анан кошуна Өзбекстанга кетип, ал жакта колхоздун баш­кармасы болуп, дагы башка жооптуу кызматтарда иштейт. Эске­рүүлөрдө, анын Өзбекстанга кетип калуусу тууралуу ар кандай ай­ты­лат, кээде алар азыр деле жарыялана калууда. Алар тарыхтын бүктөмдөрүндө калды, азыр алардын чын-төгүнүн эч ким аныктай албайт.1929-жылы басмачылар кайра баш көтөрүшкөндө ал кайрадан ыктыярдуу отрядын түзүп, Масловдун отряды менен 1932-жылдын аягына чейин алардын баарын талкалашат. Бирок, ошондон тартып ден соолугу кескин начарлап, экинчи топтогу майып болуп калат. Ага карабастан 1941-1942-жылдарда Таш-Көмүр менен Кетмен-Төбөнүн ортосундагы тоолордо дезертирлердин каракчы топтору пайда болгондо НКВДчылардын өтүнүчү менен аларга барып, бир нечесин тирүү кармап келет.

Улуу Ата Мекендик Согуш башталганда анын балдары, бир туугандары кан майданга кетишет. Ооган деген уулу учкуч-истре­би­тель, Акматбеги оор артиллериялык расчеттун командири, үкө­лөрдү Насир, Тургуналы, Юсуп десанттык бөлүктөрдө, Садык тан­кист, Акмат жөө аскер болуп согушка катышкан. Алардан- Садык, Ооган, Акматбек, Турсуналы, Назир баатырларча курман болушат. Эки баласынан, бир туугандарынан айрылуу ансыз деле ден соолугу начарлап бараткан Арстаналынын өзөгүн өрттөп, муун-жүүнүн кыркып кетет. Бирок, ошентсе да кайратын жыйнап, карма­нып жүрүп Улуу Жеңишти көрүп,1945-жылы 21-июлда жарык­чылыктан өтөт.

Чыгаан инсан, даңазалуу кызыл командирдин өмүрү алтымыш жа­шында ошентип аяктайт.

Алишер Молдокеев

Кайсыл жыл экени так эсимде жок, болжол менен 1982-1983-жылдардын бири болушу керек, иши кылып ошондо мен райондук гезитте иштечүмүн. Бир ирет Кара-Жыгачтык узун бойлуу, жашы сексенди чамаласа да өзүн түз кармаган, арык чырай кара сур акса­кал келип, Алишер Молдокеевдин кантип өлгөнү жөнүндө айтып бер­ген. Анын аты Байызбек болуш керек эле.

1931-жылы А. Молдокеевди басмачылар келип кармап кети­шет. Ал тууралуу Шаки Жанузаков (спикер Н. Шакиевдин чоң ата­сы) минтип эскерет.«Мен 1917-жылы март айында ушул жерде туулганмын. 1931-жылдын октябрь айы болушу керек. Алишердин эшигинде чоң ордо аянты бар эле. Биз, балдар ордо атып жатсак, эл «басмачылар келатат» деп ызы-чуу түшүп калды.

Күн кечтеп калган. Алишер да атын токуп, эл менен качканга камдана баштады. Аңгыча төмөнтөн Байымбет, Кожобек деген, анан артынан Абдырахман калпа деген чыга келип Алишердин жанына туруп калышты. Удаа келген чепкенчен эки өзбектин ырайлары суук эле. Алар келгенде Абдырахман калпа ушу дегендей Алишерди сөөмөйү менен көрсөттү. Өзбектер чепкен­деринин ичинен мылтыктарын алып чыгып, «колуңду көтөр» деп Алишерге ке­зешти. Алишер колун көтөрдү эле, бири түшүп келип, анын эки колун артына байлады. Балдар чуулдасак, бизди мылтык менен опузалап кууп жибе­ришти. Экөөлөп Алишерди атка мингизип алып жөнөшкөндө аялы чыңырган бойдон калды. Башка адамдар жок болчу, баары качып кетишкен».

Басмачылар Алишерди тоолорго аралатып алып кетип, элге «мурдагы кызыл командир Алишер да бизге кошулду» деп жайып жиберишет. Ал жалаа элге, бийликтегилерге толук жеткиче азыр­кы Кара-Камыш көлүнүн башында эки жумадай кармап туруп, анан: «эми сен кызылдарга кайра бара албайсың. Кармаган жерде атып ташташат, бизге кошулгуң келбесе, башың оогон жакта жүрө бер» деп коё беришет. Ошондон кийин ал үйүнө келе албай, алты айдай ар жактарда жашырынып жүрөт.

Эми Алишердин өлгөнүн өз көзү менен көргөн Байызбек аксакалга кайрылсак, ал төмөндөгүлөрдү айткан:

«Биз Алишердин Таш-Көмүрдүн үстүндөгү Кара-Күңгөй деген жерде жашырынып жүргөнүн угуп, Арстаналы Осмонбековдун жетек­чилигинде аны издеп жөнөдүк. Чын эле бир жылгада жашы­нып жаткан экен, бизди көрөрү менен атына секирип минип Ак-Суу тарапка качып жөнөдү. Артынан кыйкы­рып, аткылаганыбызга кара­бады. Чымчык-Жарга жеткенде атынан түшүп, кыбыланы карай чөгөлөп отуруп калды. Келмесин келтирди окшойт. Жакын келге­нибизде ГПУнун начальниги Жумабаев маузер менен үч-төрт жолу атты эле, капталынан жыгылды. Дагы эки-үч аскер кылычтап жибе­ришти. Арттан жете келген Арстанаалы «өзү багынып берсе, муну мине аттыңар?» деп кейип-кепчип сөгүнүп калды эле, Жумабаев: «Неге сен басмачыны аяйсың? Сенин урук-туугандарың да басмачы! Айтмырза деген бир тууганың басмачы!«деп кыйкырды эле, маузерлерин бири-бирине кезешкен эки командирди араң ажыраттык».

Байызбек аксакал А. Молдокеевдин өлгөнүн көргөн менен кай жерге көмүлгөнүн билбейт экен же билсе да айткысы келбедиби, анысын билбейм. Ошентип бир түптүү журттун сыймыгы болгон адамдын кай жерге көмүлгөнү алиге чейин белгисиз. Анын кантип өлгөнү жөнүндө башка варианттар да бар, биз мында өз кулагыбыз менен укканды, Шакы аксакалдын жазып калтырганын гана келтирдик. Айрымдардын жазгандарында Алишер айылына басма­чылар келгенин билбей калган, аны Байымбет деген айылдашы Буранадан чыккан атчандар содагерлер экен, Кара-Суу тарапка өтүп кетишти деп алдап койгондуктан, ал үйүндө камырабай отурганда капыстан ба­сып калышкан, ал дубалда илинип турган маузерине да жеткенге үл­гүрбөй калган, артынан бошоткону кууп барган 50дой адамды Кара-Суунун сайында «ок чыгарбагыла, өлсөм өлдүм, өлбөсөм кай­ра келем, балдарымды карагыла» деп кайтарып жиберген деп ай­тылат.

Алишер Молдокеев убагында чоң агартуучу, тамыр сөөктүк да жагы бар Арстанаалы Осмонбековдун эң жакын жардамчысы, басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучуларынын би­ри, өзү түзгөн отряддын командири менен бирге дивизионду азык-тү­лүктөр, курал-жарактар ж. б. менен камсыздаган интенданттык кызматынын да жетекчиси болгон. Анын отряды саруулардын экска­дрону деп аталган. Арстанаалынын аялы Уулкан, анын үкөсү Юсуптун аялы Айчүрөк Алишердин аялы Байысканга таеже болушкан.

Алишер 1884-жылы Сыны айылындагы Молдоке бийдин үйүндө төрөлгөн. Анын атасы Токтоматов Молдоке динге аябай берилген, эки ирет ажыга барып, экинчисинде ошол жакта өлүп сөөгү Меккеде калган. Атасы аны жашында молдого окуттуруп, кат таанытат. Жылкы менен чоңоюп, жылкы менен өсөт. Атасынын жылкыларын өзү карайт. Жашынан алибеттүүлүгү, кубаттуулугу, ошол эле мезгилде чечендиги жагынан айрымаланып, тез эле эл оозуна алынат. Ал үйүрүнө кирип кеткен чоочун айгырларды кууп барып, куйругунан силккенде эки-үч ала салып кетчү экен. Ал эр жеткенде атактуу Нүзүп миңбашынын чебереси, таасири Аксы, Кетмен-Төбө­гө тараган Сулайманкул болуштун кызы Байысканга ашык болуп, жуучу жөнөттүрөт. Сулайманкул болуш ага макул болбой, кызыбыздын кудалашкан жери бар деп коет. Андан көп өтпөй май айында Сулайманкул болуш чоң той берип, улак тартыштын баш байгесине дубанга атагы чыккан жоргосун жасалгалары менен саят. Анын улак дегени ичине туз толтурулган чоң ноопаз болгондуктан атактуу улакчылардын бири да аны ордунан жылдыра албай коюшат. Ошондо 43чү болуп Алишер чыгып, ноопаздын толор­согунан көтөрө жөнөгөндө аты очорулуп барып араң турат. Ноо­пазды болуштун алдына апарып таштайт. Ага тан берген Сулай­манкул салт-санаага ылайык кудалап келишсе, кызын ага бергенге даяр экенин билдирет. Атактуу болуштун күйөө баласы катары Алишердин зоболосу дагы артат. Ал Ноодогу бир байдын тоюнда да Асанбек Кабаевдин карагер атын минип, бир да улакчы ээрдин ка­шына чыгара албай койгон улакка союлган ноопазды өңөрүп барып байгеге таштап, эки өркөчтүү ак буураны, үстүндөгү кымбат баа­луу нерселер толтурулган кызыл куржуну менен кошо байгесине алып, төөнү А. Кабаевге, куржундагыларды улакчыларга таркатып берет.

1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө Аксы аймагындагылардын катышпай калуусунда Сулайманкул, Осмонбек болуштардын рол­до­ру чоң болгон. Алар эл арасында: «биз ак падышага каршы чык­кан менен элди кырдыргандан башка эч нерсеге жетишпейбиз. Андан көрө бер дегендерин берели, кан майданга кетип жатышкан жок, иш­тешкен жерлеринде маңдайларына сызганын көрүшөт» деген үгүт жүргүзүшкөн. Осмонбек болуш өз баласы Арстанаалыны бирин­чи тизмеге киргиздирген, азыр айрымдар ал ата менен бала­нын ортосундагы чатактан болгон ж. б. деп да жазып жүрүшөт, чындыгында болуш өз баласын арачалагысы келсе, пара берип деле куткарып калмак, ал убакта андай көрүнүштөр жетишерлик болгон, бирок болуштун баласы биринчи болуп ооруктук иштерге жөнө­түлүп жатканын көргөндөр анын ыктыярына көнгөнгө аргасыз бо­луш­кан.

1917-жылы кар бир жааган кеч күздө Сатыбеков Өмүрбек деген адам 200дөй адамды уюштуруп, жалаң орустар, украиндер жаша­ган Успеновка айылын чаап, көп адамдарды өлтүрүп, курал-жа­рак­тарын тартып алып, колго илингендердин баарын талап кети­шет. Келе жатып Авлетим, Кара-Жыгач, Кожо-Ата, Кара-Суу айыл­дарындагылардын эгиндерин тартып алышат. Аны уккан Али­шер Успеновканы көздөй чабат. Ал Андрей Власовдун отряды, өзү курагандар менен Сатыбеков Өмүрбектин басмачыларын Жүзүмжандын сайынан чыга бергенде курчоого алышып, басма­чылар элчиге жиберилген жоокерди атып салышкандан кийин согуш башталып, 50дөн ашык адам өлөт. Андан аман калган басмачылар Сыны­га мурда жетип Алишердин үй-жайын, короо-сарайларын өрт­төп, тууганы Атамырзаны өлтүрүп кетишет. Кызыл аскерлер бас­ма­чылардын калгандарын ар жерден колго түшүрүп, Успеновкага алып барып элдин алдына тизип атып салышат. Же А. Молдокеев басма­чыларга каршы күрөштү 1917-жылы декабрда баштаган.

А. Молдокеев 1918-жылы март айында айылында совет бийлигин колдогон топту түзөт. Ал убактагы окуяларга түздөн түз күбө болгондордун 1962-жылы жазып калтыргандарына ылайык (Карашакы Жайчиев, Алыбай Мураталиев, Кыдык Нуркеев ж. б.) Мал­галды, Ак-Суу, Тегене айылдарынан басмачылар чыгып, алар совет бийлигин ачык колдогон Алишер Молдокеевдин айылын чапканы келишет. Бирок, Андрей Власов жетектеген аскерлер, Мол­докеевдин тобундагылар аларды Кара-Жыгачтын тумшугунун жанынан тосушуп, көбүн өлтүрүшүп, колго түшүрүп, калганын Мал­калдыга чейин кууп барышат. Ошондо качып кутулгандардын арасында Жуманалы болуш, Алибек болуштун балдары Субан, Мырзабек, Чолпонкул дегендер болушкан. Ал убакта А. Осмонбеков Белоруссиядагы ооруктук иштерде жүргөн.

1919-жылы жазында алар дагы А. Молдокеевдин тобун жок кылганы чыгышат. Аны Калманбетов Бийназар алдын ала билдирип койгондуктан Топонун көпүрөсү, Көк-Кыя деген жерден курчап, курал­дарын тартып алып, өздөрүн жөө кое беришет.

Ал Арстанаалы Осмонбеков менен бажа катары мурдатан эле тааныш болгон. Экөөсү басмачыларга каршы күрөшүү боюнча ал­гач жолугушканда «сен көптү көрдүң, орусча да жакшы билесиң, жолуң улук, отряддын тышкы иштерин сен алгын, ички иштерине мен жооп берейин» деп макулдашат. Ошентип А. Осмонбеков бирикменин командири (ага бир нече отряд кирген, Аксы, Ала-Бука, Кетмен-Төбө, Таш-Көмүр, Чартак, Жаңы -Коргон, Чаткал аймактарындагы милициянын бөлүмдөрү да баш ийген), өзү азыр­кыча айтканда интенданттык кызматынын жетекчиси болуп калат.

1920-жылдын башталышында анын отряды Майлы-Сай, Дейрес, Кызыл-Жар, Иринжит, Бышкараң тараптардагы басма­чы­ларга каршы согушка каты­шып, анда иниси Көкчө оор жарадар болот. Андагы басмачылар талкаланат.

1921-1922-жылдары Чаткал, Айгыр-Жал, Чапчыма, Ыдырыс Мазар, Жаңы-Базар, Кербен, Мамай, Нанай ж. б. тараптарды басмачылардан таза­лоого активдүү катышат. Ошо согуштарда кийин Күжүрмөн Кызыл Туу менен сыйланган үкөсү бир бутунан ажырап, өмүр бою майып болуп калат.

1918-1923-жылдарда А. Молдокеевдин айылы кыргыз кызыл атчандар дивизионунун гарнизону, интенданттык борбору болгон. Ошол убакта жашагандардын жазып калтыргандарына караганда, дивизиондун отряддары Сыныга тынбай келип, кем-карчтарын толуктап, кайра кетип турушкан. Анын үйү штабга айлан­ды­рылган. Кээде отряддардын баары чогулганда айылга аскерлер батпай кетчү экен.

1920-жылы Алишер Молдокеев казы болуп шайланат. Ошол убакта советтик сот менен биргеликте шарияттык сот да иштеген. Аны эл тарабынан шайланган же дайындалган казы жүргүзгөн. Анын өлүм жазасын чыгарганга да укугу болгон. Эл оозунда айтыл­гандарга караганда, ал бай-кедейине карабай, дайыма калыс чечим чыгарган. Ал казы болуп турган 9 жылдын ичинде бир да адамга өлүм жазасын чыгарган эмес. Ал ошол жылдары Намангандан Абды­жапар деген өзбек молдону усталары менен ээрчитип келип, Ак-Сай деген жерден жүздөгөн карагайларды өгүздөргө сүйрөт­түрүп ташыттырып, Сыныга 500 адам бата турган чоң мечит сал­дырып, балдарды окуттурат. Совет мезгилинде Аксы аймагында ан­дан чоң мечит болбогон. Алишер Намангандан үй-бүлөсү менен көчүрүп келген Абдыжапар деген молдо ошерде имам, анан элге эмчи-домчу, дуба салгыч, табып болуп жүрүп, 1975-жылы 90дон ашканда жарыкчылыктан өткөн. Мечитти 1941-жылы айылдык кеңештин кеңсесине, кийин китепканага айландырышып, каралбай тозуп кеткендиктен атеисттер 1968-жылы аны буз­дуруп, дубал­да­рын талкалап, жыгачтарын отунга таркатып жибе­ришкен. Андан бе­ри жүз жылдан ашык убакыт өтүп, эли эселеп көбөйсө да Сыныга андай чоң мечит салына элек.

Анын отряды 1920-жылы Намангандагы аскердик парадга катышып, М. В. Фрунзенин колунан өз аты чегилген маузер жана кылыч алган. Атактуу коммунист жана аскербашы Э. Ф. Кужелого да ошерде жолугуп, бирге сүрөткө түшкөн.

1919-жылы июлда ал Намангандан гимназияны бүткөн, түбү Кочкордук Сармат Качикеев деген окумалды таап барып, Ачык-Ал­ма, Төр, Кумбел жайлоолорундагы балдарды чогултуп, боз үйлөр­дө, чатырларда балдарды окутканга киришет. Кыштоого түшкөндө ага Ормон дегендин кызын алып берип, үйүнүн бир бөлмөсүн мек­тепке берет. Анан агасы Алымкулдун Ак-Коргон деген жердеги басма­чылар өрттөп кеткен үйүн оңдотуп, мектепке айландырат. С. Ка­чикеевди ага аны менен Казанда бирге окуган Садыков Мыркыяс деген адам тааныштырган. Алар Мыркыястын Ташкенттик тагасы Ашымжан дегендин каты менен Уфадагы Галия деген жаңы ачылган окуу жайга киришип, бош убактарында курулушта иштеп жүрүшөт. Сарматтын колу сулуу болгондуктан ал курулуш мекемесинде көчүрмөчүлүк милдетти да аткарат. Бирок, биринчи дүйнөлүк баш­тал­ганда Наманганга келишет.

Алгачкы жылдарда С. Качикеев анын үйүндө жашайт. Ыгы кел­генде айтсак, С. Качикеев кийин Ленин ордени баштаган бир не­че ордендер, медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССР Жогорку Со­ветине депутаттыкка да шайланган республикадагы атактуу педагогдордун бири болгон. Анын ысмы Аксы районунун борбо­рундагы мурда өзү көп жыл директор болуп иштеген орто мектепке коюлган.

А. Молдокеев айылына шаарлардан көрүп жүргөндөй, Аксы чөлкөмүндө жок чоң мектеп салдырууну максат кылат.

Мектеп совет бийлигинин урматына «С» порумунда болушу керек деген сунуш киргизет ал. Эркиндиктин урматына «Э» пору­мунда болсо жакшы болот эле деп С. Качикеев өз сунушун айтат. Бирок, «Сга» да, «Эге» да окшоштура алышпай, «П» формасына токтолушат. Ошондо айылдагы күнөстүү дөңдөн мектепке жай тан­дап, сайдан узундугу 1, 5 метрдей ташты өңөрүп келип, мектептин пайдубалын биринчи өзү түптөйт. Элден теректерди кырктырып чо­гултуп, Кожо-Атанын ыстарчыны Мамаевге 200 карагай, Кара-Суунун ыстарчыны Эсекеев Күчүкбайга мектептин полу үчүн 100 арча кыйдыртып, өзү Намангандан өзбек-орусу аралаш отузга жакын уста таап барып, алардын жата турган жерлерин, тамак-аш­та­рын да уюштурат. Алгач мектептин жогорку бөлүгү бүтөт, кийинки жылы ар бирине отуздан кем эмес бала баткыдай 20дан ашык окуу бөлмөсү, административдик жана кошумча жайлары менен бийиктиги эки кабаттай заңкайган имарат бүткөрүлөт. Аны курганга А. Молдокеев мамлекеттен бир тыйын жардам алган эмес, баардыгын элдин эсебинен, өзүнүн жыйнагандары менен бүтөрткөн.

1980-жылдарда ал жердеги чогулуштарга барып, катышып тур­чу­буз. Анын курулгандыгына жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да кеңдиги, класстарынын жарыктыгы жагынан жаңы мектеп­терден калышпай турган. Гарнизонго араба жүргүдөй жол, Капчы­гайдын оозуна, Кара-Жыгачтын оозуна көпүрө да салдырып, Сыныга канал каздырып, жээктерине бак-дарактарды отургузат. Ага чейин айылдагылар жүгөрү менен таруу өстүргөндөн башкасын билишпесе, жаңы жерлерди өздөштүрүп, буудай септирет. Ошон­до аймактагылардын көбү буудай нанды биринчи көрүшөт.

Пас тараптан Абдылдажан Балтабаев деген өзбекти таап ба­рып, элге пакса уруп, сынч согуп там салганды, картошка, шал­гам, сейдене, коон-дарбыз сыяктуу ж. б. бакча-жашылчаларды эк­ке­нди үйрөттүрөт. Адегенде айылдагы кемпир-чалдар аларды «бул доңуздун оокаты» деп жешкен эмес.

А. Молдокеев салдырган мектеп 1950-жылдардын аягына чейин райондогу эң чоң жай катары эсептелип, жыйындар, чогу­луштар, мугалим­дердин кеңешмелери ошерде өткөрүлүп турган. Же А. Молдокеев алакандай айылын райондун маданий борборуна айландырган. Кийинчерээк анда жатак мектеп да ачылып, Эл жазуучусу Т. Касымбеков, партиялык ишмер М. Сыдыков сыяктуу бир катар белгилүү инсандар ошерде орто билимге ээ болушкан.

Ал көзөмөлдөгөн айыл-кыштактардан бир да басмачы чыккан эмес. Анын отрядынын өзөгүн Молдокеев Аалы, Нуркеев Кыдык, Жанузаков Көкчө, Мүзүров Садык, Чомошев Чонду сыяктуу жакын туугандары, тааныштары түзгөн. К. Нуркеев, К. Жанузаков, С. Мү­зү­ров басма­чыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиктери үчүн ошол убактагы Союздагы эң жогорку сыйлык- Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланышкан.

Деникинге, Бухара хандыгына каршы согуштарга катышып, кийин НКВДынын жергиликтүү маанидеги органдарын жетектеген Таластын Ленин-Жолу районунун Баркы-Арык айылында жашаган Турсалы Садырбаев 1960-жылдын 8-январындагы кол жазмасында Алишер Молдокеевдин басмачыларга каршы согуштагы орду жана ролу жөнүндө төмөндөгүлөрдү айткан. Анын кол жазмасы өтө эле узун болгондуктан сөзмө сөз эмес, кыскача мазмунун гана келти­ребиз: «1919-жылы 16-декабрда Маргаланда Калкожо, Раманкул, Атагозу, Эргеш, Мойдун жетектеген басмачыларга каршы согуш­тук. Ал согушка жүз жигити менен Алишер да катышты. 1920-жылы (?) жайында Аман палбанды кармап, төрт күн элди кыдыр­тып, анан ташбараңга алдыртып өлтүрткөндө Алишер да кошо жүр­дү. Арстанаалы Осмонбеков ал жерде болгон эмес. 1921-жылы мага жүз огу менен мылтык, кылыч берип аскерден бошотушканда айы­лыма келип, Талас боюнча УРОнун начальниги болуп иштедим. Ошол жылы болуштукка шайланганы жаткан коммунист Мадини Баяс, Султандын Төрөбек, Абылкасым жетектеген басмачылары өлтүрүп кетишти. Биз алардын артынан кууп жетпей калдык. Чим­кенттен Павел Николаевич деген комиссар 200 солдаты менен келгенде 36 милиционер аларга кошулуп Чаткалга аштык. Ал жерде жүргөн Арстанаалы Осмонбеков ар шылтоолорду айтып, чабуулду 20 күнгө кечиктирди. Өзү бизге кошулбай койду. Негедир Баяс, Сул­тандарды аягандай болду. Ошондон пайдаланып Баяс, Султан, Курман баштагандар качып кетишти. Алишер Молдокеев 180 жоокери менен келди эле, Павел Николевич ага Баясты кармап ке­лүү­нү тапшырды. Асанбек Кабаев анын орун басары экен. Биз алар­га кошулуп Чаткалда төрт жагынан курчоого алып, бир нече күндүк согушта 350дон ашык басмачыны өлтүрүп, Султанды 21 жи­гити менен туткундап Чаткалдан алып түшкөнүбүздө Алишер 58 жоокерин алып калып, калганын үйлөрүнө жөнөттү. Баясты Кокон­до кармаганыбыздан кийин Асанбек Кабаевди баш кылып калган жоокерлерин да кетирип, өзү 12 адамы менен Баяс, Төрөбек, Абыл­касым деген корбашыларды Ташкентке жеткирип келди. Ал Наман­ганда калды, мен Таласка кеттим».

1920-жылы Кызыл-Жар тараптан чыккан Назаралы деген корбашы А. Молдокеевге «жарашалы, элчи жибер» деп кабар айт­тырат. А. Молдокеев аны менен сүйлөшүүгө бир тууган үкөсү Аалыны жиберет. Аалы сүйлөшүп бүтүп, кайра жөнөгөндө Наза­ралы аны аттырып таштайт. Аны уккан Алишер Назаралынын басмачыларын артынан сая түшө кубалап, баарын жок кылат. Аалыны аткан Мүзүралиев Асылбек дегенди өз колу менен мууздайт. «Элдешели, сүйлөшөлү» деп чакырып, жок кылуу басма­чылардын сүйгөн ыкмаларынан болгон. Бир убакта А. Молдокеевге чоң жардам көрсөтүп, уезддик бийликтен ыктыярдуу отряд түзүүгө уруксат алып берип, курал-жарактардан да жардам көрсөткөн Ан­дрей Власов да Аман палбанга ошентип алданып өлгөн.

1922-жылы күздө А. Молдокеевге Рахманкул корбашы 2 миң­дей басмачысы менен айыл-кыштактарды талап-тоноп, партиялык, советтик активдерди өлтүрүп, Коконго келатат, тез барып, шаар­дын түштүк жагын коргогула деген буйрук келет. Ал саруу эскадрону деп аталган өз отряды менен Рахманкулдун басма­чыларын талкалоого, аны колго түшүрүүгө катышат. Ошол жыл­дын аягына чейин отряды менен Карабай, Акмат, Акматбек, Жар­мат, Эшмат бай, 1923-жылы Чуст, Ала-Бука, Чаткал тараптардан чыккан Байтуман, Курманалы, Шааботоев Султан Нойон, Стан­бек, Жоробек деген корбашылардын басмачыларын талкалап жок кылууга чоң салым кошот. Басмачылардын арасында өзбек менен кыргыздардан сырткары түркмөн, ооган, перс улутундагылар, евро­падан келгендер да болгон. Алардын өлүктөрүнүн арасынан кээде жүздөрү ак, чачтары сарылары да табылчу экен.

Дагы Турсалы Садырбаевдин кол жазмасына кайрылсак, ал өз баянын минтип жыйынтыктаган:

«1930-жылы мартта Кадырбай, Сүйөркул, Эркинбек, Чотон корбашылар баштагандар Таластын түрмөсүндө жаткандарды бошо­туп, Кантондун аткаруу комитетинин төрагасы Чыналиев Муса­бекти, профкомунун төрагасы Наматбеков Канатты, партиянын кант­комунун бөлүм башчысы Федоровду өлтүрүп Аксыга качып кетишти. Ал басмачыларды Алишер Молдокеев, Кабаев Асанбек жетектегендер кармап, бизге алып келишкенде чоң той өткөрдүк.

Кийин А. Осмонбеков Абдылмечит, Чолпонкул, Мырзабек, Абдрахман калпа дегендерди уюштуруп, Кызыл-Жар районунун прокурору Жоошбай Алдосовду, райаткаруу комитетинин төрагасы Маат Базаралиевди, райкомсомол комитетинин 1-катчысы Арзыбек Абдыкалыковду өлтүртүп, анан Алишерди байлаттырып Түрдүктөгү токой­лорду аралатып алып кетип, «Алишер басмачыларга кошулуп кетти» деп жарыялатыптыр, ал тууралуу баракчалар Кокондун көчөлөрүнө чейин илиниптир деп уктум. Чындыгында Алишер басмачыларга кошулган эмес, аны ошентип жаманатты кылышты, ал окуяларды жакшы билген Коңколой деген адам чындыкты бийликтегилерге, элге жеткиргенге аракет кылды эле, аны Аркытта аттырып салыш­ты.

Мен Жүзүмжанда көп жашадым, аялым ошерлик. Ошондуктан ал жакта болуп жаткандарды жакшы билем.

Асанбек Кабаев Арстанаалы Осмонбековдун бир тууган жээни болчу. Арстанаалы тымызындан басмачыларга жардам бергенин билип калып, аны бирөөлөргө айтканы үчүн эки ирет анын кура­лын алдыртып жазалаптыр деп уккам».

Алишер Молдокеев 1919-жылы ЧКнын тергөөчүсү болуп иштеген Иманалы Айдарбеков менен таанышып, бир нече күн бирге жүрүп, ымалалары ысык болуп калат. Эскерүүлөрдө, А. Молдо­кеев түздөн-түз И. Айдарбековдун жолдомосу менен казы болгону айтылат. Ал 1924-жылы Ревкомдун төрагасы болгондо аны Кетмен-Төбөгө да казы кылып дайындатат. Ал эми 1925-жылы ал Ташкент­ке ККАОнын өкүлү болуп кеткенде А. Молдокеев ага барып жолугушуп, айрым маселелерин чечтирип турат. Кийин Жогорку Соттун төрагасы болуп турган Иманалы Айдарбеков Алишер басмачы болуп кетиптир дегенди угуп, ага ишенбей, кайдан бол­босун таап, бул жерге алып келгиле, өзүбүз териштиребиз деп тапшырма берет. Алишердин өлгөнүн уккандан кийин ГПУнун баш­чысы А. Жумабаевди каматып, райондун жетекчилерин иштен алдыр­тат.

Алишердин басмачыларга кошулуп совет бийлигине каршы согушканы жөнүндө бир да факты жок. Ал убакта жаман ойлуулар атаандаштарын «басмачылардын тыңчысы, агенти» деген жалаалар менен жок кылып турушканы чындык.

Мезгил өткөн сайын саясий, идеологиялык императивдер, стеоротиптер алмашат, көз караштар өзгөрөт, жаңы документтер табылат дегендей, тарыхый окуяларга карата мамилелер өзгөрүп турат. Азыркы саясий өңүттөн алганда, А. Молдокеевдин басмачы­ларга кошулганы же кошулбаганы эч кандай роль деле ойнобойт. Биринчиден, басмачылык кыймылга карата да мамиле өзгөрүүдө, айрымдар аны көз карандысыздык үчүн күрөштүн бир кыймылы ка­тары карашууда, анда да аздыр-көптүр чындыктын үлүшү бар. Экинчиден, ал басмачылык кыймылга өз ыктыяры менен кошулган күндө деле анын аймакта совет бийлигин орнотууга, маданий агартуучулук иштерине кошкон салымын жокко чыгара албайт. Ал адашкан фигура болгон күндө деле мезгилинде эл үчүн көп иштерди жасаган адам бойдон тарыхта калат.

Жамаатташтырууну, оокаттууларды кулакка тартууну жан дүй­нөсү менен кабыл алгысы келбей, совет бийлигинин көп иштери жакпай бараткан А. Молдокеев кутумдуктун курмандыгы болгонбу же чындап эле ичинен басмачыларга жан тарта баштаганбы, аны азыр так айтуу кыйын. Бирок, андагы окуяларга аралашып жүргөн­дөрдүн 1960-жылдардын башталышында берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, ал басмачыларга өз ыктыяры менен кошулган эмес, аны зордоп байлап кетип, жаманатты кылып, элден чыгарып, совет бий­лигине жаман көрсөтүшкөн.

1960-жылдардын башталышында А. Молдокеевди реаби­литациялоо аракети болгон, ал үчүн кызы Мария, тууганы Айт­мырза Чотонов, А. Шабданов баштагандар көп документтерди чо­гултуп, көп аракеттерди жасашкан менен ал ишке ашпаган. А. Осмонбековдун ысмы тарыхта алгачкы кызыл атчандар диви­зионунун командири деген ореолдо түбөлүккө калса, Алишер Молдо­кеев алгач кызыл командир болсо, кийин басмачыларга ко­шу­луп кеткен делинип жаманатты болуп кала берген. Кыргыз кызыл атчандар диви­зионунун иштери жөнүндө айтылганда, жазылганда андагы экинчи адам болгон Алишер Молдокеев таптакыр айтылбай келген. Жарым кылымга жакын аны унутуп, би­ро­толо тарыхтан өчүрүү аракеттери болду, бирок кагаздардан өчүрткөн менен элдин эстутумунда, аң сезиминде эмгеги, инсан­дык жакшы сапаттары менен калгандарды өчүрүүгө мүмкүн эмес экен, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында эле өзү кур­дурган мектепке ысмы берилип, музейи да уюштурулду. Мында ага аракет кылгандардын бири Айтмырза Чотонов убагында 1916-жыл­дагы кыргынга күбө болгондордон маалыматтарды чогултууда да көп иштерди жасаганын кошумчалай кетүү зарыл.

Алишер өлгөндөн кийин жарым түндө анын үйүнөн жарык чыгып жатканын көрүп Чүкөтаев Ташбай деген деген адам аңдып барып, Арстаналы Осмонбеков төрдө отуруп алып, таңгакталган ка­газ­дарды бирден карап, бирин бөлүп жанына койсо, экинчилерин отко ыргытып жатканын көрөт. Жанында Мырзабек болуш, Чолпонкул, Амантай деген адамдар болот. Кемегедеги казанда бир нерсе кайнап, Алишердин аялы бурчта ыйлап отурат. Аны эки аял соорото албай жатышат. Чүкөтаев Ташбай деген адам, көңүлүнө: «Алишерди атайылап өлтүртүп, эми изин биротоло тазалагысы келип жатса керек» деген ой келгенин жазган. Арстанаалы бир нерсе айтып, колун жаңсаганда, Амантай сыртка козголот. Т. Чүкөтаев алыс­тап качканга шашат.

Андан кийин Байысканды бир нече адамга кошуп Сарай деген жерге ээрчитип барышып, мына сенин эриң деп бир адамдын кылыч­танып, таанылгыс болгон өлүгүн көрсөтүшөт. «Бул Алишер эмес» деп бир адам айтса, аны ГПУнун чоңу Жумабаев кылычтын сырты менен тартып жибергенде ал “ ооба, Алишердин өлүгү экен» де­генге аргасыз болот. Байыскан «бул сарт экен, менин эрим эмес» десе Жумабаев нагандын арты менен ээсин оодара коет. Ошондо Арстаналы Осмонбеков Байысканга «менин эрим деп кутулбасаң, сени да бала-чакаң менен жок кылышат» деп шыбыраганда, ал “ ооба, менин эрим”деп кутулат. Ошентип, Жумабаев бир нече күн мурда атып, кылычтап салган каракчы өзбектин денеси «Али­шер­дин сөөгү» делинип Өзбекстандын Сарай кыштагына коюлат. Анын өзүнүн денеси кайда калган? Неге анын өлүгүн жашырышкан? Байызбек аксакалдын айтканына ылайык, А. Молдокеев Чымчык- Жарда өлтүрүлсө, ал кайдан Сарайга алынып барылат?

Т. Чүкөтаевдин эскерүүсүнө ылайык, басмачылык кыймыл­дын экинчи толкуну менен А. Молдокеевдин көзүн тазалоо аракет­тери күчөйт.1926-жылы түндө аны Кабактын-Дөңүндө кармап алышып, колу бутун байлап жатканда Чомошов Чонду баштаган аскерлер жете келип куткарып калышат. Аны уюштургандар түн жа­мы­на качып, андан ары Өзбекстанга кирип кети­шет. 1928-жылы Мадияр баштагандар анын колу-бутун таңып, Мырзабек болуштун мечитине апарып, эки колун кере байлап ташташканда сынылыктар түп көтөрүлө барышат. Ошондо Мадияр үкөсүнө; «муну бул жерде өлтүрсөңөр, менин күлүмдү асманга сапырышат» деп бошоттуруп жи­берет.

А. Молдокеевдин ысмы кызыл командир, алгачкы агартуучу ка­тары гана эмес, дубанды жарган улакчы, адамдар арасында сей­рек жаралган балбан катары да даңаза болуп айтылып келет. Аны заман­даштары атактуу улакчы, балбан катары да жакшы билиш­кен.1925-жылы июнда Тоскоол ата (азыркы Сары-Челек) жай­лоосунда Рапкан деген адам баласына той берип, Аксы, Талас, Чат­-кал, Ала-Бука аймагындагы улакчылардын баарын чакырат. Улак азыр­кы Кыла көлүнүн жээгинде болот. Найман болуштугунун мурдатан анын сырын билгендери улакчан келаткан Алишердин алдын көлдүн жээгинде тороп, өткөрбөй коюшканда ал Тайкүрөң атын көлгө салып жиберет. Ал аты менен Кылага кирип кеткенде эл ызы-чуу түшүп калат. Бирок, аты менен көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, улагын Сары-Камыштын башындагы маарага алып барып таш­тайт. Ошондо Тайкүрөңдүн көлдөн башы гана көрүнсө, Алишер бели­не чейин сууга батып баратканы эсимде, деп жазган кийин Ша­ды­кан деген адам.

Ал жактырбагандарынын колун катуу кысканда манжа­ларынан кан сызылып кетчү экен. Азыр Кабактын-Дөңү деген жер­де бийиктиги адамдын көкүрөгүнөн келген «Алишердин ташы» деген чулу таш бар. Көргөндөр жазып калтыргандарга ылайык, 1927-жылы Султанбек деген уулдуу болгондо ал Намангандан керней-сурнайчыларды, маскарапоздорду чакыртып, чоң той берип, анан Кабактын-Дөңүнүн жайыгындагы чоң чулу ташты кыл чылбырларга таңдырып, «ким ушуну ээринин кашына чейин көтөрсө, тигил кара кашка кунанды байгесине алат» деп жарыялайт. Башкалар түгүл элге атагы чыккан Жедигер, Кайып деген балбандар да аны көтөрө ал­бай коюшкандан кийин Алишер өзү ал ташты эңип алып, өңөрө бир айланып келип, кайра ордуна коет. Ал таш азыр да бар, Кожом­кулдун ташына жетпеген менен 250—300 кило чыгат болушу керек. Ошондо тойго катышкан Алымкул ырчы:

Топтой кылып өңөрдүң,

Балбандар козгой албаган чоң ташты.

Тоюңа келген Таластык

Туугандарың кубандык.

Аксынын даңкын чыгарган

Кара кылды как жарган

Адамдан артык жаралган

Бар болгун, баатыр Алишер! -деп дагы башка көп ырдаганы алиге чейин айтылып келет. Анын калыстыгы, балбандыгы, чечен­диги, чукугандай сөз тапкычтыгы жөнүндө эл оозунда айтыл­ган­дар, жазылгандар абдан көп, бирок трагедиялуу инсандын бейнеси жөнүндө түшүнүк алганга ушул жагы деле жетишет деп ойлойбуз.

Биздин бул китепке эки кызыл командир жөнүндө баянды киргизгенибиздин себеби, ар кандай ири өңкөрүш-төңкөрүштөрдөй эле, Улуу Октябрь революциясы, андан кийинки окуялар элибизге прогрессивдүү жакшы нерселерди алып келген менен көптөгөн чыгаан мекендештерибиз үчүн трагедия болгондугун да эстерине салгыбыз келди.

Эки командирдин трагедиясы эмнеде?

Советтик саясий, идеологиялык трафереттерге ылайык, бир адам баатыр, коммунисттик идеологияга берилген деп табылса, анын кемчиликтерин, инсандык айрым терс сапаттарын, адамдык кулк-­мүнөздөрүн, ал эми клишелик терс каарманга айлангандардын эл, мамлекет үчүн жасаган пайдалуу иштерин, адамдык жакшы сапаттарын айтканга, жазганга уруксат берилчү эмес. Идеоло­гиялык догма боюнча, алар бир түстө же ак, же кара түрүндө гана көрсөтүлүшү керек эле. Алсак, 1917-жылдын октябрындагы Смоль­ныйды штурмалагандарды В. Ленин эмес, Л. Троцкий жетек­тегенин, анда штурмга катышкандардан бир деле адам өлбөгөнүн, же боль­шевиктер жерде тоголонуп жаткан бийликти эңип алышканын Союз таркагандан кийин билдик. Орус тарыхнаамасында тарыхый инсандардын иштерин, адамдык сапаттарын ар жагынан ачып берүү мурдатан салт болгон менен советтик мезгилде аларды тар чөйрөдөгү адистерден башкалар билген эмес. Алсак, Россиянын Петр-1, Екатерина-2, Иван Грозный сыяктуу даңазалуу тарыхый ин­сан­дарынын мүнөздөрүн, кылык-жоруктарын, жүрүм-турумдарын ж. б. реалдуу ачып берген В. О. Ключевскийдин эмгектери түгүл, ага салыштырганда фактыларды констатациялоосу менен айры­маланган Н. Карамзиндин эмгеги деле совет мезгилинде кайра басылган эмес. Биздин тарыхнаамабыз да советтик мезгилдин инер­циясы, ал мезгилге мүнөздүү стереотиптер менен келе жатат. Ма­се­лен, А. Сыдыковдун, Ж. Абдрахмановдун, Э. Арабаевдин иштеринде кемчиликтер, а түгүл кээде деструктивдүү көрүнүштөр (Ж. Абдрахманов баштагандардын Уюштуруу Курултайына бойкот жасаганы) да, ал эми Р. Худайкуловдун Д. Бабахановдун иште­ри­нин пози­тивдүү (Р. Худайкуловдун ККАОнун советтеринин Уюштуруу Курултайын аягына чыгарууну колдогону) жактары да болгон. Алар айрым эмгектерде кыйыр түрдө маалымдалган менен ачык айтылып, талдана элек.

Жогоруда айтылгандай, Аксы аймагында басмачылык кый­мыл 1917-жылдын акырында Арстаналы Осмонбековдун бир тууган­дарынын, жакын­дарынын демилгеси менен башталып, алар бирин­чи кезекте совет бийлигин ачык колдоп чыккан Алишер Молдо­кеевди жок кылууга багыт­талган. Бир нече жолу салгылашып, алар­да кызыл аскерлердин колдоосу менен А. Молдокеев жеңген.

Арстанаалы Осмонбеков 1918-жылы Белоруссиядан келген­ден кийин туугандарынын баарынын эки кончторун бир буттарына тыгып, кызыл аскерлердин катарына айдап киргизген менен ошон­дон калган кара так, тымызын ич келишпестик, жылдан жылга күчөп гана отурган. Ал биздин улуттук мента­литетке сиңип калган нерсе. Жакындарына ыдык көрсөт­көндөр менен жарашышы мүмкүн, бирок аны биротоло эч ким кечирбейт, унутпайт.

Арстанаалы Осмонбеков менен Алишер Молдокеев бир максатты-совет бийлигин орнотуп, бекемдөөнү гана көздөшкөн, ан­дан өмүрлөрүн да аяган эмес, бирок ыкмалары, айрым конкреттүү корбашыларга, басмачыларга карата мамилелери ар кандай болгон. Анткени, аймактагы бийлерди, болуштарды, байларды, молдо­лорду, байларды аталарынан тартып өздөрү да жакшы билишкен, кө­бү менен катташып, айрымдарынын балдары менен курдаш бо­луп, аш тойлордо бирге көңүл ачып жүрүшкөн. Чиеленишкен та­мыр-сөөктүк жактарын айтпай эле коёлу. Турсалы Садырбаевдин (чыныгы аты Турсуналы, документине орустар Турсалы деп жазып коюшкан) Чаткалда Арстанаалы Осмонбеков басмачыларга чабуул­ду кечиктирип туруп алды дегенин ушуну менен түшүндүрсө болот. Ал Баяс менен Султан башта­гандарды мурдатан билсе, алар адам катары жакшы пикир жаратса, албетте, анын алардын атылып же чабылып өлгөнүн көргүсү келбесе керек. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Наманган аймактарынан чыккан корбашылардын көпчүлүгүнүн ата бабалары, туугандары Осмонбек болушка, Молдоке бийге, Сулай­манкул болушка да тааныш болушкан. Эски тааныштарын аяп, сүйлөшсөк, ыктыярлары менен багынышса, жандары аман калса де­гендир. Ошол окуяларга аралашып жүргөндөрдүн айрымдарынын А. Осмонбеков кээде айрым корбашыларды тымызын эскертип, курал-жарактардан да кайрылышып турган дегендери да жөн жерден чыкпагандыр. Жазылгандарга, айтылгандарга караганда, андай дилем­мага келгенде Арстанаалы Осмонбеков өтө этияттыкта аяр мамиле жасап, айрымдарын адам катары аяп да турса, ага салыш­тырганда Алишер көп учурда балбандык мүнөзү менен алды артын карабагандыгы менен айрымалангандай. Ошондон улам сыртта­гылардан гана эмес, жакын туугандарынын арасынан да наара­зы­ларды көбөйтүп алгандай байкалат. Ал командирликтен түшүп, казы­лыктан да кетип, үйүндө М. Фрунзе берген жалгыз маузери менен отуруп калганда аталаш туугандары Мамыт, Тойтук деген­дер, убагында Айтмырза Чотонов жазгандай, «колуңдан келип тур­ган­да, бизди карабадың эле, эми көрөр күнүң ушу экен го» деп жөн жерден табалашпаса керек. Аны байлап кеткендердин башында жүр­гөн Абдымечиттин ага биротоло кастарын тигип калгандыгынын себеби, бир убакта ал анын тууганынын аялын бир жигитине алып берип койгон дешет. Кыргызда мындай нерседен чыккан ыза, кек сая­сий, идеологиялык мотивдерден да күчтүү болору талашсыз. Троян согушу деле бир аялды талаш­кандан келип чыккан. Алишер өл­гөндө Абдымечит анын аялын өзү алганга да аракет кылган, бирок ага А. Осмонбеков жол бербеген дешет. Мына ушундай, дагы башка көркөм чыгармада гана ийине жеткириле тургандай чечиле турган моралдык, психологиялык чиеленишкен нерселер эки кызыл командирдин ортосундагы тымызын араздашып, тирешүүлөрдү кур­чутуп отуруп, жогоруда айтылгандардай чекке жеткиргенин баамдоого болот.

Ал мезгилде атактуу улакчы, палбан, чечен, элге сөзү өтүмдүүлүгү, уюштуруучулугу, а түгүл теги жагынан Алишер Мол­до­кеев­дин бедел-аброю А. Осмонбековдукунан кыйла жогору болгон. Адегенде эки дос, эки бажа кызыл отряддарды түзүп, басма­чыларга күрөшүү жагынан жарышышат, бул жагынан Алишер А. Осмонбековдон калышпайт, мечит, Ак-Суудагыдан бир канча эсе чоң мектеп курдуруп, элге жаңы нерселерди киргизүү жагынан андан өтүп кетет. Окуяларды дыкат салыштырсаңыз, экөөсү Али­шер таап келген Сармат Качикеевди да талашкандай таасир калтырат. Ал 1919-1924-жылдары А. Молдокеевде мугалим болсо, 1924-1926-жылдары Ак-Сууда А. Осмонбековдун карамагында мугалим болуп, 1926-1927-жылдары кайра А. Молдокеевге келип, 1927-1930-жылдарда Ак-Суудагы жатак мектепте директор болуп иштеген. Эки айылдын ортосу жакын эмес, атчанга бир күнчөлүк жол. Мындан эки кызыл командирдин С. Качикеевди өзүнө биро­толо тартып алганга аракет кылышканы көрүнүп турат. Ал эми С. Ка­чи­кеев өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон. 1911-жылы Токмоктогу татар мектебин аяктап, андан кийин 1914-жылга чейин Уфадагы лайыктык мугалимдер институтунда окуган.1917-1918-жыл­дарда Ташкенттеги муга­лимдердин курсун бүтүргөн. А. Молдо­кеевдин башына кара булут айлана баштаганда Ала-Букага кетип бир нече жыл жүрүп келген. Кара-Жыгач мектеби жети жылдыкка айландырылганда ага директор болгон. А. Молдокеев жаманатты бо­луп өлтүрүлгөндөн кийин кайра Ак-Суудагы мектепке барган.

А. Молдокеев 1920-1929-жылдары казылык милдетти да аткарган, И. Айдарбековдун буйругу менен бир нече жыл Кетмен- Төбөдө да казы болгон. А. Молдокеев ага бир жагынан гана атаан­даша алган эмес, ал А. Осмонбековдой орусча сүйлөп жаза албаган, саясый коньюнктуралык нерселерди жеткиликтүү баамдап, түшүнө албаган. Орусча документтердин баардыгын А. Осмонбеков өзү толтурган. Ошондон улам анын аты Кыргызстанга гана эмес, Орто Азияга кеңири таркап, М. В. Фрунзенин мактоосуна чейин арзыса, Алишер Молдокеевдин ысмы аймактан чыкпай кала берген. Бил­гендер экөөсүнүн мамилеси 1923-жылы августта Кыргыз кызыл атчандар дивизионунун А. Осмонбеков баш болгон 11 жоокери басмачыларды талкалоодогу эрдиктери үчүн Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланышса, ага ал кошулбай калгандан кийин биро­толо бузулган дешет. Албетте, кимдерди орден менен сыйлоо жө­нүн­дө сунушту А. Осмонбеков өзү даярдаган. Кийинки жылы А. Молдокеевдин жигиттеринен курал-жарактарды жыйнатып, баа­рын уездге тапшыр­тышат. Аны А. Молдокеев басынтуу, кемсинтүү катары кабыл алат. Ага, жакын жигиттерине курал-жарактарын калтырып, жергиликтүү милициянын бөлүмүнүн макамын берип коюшса деле болмок. Башка жерлерде ошондой кылышкан. А. Ос­мон­­беков өмүрү өткүчө курал-жара­гынан айрылган эмес. Анан ошол убактагы саясый кутум оюндарды жакшы билгендердин бирине А. Молдокеевди кемсинтип, басынтуу менен чектелбестен «басма­чыларга ко­шулду» деп жаманатты кылып, биротоло жок кылуу жө­нүндө ой келет… Ал ой биринчи кимде жаралганы, аны кимдер уюш­турганын так айтууга мүмкүн эмес. А. Молдокеевди байлап кетиш­кен Байымбет, Кожобек, Абды­рахман калпа дегендер, эки өзбек жөн эле бирөөлөрдүн буйруктарын аткаргандар.

18+

Книга предназначена
для читателей старше 18 лет

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.